«IUK» КОМАНДАСЫ (Ай Ю Кей)

“Тамашоу” Жогорку Лигасынын вице-чемпиону “IUK” командасы көпчүлүк жаш окурмандардын суроосу менен бүгүн бизде конокто.

КОМАНДАДА МИЛИЦИОНЕРДЕН БАШТАП ТАМАДАГА ЧЕЙИН БАР
Бул команда 2008-жылдан бери эл кызматында. Алгач “Келечек” деп аталып, кийин “IUK” деген атка конгон. “IUK” – “Эл аралык университет” (International University of Kyrgyzstan) дегенди билдирет. Бул топту түзүүдө Адилет менен Мадинанын эмгеги зор. Кызыгы, башында Бакыт башка командада ойноп жүргөндө Адилет “мени кошуп ал” деп барса, албай коюптур. Кийин Бакыт кайра Адилетке келип, командасына кошулуп калган.
Команда аябай ынтымактуу. Ич ара бири-бирин лакап аттарынан аташат. Андан тышкары аткарган ролдоруна жараша Кутбердини айылдык милиционер, Адилетти ыйлаак бала, Миланды тамада, Эрланды таз, Айбекти универсал деп коюшат. “Ал эми Бакыт башчылыгынан пайдаланып, жалаң жакшы ролдорду өзүнө алып алат” деп күлүштү.
“IUK” кайрымдуулук иретинде Майыптар, Жетим балдар үйлөрүнө көп барат. Ал эми тойлорго кээде чыгып калышпаса, көп деле барышпайт. Негизинен, топту андагы балдардын ата-энелери менен университет каржылайт. Эң кызыгы, команда мүчөлөрү арасында карама-каршылыктар тамашаларды ойлоп табуу учурунда жаралып, талашып-тартышуу көп убактыларын алат. Ал эми топтогу жалгыз кыз Мадина тууралуу команданын капитаны Бакыт: “Мадина биз үчүн эркек. Ошон үчүн “топто кыз жок деле” деп коёбуз. Бирок аны топтун изюминкасы дейбиз”,- дейт.

Милан Турсуналиев
Бою – Чачын тургузганда 180 см
Салмагы – 70 кг, окуу башталганда 48 кг болот
Хоббиси – Экстремалдык спорттун түрлөрү
Фобиясы – Чачынын жатып калышы, иттин тиштери, атасынын куру
Лакап аты – Милашкин, Милый, Орус, Тоок (ролдон улам)
Кыялы – Италиянын Милан шаарына баруу
Билген тилдери – Кыргыз, орус, немис, англис, түрк, жаңсоо тили

Мадина Куменова
Бою – Така кийгенде Адилеттен бийик
Салмагы – Така кийсе, Адилеттен оор
Хоббиси жана кемчилиги – “Дом-2”
Фобиясы – Команда башчысы Бакыт
Лакап аты – Мадиш
Хоббиси – “Ош базардан” кийим жана косметика тандоо
Командада – Үнү жоон кыздын ролун көп аткарат

Бакыт Осмонканов
Туулган жылы – 1987-жыл, 2-февраль
Бою – Кудайга шүгүр
Салмагы – Лифт көтөрөрлүк
Хоббиси – Кээде китеп окуу, футбол (жылына эки жолу күйөрман катары барат)
Фобиясы – Нурлан Мотуевдин президент болушу
Лакап аты – Чекит
Максаты – Кыргызстанды өнүктүрүү

Адилет Эрмекбаев
Бою – Эң узу-уну
Салмагы – Боюна жараша
Лакап аты – Аксакал
Сыймыгы – Апасы
ҮмүтүӨсөрбекович болгондуктан, балким, дагы өсөрмүн деген үмүтү бар
Кемчилиги – Көп уктайт (суткасына 5 саат)
Командада – Ыйлаак баланын ролунда

Айбек Бурханов
Бою – 173 см
Хоббиси – Адамдарга наалуу, футбол ойноо, лянга тебүү
Фобиясы – “Прописка”, сүйлөшкөн кызынын урушканы
Сыймыгы – Келбети, чачы, сүйлөшкөн кызы
Уялганы – Сахна менен күйөрмандары
Лакап аты – Гэри
Айбекти учурда командасы жоготуп алып, таппай жатат. "Угушубузга караганда, Айбек Көлдө жүргөн экен. Айбек, бизди гезиттен окуп калсаң, тезинен кайрылып кел",- дешет достору.

Эрлан Шекербеков (Сахаров)
Бою – 175 см
Салмагы – 70 кг
Хоббиси – Кыш ташуу, чоң теннис боюнча спорт чеберинин кандидаты
Фобиясы – Жылан
Жактырган унаасы – Мотоцикл
Сыймыгы – Талас
Акыркы окуган китеби – Алиппе

Алмас уулу Кутберди
Хоббиси – Теннис, бильярд, мобилдик агент
Фобиясы – Орусча сүйлөө
Кызыккан спорт түрүЭркин күрөш боюнча чала спорт чебери, ордону катырат
Кыялы – ВАЗ 2105 машинасына жетүү
Сыймыгы – Кырдач, чоң мурду
Лакап аты – Сапсары Чоңмурунов (ролдон кийин), Кука
Максаты – Бир учурда 3 кыз менен сүйлөшүү

СЫЙЛЫКТАРЫНАН
2009-жылы – Чүй-Токмок Лигасынын чемпиону.
2010-жылы – “Тамашоу” Премьер Лигасынын чемпиону.
2011-жылы – “Тамашоу” Жогорку Лигасынын вице-чемпиону, эки жолку “Мыкты команда” наамынын ээси. Андан тышкары бир нече ирет университеттер аралык таймаштардын жеңүүчүсү.

ТАМАШАЛАРЫНАН

Ар бир кыргыз эркеги өмүрүндө үч нерсени аткаруусу керек:
1. Үйлөнүп, там салып, артына из калтыруу
2. Президентти өлкөдөн кууп чыгуу
3. Президенттикке талапкер болуу

Бала ыйлап жатат.
– Аа-аа...
– Эмне болду, Адик?
– Колумду жылан чагып алды.
– Анда эмнеге бутуңду кармап ыйлап жатасың?
– Жыгылып түшпөдүмбү...

Кичирайондордун биринде.
– Сүт, айран алабыз. Сүт, айран...
– Жаагыңды бассаң боло? Түнкү саат экиде кайдагы сүт?! Элди эс алдырасыңбы?
– Аа, эс алгыңар келип жатабы? Анда арак, пиво, тамеки алабыз...

“Дордойдо”. Сатуучу эже:
– Кофе, чай, самса, манты, жүгөрү...
– Эже, чай берип коёсузбу?
– Ий, жаңылтып жибердиң го. Кандай эле? Кофе, жүгөрү, чай...

Кыргызстанда ар бир үчүнчү адам юрист же экономист. Ар бир төртүнчүсү ырчы болсо, ар бир бешинчиси президенттикке талапкер...

Оштун кайсы гана көчөсүнөн түшпөгүн, акырында баары бир Бишкектен чыгасың.

Адик дагы ыйлап жатат.
– Эмне ыйлап жатасың, Адик?
– Гороскоп боюнча, эртең мени сүйлөшкөн кызым таштап кетет экен.
– А сенин кызың жок да.
– Жашым келип калса да, менин сүйлөшкөн кызым жок,- деп андан да катуу ыйлап кирет.
– Кыз элеби сага? Мына, Мадина мындан ары сенин сүйлөшкөн кызың болот.
– Аа-аа (ыйлап), анда ал мени эртең таштап кетет экен да...

Тата Улан кичине кезинде У-ту-ту, Му-ту-ту Улан болчу. Бирок аны ата-энеси кандай атабасын, ага ошондо эле чын жүрөктөн баары бир эле.

Чолпон Сүйүнбаева
tamasha@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (4)
Zverchik
2011-09-05 09:58:55
Азаматсыңар ийгилик силерге!Азаматсыңар ийгилик силерге!
0
Luntik
2011-09-05 10:24:42
Мен ушул команданы жакшы кором да.Айрыкча капитаны Бакыт аябай таланттуу жигит.Бар бол.
0
dina
2011-09-05 15:07:21
Тамашалардан коп коп жаратып турунуздар ийгилик сиздерге! Супер инфого да рахмат маанайыбызды которгондугунуздор учун.
0
samaraaa
2011-09-05 19:41:47
млина Айбек красава!!!!!!!!
0
№ 461, 2-8-сентябрь, 2011-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан