Өлкөсү – Испания (Католония провинциясы).
Каймана аты – “Барса”, “Көк анар түстүүлөр”.
Негизделген жылы – 1899-жыл, 29-ноябрь.
Негиздөөчүсү – Жоан Гампер.
Стадиону – “Камп Ноу” (каталон тилинен “Жаңы Талаа” деп которулат. 99 354 миң киши батат жана Европада ага эч бир стадион тең келбейт).
Президенти – Сандро Россель.
Башкы машыктыруучусу – Хосеп Гвардиола.
Капитаны – Карлес Пуйоль.
Жетишкендиктери – Испания чемпиондугун 21 ирет, Испаниянын Кубогун 25 ирет жана УЕФАнын Чемпиондор Лигасын 4 жолу уткан. Испания Суперкубогунда 9 жолу, УЕФАнын Суперкубогунда 4 жолу жеңүүчү аталган. Клубдар арасында Дүйнө чемпиону (2009).
Расмий сайты: www.fcbarcelona.com
ЭМНЕ ҮЧҮН БАШКА ЭМЕС, “БАРСА?”
Экинчи ирет белгилүү футболдук клуб коногубуз болууда. Буга чейин ФИФА тарабынан “ХХ кылымдын мыкты командасы” болуп табылган мадриддик “Реалды” жазганбыз. Ал өткөн кылымда 8 ирет Чемпиондор Лигасын утуу менен зор ийгилик жараткан. Кылым жаңырган соң каталондук “Барселона” эң көп чемпиондук наамга жетишип, алдыда барат.
Кылым жаңырганы анын эсебинде 3 жолку УЕФАнын Чемпиондор Лигасынын кубогу бар. Анан да клубдун 2 оюнчусу 4 ирет “Дүйнөнүн мыкты оюнчусу” аталды. “Барса” айрымдар үчүн катардагы эле клуб. Ал – миллиондор ишеним арткан жогорку күч, калың элдин сүймөнчүгү, ошол эле учурда көптөрдүн аллергиясы. Ал бул деңгээлге кантип жеткен? Ийгилик сыры эмнеде? Курамында кайсы белгилүү оюнчулар топ тепкен? Бул суроолорго жооп издеп көрдүк. Акыры атактуу ырчы Шакира бекеринен клубдун футболчусун “чаап”, жан тартып жүрбөгөнүнө ынандык.
ФАШИСТТЕРДИН КУРМАНДЫГЫ
1899-жылы 29-ноябрда швейцариялык Жоан Гампер 11 кишини бириктирип, футболдук клуб түзөт да, ага Каталония провинциясынын борборунун атын ыйгарат. 1929-жылы өлкөнүн Улуттук Лигасы түптөлүп, “Барса” алгачкы чемпион болгон. Клубга биринчи сокку 1936-1939-жылдары урулган. Өлкөдөгү жарандык согуш учурунда бийликти алган Франко баштаган фашисттер “Барсаны” “улутчулдар уюму” деп, президент Хосеп Суньолду өлтүрүп, клубдун үстүнөн өз билемдик саясатын уюштурушкан. Фашисттик диктатура орноп, Каталониянын тилине, туусуна тыюу салынып, клубга да аталган тилдеги атын өзгөртүү талабы коюлган (“Барса” атын өзгөртпөй, англис тилине которуп кутулган). 1975-жылы франкисттердин доору бүткөн соң гана өз атын кайра алган.
“РЕАЛ” ЭКӨӨ БИРИ-БИРИНИН ЭТИН ТЫТЫП ЖЕГИДЕЙ БАР
Мадрид – борбордук башкаруунун орду. Ал эми Барселона – өз алдынча эркиндикке умтулган, тили, туусу бар Каталония провинциясынын борбору. Бири-бирине суук караган эки шаардан чыккан атаандаштар табиятынан чыныгы атаандаштык үчүн жаралышкан десек болот.
Алардын ортосундагы оюн “Эль Классико” деп аталат. 1902-жылдан бери 215 оюн ойноп, анын 86 оюнунда “Реал”, 84үндө “Барселона” жеңип алса, 45 оюнда тең ойношкон (17-августтагы Испаниянын Суперкубогун эсепке алганда). “Барса” тарап тарыхындагы эң чоң жоготууларына 1953-жылы аргентиналык Альфредо Ди Стефанону “Реалга” тарттырып жибергенин кошот. Анда Альфредо Колумбиянын “Мильонариос” клубунда ойночу. Кийин ал “Реалга” 8 ирет өлкө чемпиондугун, Европа чемпиондорунун кубогун (азыркы Чемпиондор Лигасы) 5 ирет “алып берген”.
“Соңку мезгилде “Реал” “Барсанын” көлөкөсүндө калды. Мадриддиктер көлөкөдөн чыгууга үстү-үстүнө машыктыруучу, оюнчу сатып алышууда” деген пикирлер бар. 2008-жылы “Реалдын” башкы машыктыруучусу Бернд Шустердин кызматтан кетишин анын “Барселонаны” утуу мүмкүн эмес” деген сөзү менен байланыштырышат.
ИЙГИЛИГИНИН СЫРЫ КЫЗГАНЧААКТЫГЫНДАБЫ?
2009-жылы “Барса” Европада бир жылда мүмкүн болгон чоң мелдештердин баарын жеңип алган (үч улуттук – Чемпиондук, Кубок жана Суперкубогу, үч эл аралык – Чемпиондор Лигасы, УЕФАнын Суперкубогу жана Клубдар аралык Дүйнө чемпиондугу). Токтотуу мүмкүн болбой, көпчүлүк машыктыруучулардын баш оорусуна айланган “Барселонанын” оюнунда кандай сыр бар? Буга команданын башкы машыктыруучусу Хосеп Гвардиола: “Ийгилигибиздин сыры – оюнчуларыбызда. Бизде мыктылардын мыктысы чогулган. “Барсанын” учурдагы мууну ута албай турган мелдештин өзү жок”,- деп жооп берген.
Ал эми оюн талаасында жеңишке карай кадам топту карамакка алуудан башталат. Статистика боюнча, “Барса” ар оюнунда топту 60 пайыздан кем эмес “кармайт”. Айрымдар “топту каршылаш командага өткөрүүдөн кызганышат” дешет. Бул клубдун оюнчуларынын жогорку чеберчилигинен көз каранды.
"КӨЗҮРЛӨРДҮ" МЕКТЕП ПАРТАСЫНАН ДАЯРДАЙТ
"Барселонанын” легендарлуу академиясы “Ла Масия” деп аталып, иштеп келаткан 32 жыл аралыгында 500дөн ашуун жаш футболчу тарбияланган. Академия болочок футболчуларды 6 жашынан кабыл алып, 10-12 жылда профессионалдык футболго узатат. "Барселона" футбол академиясына жылына 5 миллион евро бөлөт. Жаш футболчулар бекер окуп, стипендия да алышат. Ал жакка өтүүдө атайын кароого алынып, атаандаштык да катуу жүрөт. 1 орунду 100-150 бала талашып калган учурлар кездешет. Жыл сайын бул академия канчалаган болочок жылдыздарды чоң футбол талаасына узатат. Европадагы беделдүү футбол академияларынын катарында. “Барсанын” учурдагы "көзүрлөрү" Хави, Иниеста, Вальдес жана Месси аталган академиянын жемиштери болуп эсептелишет.
МАШЫКТЫРУУЧУ ОЮНЧУГА ЖӨЛӨК
"Клубдун тарыхында түрдүү жылдары Диего Марадона (Аргентина), Гари Линекер (Англия), Микаэль Лаудруп (Дания), Бернд Шустер (Германия), Рикардо Самора (Испания), Хосе Мария Бакеро (Испания), Йохан Кройф (Голландия), Христо Стоичков (Болгария), Луиш Фигу (Португалия), Хосеп Гвардиола (Испания), Ромарио, Ривалдо, Роналдо, Роналдиньо (баары Бразилия) сыяктуу белгилүү оюнчулар ойношкон. ФИФА версиясы боюнча “Жылдын мыкты оюнчусу” наамын алгандар да жок эмес. Мисалы, Ромарио (1994-жыл), Роналдо (1996), Ривалдо (1999), Роналдиньо (2004, 2005), Лионель Месси (2009, 2010).
Ал эми өз кезегинде Йохан Кройф, Луи Ван Гаал, Франк Райкард сыяктуу машыктыруучулар да каталондуктардын өнүгүшүнө өз салымдарын кошушкан. 26-августтагы Европанын Суперкубогу “Барселонанын” 76-расмий чемпиондук наамы болду. Учурдагы башкы машыктыруучу Хосеп Гвардиола ал наамдардын 12син утуп, клуб тарыхындагы эң көп чемпион аталган башкы машыктыруучуга айланды. Муну менен ал “Көк анар түстүүлөрдү” 11 ирет чемпион кылган Йохан Кройфту артка калтырды.
МЕССИНИ МЕССИ КЫЛГАН “БАРСА”
Месси 5 жашында атасы машыктырган “Грандоли” футболдук клубунда футболдун каалгасын ачып, 1995-жылы “Ньюэллз Олд Бойз” командасына барат. 11 жашка келгенде Леого өсүү гормонунун жетишсиздигин жана дарылатпаса бою 140 сантиметр бойдон токтоп каларын билдиришкен. 5 жыл тарбиялаган “Олд Бойз” да, жаш талантка кызыгып жаткан “Ривер Плейт” да аны дарылатуудан баш тартат. “Барселонанын” спорт директору Карлес Рексач Леонун оюнун көргөн соң аны дарылатып, атүгүл “Барселонанын” жаштар командасына кошот да, үй-бүлөсүн Испанияга көчүрүп келип, ата-энесин ишке оноштуруп, бардык шарттарды түзүп берет. Жылдар өтүп, эми Месси команданын башкы оюнчусуна айланып, футбол падышасы болуп турат. Бул да болсо “Барсанын” көсөмдүгү жана жаш таланттарды барктай билүүчүлүгүнөн кабар берет.
ЭКИ КОЧКОРДУН БАШЫН БИР КАЗАНДА КАЙНАТКАНДА...
Негизги демөөрчүлөрү – ЮНИСЕФ жана "Qatar Foundation" компаниялары. ЮНИСЕФ менен 2006-жылдан бери иштешип келет жана бул жыл аралыгында аталган уюмдун жылдык кирешесинин 0,7 пайызын казынасына буруп келет. Ал эми арабиялык коммерциялык эмес "Qatar Foundation" компаниясы менен 2011-жылы 5 жылдык келишим түздү. Бул демөөрчүдөн клуб 5 жылда 165 миллион евро алат. Жаңы сезондо “Барса” "Qatar Foundation" компаниясынын эмблемасын футболдук формасынын бооруна, ЮНИСЕФ`тин логотибин футболканын артына жайгаштырат.
Салттуу түрдө Каталониянын символу болгон “Барса” демөөрчүлөрдүн коммерциялык багыттагы логотибин формасында чагылдырчу эмес. Буга чейин футболкасынын сол төшүндө Каталония телевидениесинин эмблемасы, чолок шымында (шорта) жана жакасында Каталониянын туусу бар эле.
БАГЫНТА ЭЛЕК БИР ЧОКУСУ КАЛДЫ
Чемпиондор Лигасын 2 ирет катары менен утуу Европадагы кайсы гана беделдүү клубдун түшүнө кирбеген? Өткөн сезондо чемпион болгон “Көк анар түстүүлөр” быйыл ал наамга баарынан жакын. Андыктан 19-майда Мюнхенде болуучу финалдык оюнга жетүүгө жана анда утууга кан төгөт.
“Барсанын” акыркы жаңылыктарына орун берсек, клуб “Арсеналдын” жарым коргоочусу Сеск Фабрегас жана “Удинезеден” келген чилилик Алексис Санчес менен толукталды.
P.S. Урматтуу окурман! “Супер-Инфонун” спорт бетинен кайсы футболдук клубду көргүңүз келет? Жообуңузду sport@super.kg электрондук дарегине же “Супер-почтага” жолдоңуз.
КЫЗЫКТУУ ФАКТЫЛАР
Максат Кудайбердиев
sport@super.kg