КЛИПМЕЙКЕР – КЫЗЫКТУУ КЕСИП

Учурда ар бир экинчи ырчы клип тарттыруу менен алек. Муну менен кошо клипмейкер деген кесип өтө актуалдуу. Ал гана эмес, «абдан кызыктуу» деп баса белгилешет, биз маектешкен төрт мырза.

Арсен Мендебаев:
“КЛИПТЕГИ КЫЗДЫ СҮЙҮП КАЛЫП, ҮЙЛӨНДҮМ”

Аты-жөнү – Мендебаев Арсен Аманатович
Жашы – 35те
Үй-бүлөлүк абалы – Жубайы бар
Бир клиби1000 доллардан жогору

Тарткан клиптери:
Ильяз Андаш – «Ойлорум сен»
Бекчоро – «Сагынам»
Омар – «Кош жүрөк», Нурлан Насип – «Жоопсуз сүйүү» ж.б.
Баш-аягы 40 клип тарткан

Түркияда режиссёрлук боюнча сегиз жыл билим алган Арсен менен көпчүлүк ырчылар иштешет. Ар кандай студияларда жарнамалык роликтер, клиптер кандай тартыларын өздөштүрүп, бул мырза Түркияда 15 жыл жүргөн. 2007-жылы жергебизге келип «СinemArt» деген аталыштагы студия ачып иштей баштаган. Алгачкы тартканы – Арсендин «Максатыма таянам» ырынын клиби.
– Акыркы убактарда сапатсыз клиптер көп тартылууда, буга кошуласызбы?
– Ооба. Буга ошол ырчы өзү күнөөлүү деп ойлойм. Анткени көпчүлүгү «мага тезирээк клип тартып бере калыңыз» деп шашылып келишет. Анан да актёрдук чеберчилиги жоктор мындан көп. Ошондуктан сапатсыз болуп калып жатат.
Бир жолу...
– Дайыр Исмадияров «Кара көзүм» деген ырына «мага шашылыш клип тартып бере калыңыз» деп калды. Анан бир кошуна кызды сыртынан байкап койдум эле, ошол кызды тартмакчы болдум. Экөө ролго берилип жакшы аткарып беришти. Ал кыз менин жүрөгүмө тынчтык бербей, клип тартып жүрүп махабатка кабылгам. Клип жаз айларында чыкса, биз күзүндө баш коштук.


Сүйүн Откеев:
“ӨЗҮМДҮ МЫКТЫ ДЕП БИЛЕМ”

Аты-жөнү – Откеев Сүйүн Мустапакулович
Жашы – 31де
Үй-бүлөлүү, бир кыздын атасы
Бир клиби 1000 доллардан өйдө

Тарткан клиптери:
Султан Садыралиев – «Эгиз жүрөк»
Мирбек Иманбеков – «Сүйүктүүм»
«Кыз-Бурак» – «Сага деген» ж.б.
Баш-аягы 20 чакты клип тарткан

Сүйүн Откеев учурда клипмейкерлердин сап башында. Ал 1999-жылы Германиянын Лемго университетинин математика-физика тармагына тапшырып өтүп кеткен. «Окуу жайда ар кандай семинарлар болуп калса эле, кичинекей камерам бар болчу, ошону көтөрүп алып тартып жүрө берчүмүн»,- дейт. Ошондон тарта немис студияларына барып клип кандай тартылары тууралуу сабак алып, он жыл жүргөн. Борборго студия ачып иштөөнү тилек кылган клипмейкердин ою орундалып, учурда командасында он чакты адам менен иштейт.
– Сүйүн мырза, кайсы ырчынын клиби купулуңузга толбойт?
– Омардын «Энекем» деген клиби мага анча жаккан жок. Мындай клип Омардын деңгээлинде эмес болчу. Мындан да мыкты тартса болмок деп ойлойм. Ал эми Гүлнур Сатылганованын бардык клиптери сапаттуу.
– Өзүңүзгө клипмейкер катары кандай баа бересиз?
– Профессионал клипмейкермин деп айта алам. Анткени бул жаатта жети жылдык тажрыйбам бар.
Бир жолу...
– Кайсы бир дуэттин клибин тартып жатсак, күн суук болуп калды. Үшүп, улам-улам бир нече дубль кылып жатып чарчадык. «Акыркы жолу тартабыз, жакшы ырдагыла» деп аларды ырдатып бүтүп карасам, камерамды күйгүзбөптүрмүн да. Анан «и-ий, камерам өчүк экен» деп айтмак белем, тескерисинче, аларды «жаман ырдап койдуңар» деп урушуп кайра тарткам. Алар азыркыга чейин ал менин катам экенин билишпейт.


Мирлан Саткымбаев:
“ЖАМБАШЫМ КЫЗЫЛ БОЛУП...”

