Айрым ырчылар 28-августта Орусиядагы мекендештерибизге концерт коюшмак. Билеттер сатылып, бирок концерт болбой калган. Бул тууралуу форумчу мекендештерибиз WWW.SUPER.KG сайтына кайрылып, ырчыларга нааразычылыктарын билдиришкен.
“Оо, шүмшүктөр, эмне деген шумдук бул?! Каныкей, Омар, куудул Рысбек Жантөрөев, “кидать” этип кеттиңер го, уят эле! Өзү кыргыз туугандарыбыз Москвага келип кыйналып иштеп, кээде айлык албай “кидало” болуп жүрүп араң жан багып келебиз. Анан бир эс алалы деп кыргыз ырчылары келсе, мукамдуу кыргыз ырларын угуп көңүл ачып келели деп атайын жумуштан суранып, жаман көрүнүп жатып барсак, алдап кетишкенин кандай түшүнсө болот? Кадимкидей билет баасы 500 рублдан сатылып, эл чогулганда концерттен дайын жок. Эшик ачылбай, эч ким жооп бербей, күзөтчүлөр киргизбей коюшту. Бул эмне деген уятсыздык? Бир-эки адам күзөтчүлөрдөн суранып жатып ичине кирип, ырчылардын дайынын билип чыгышты. Алар жашынып отурушуптур, “эшикти эч ким ачпай койду” деп. Эмнеге элди антип алдашты, мен түшүнбөй калдым?! Минтсеңер, келбей эле койгулачы, бул биринчиси эмес, мындай учурлар Москвада көп болгон.
“Супер-Инфонун” жамааты, сиздерден өтө суранып кетем, жооп алып бериңиздерчи ырчылардан, эмне үчүн алдашат элди? Timka, 30.08.2011.
Омар:
“МЕКЕНДЕШТЕР ТҮШҮНБӨЙ, МЕНИ КҮНӨӨЛӨШТҮ”
– Эгемендүүлүк күнүнө карата мекендештерибизге жакшы концерт тартуулайлы деген ниет менен Москвага сапар алгам. Каныкей, дагы 4-5 белгилүү ырчы барат деп сүйлөшүлгөн. “Каныкей бул жакка учуп келе жатат, сен эле калдың” деп мени уюштуруучулар көндүрүшкөн. Москвага барганымда Каныкей келбегенин билдим. Болгону, алып баруучу, Айжамал Кабылова, Эрнист Бөрүбаев бар экен. Алар менен жолугушуп, анан концертке дайынданып баштадык. Концерт башталарда уюштуруучулар качып кетишти. Чогулган эл биздин гримёркага чейин жулунуп кирип, бизге даттанып башташты.
Айлабыз кетип, эмне кыларыбызды билбей калдык. Акыры эшикке чыгып, элден кечирим сурадым. Элден кечирим сурап, укпаганды угуп, элге мен жаман көрүндүм. Өкүнүчтүүсү, мекендештерибиз түшүнүп-түшүнбөй аброюма шек келтиргенге чейин барышканы болду. Тескерисинче, орус туугандар “эмнеге өзүңөрдөн чыккан жылдызыңарды минтесиңер, биз бул жигитти тааныйбыз, Юрмалада ырдаган ырчы” деп мени коргошту.
Кечинде мейманканада отурсам, Эльбрус аттуу уюштуруучу келди. Аны менен урушуп кеттим. Ал “концертке кеткен чыгымды жаппай калды, ушундай болуп калды” деп актанды. “Анан качып кетесиңерби?” десем, унчуккан жок. Ошентип, ал кетти. Кечинде бирөөлөр аркылуу Бишкекке билет берип жибериптир. Ошентип, кайра калаага кайттым. Мен бул жерде албай калган маянама ичим күйгөн жок, эл алдында күнөөсүз туруп күнөөлүүгө айланганыма нааразы болдум.
Каныкей менен иштешкен
продюсердик борбордон төмөнкүчө жооп болду:
“КАНЫКЕЙДИН СҮРӨТҮН АФИШАГА
УРУКСАТСЫЗ ЧЫГАРЫШКАН”
– Биз ал уюштуруучулар менен эч кандай келишим түзгөн эмеспиз. Чынында, бизге Москвадагы чыгаан жаш жигиттерден сунуш түшкөн, бирок алардын шарттары жакпагандыктан, макул болгон эмеспиз. Бирок эмнегедир алар биздин макулдугубуз жок эле Каныкейдин сүрөттөрүн интернеттен алып, афишасына чыгарып коюшуптур. Мунун баары тең мыйзамсыз жүрүп жаткан иш-аракеттер. Каныкейдин сүрөттөрү менен чыккан дептер, күндөлүктөрдүн баары тең мыйзамсыз. Жакын арада Каржы полициясына арыз менен кайрылалы деп турабыз, мындай көмүскө иштер тыйылбай турган болсо.
Мальвина Уметбекова
star@super.kg