Аты-жөнү – Саткымбаев Мирлан Эшимбекович
Жашы – 25те
Үй-бүлөлүк абалы – Бойдок
Бир клиби 800-2000 доллардын тегерегинде

Тарткан клиптери:
Мирбек Атабеков – «Сага»
«Non-Stop» – «Жүрөгүм сага»
«02.14» тобунун клиптери ж.б.
Баш-аягы 100дөй клип тарткан

«Mirlan Satkymbaev» деген жазуу менен башталган клиптерди көп көрөбүз. «Бул өзүңүздү жарнамалаганыңызбы?» деп сураганыбызда: «Башында чын эле ошондой болчу, азыр өзүмдү жарнамалабайм»,- деди. Мурда IT-адис болуп иштеген Мирлан мындан үч жыл мурун Көчө акыны деген рэпер инисинин туулган күнүнө эмне белек кылууну ойлоп отуруп, оюна клип тартып берүү идеясы келген экен. Анан иниси экөө алгачкы «Кыргыз рэп оюнда» деген ырына Балыкчыдан клип тартмакчы болушуп, камераны ижарага алышкан. «Бирок азыркы тарткан клиптерим менен салыштырганда аны клип деп айтуу мүмкүн эмес» деп күлөт.
– Кайсы ырчылар менен иштешүү кыйын?
– Ырчы кыздар менен. Кундуздун клибин бир жарым айдан бери тартып бүтө элекпиз.
– «Саткымбаев тарткан клиптер окшош» дешет...
– Анда-санда гана кээ бир кадрлар окшошуп калышы мүмкүн. Анын үстүнө менин гана идеям менен тартылбайт. Ырчы менен кеңешип иш кылабыз.
Бир жолу...
– Бир жолу Сайкалдын клибинде кызыл розаларды учурмак болуп жатсак, мен ал гүлдөргө өзүм отуруп калыптырмын. Карасам жамбашымдын баары кыпкызыл. Аябай күлгөнбүз.


Александр Белов:
“КЕСИБИМДЕ АТААНДАШТЫК ЖОК”

Аты-жөнү – Белов Александр Сергеевич
Жашы – 27де
Үй-бүлөлүк абалы – Бойдок
Клипти канчага тартарын элге жарыялагысы келбейт.
Мирбек Атабековдун “Кара көз” аттуу ырынын клибинде айдоочунун ролун аткарган.

Тарткан клиптери:
Бактыгүл Бадыева – «Жалгызым»
Мирбек Атабеков – «Кара Көз»
Арман – «Sexy, sexy» ж.б.
Баш-аягы 20 чакты клип тарткан

«Бул чөйрөдө өз ордумду тапканыма кубанам. Анткени кичинемден бери эле музыкага жакын болчумун»,- дейт Саша. Алгачкы тарткан клиптери өзүнө жакпаса, азыр өз ишине толук канааттанат. Алгачкы жолу Бураштын «Там где ты, где любовь» ырына толкундануу менен клип тарткан. Бир ай монтаждап, «жакшы чыкса экен» деп күндө тиленгенин азыр эстеп жылмайып калат.
– Кайсы клипмейкерлерди атаандашым деп эсептейсиз?
– Мен, тескерисинче, аларды кесиптеш, өнөктөш катары көрөм. Бирөөсүн да сынап же алардан ашып түшөйүн деген ой болгон эмес.
– Клип тартып байыса болобу?
– Албетте, болот. Бирок менин азыр менчик унаам жок. Айдоочу жалдап жүрөм. Үйүм бар.

Албетте, жогоруда биз санап өткөн клипмейкерлер – учурдун хит ырларына клип тарткандар. Кыргыз эстрадасында санай берсек бир топ эле клипмейкер бар. Замандын агымы менен клиптер да сапаттуу тартылып жатканына күбөбүз.

Венера Кабакбек кызы
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (8)
Zamira
2011-09-05 10:44:02
Мен Арсен Мендебаевди тааныйт экенмин.Эки жакшылыгымды мыкты,эң сапаттуу тартып беришкен.А.Молдокматова көп кайрылса керек,ошол жактан көп көрөм.Арсен иштеген жалпы жааматка иштерине ийгилик,ынтымак,өздөрүнө ден-соолук каалайм!
0
Kumarbek
2011-09-05 11:11:28
эх эптепмей кылып монтаждай беришет да ! Бирок ишинерге ийгилик
0
Asus84
2011-09-05 14:54:12
каракоздогу кызды жубай кылган клипмейкер жакты молдесссс
0
Dollar
2011-09-05 16:41:41
Mirlan Satkymbaevdi bir 35-40 jashtagy bayke bolso kerek dechumun negedir, korso meni menen ten tush jash ele jigit turbayby, azamat! Baary ele jakshy tartyshat eken klipterdi.
0
nasi
2011-09-06 09:57:06
Mirlan Satkymbaevd мен сиз менен иштешким келет сизден коп нерсени уйронгум келет )))
0
Gang_UTK
2011-09-06 18:04:04
Эркек экенсинер э, ишинерге ийгилик, мындан да жакшы клиптерди тарткыла, анан секин секин кино тартканы киришкиле, крысавчиктер!!!!!!
0
TolonturCN
2011-09-06 18:09:14
соонун кесип.
0
Inanna
2011-09-07 11:58:40
Клиптеги кызды суйуп калганы кызык болду. Бактылуу болушсун!
0
№ 461, 2-8-сентябрь, 2011-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан