Сыймык Бейшекеевдин бир тууган иниси, дизайнер Жыпарбек Бейшекеев агасы тууралуу кеп кылмакчы.
БИР ТУУГАН БЕЙШЕКЕЕВДЕР
Бакыт, 38 жашта
Сыймык, 37 жашта
Нурбек, 35 жашта
Мирбек, 33 жашта
Асыл, 32 жашта
Жайылбек, 29 жашта
Зыпарбек, 27 жашта
Жыпарбек, 26 жашта
Таалайбек, 24 жашта
Жаркынай, 23 жашта
Кенжегүл, 22 жашта
“БАЙКЕМДИН БАЛЫГЫ ҮЧҮН ЖАРЫШКА ТҮШЧҮБҮЗ”
– Үй-бүлөдө үч кыз, сегиз эркекпиз. Сыймык акемден мен 11 жаш кичүүмүн, эркектердин жетинчисимин. Сыймык агам балык кармаганды жакшы көрчү. Суунун жээгинде балык кармап отурганы эсимде. Биз чуркап мал-жанды кайтарчубуз. Анан бизди ойнотом деп ары-бери жарыштырып, байгеге бирден отко бышкан балык койчу. Суу жээгинде чоң таш бар эле, ошонун үстүнө ким биринчи чыкса, ошол кыйын деп кыйкыра берчү. Биздин же боюбуз жетсечи, эптеп агамдын балыгына жетүүнүн амалын ойлочу экенбиз ошондо. Тырышып жатып акыры таштын үстүнө чыгып, анан жулунуп агамды көздөй чуркачубуз. Ар түрдүү оюндарды ойлоп таап, бизди ойнотуп, курсагыбызды да тойгузчу.
“МЕНИ СПОРТЧУ КЫЛАМ ДЕП...”
– Акем бүтүрүүчү класстарда окуп жүргөндө мен 5 жашта элем. Мени спортчу кылам деп айламды кетирчү. Бутумду чоюп, ары тартып, бери тартып, шпагатка отургуза албай кара терге түшөт. Бутум ооруганынан боздоп ыйлайм, ага деле карабай бутумду созот. “Азыр отурасың, мына, мына” деп алдап-соолап отургузчу. Бир күнү апам үйдө жоктон пайдаланып, мени дагы шпагатка отургузуп койду. Өзү дүкөнгө баратып, мени эжеме кайтарттырып койду. Бир саат өттү, эки, үч... Акем дале жок. Эжем “ай, тур, бүттү” десе болбой “агама айтып саласыз” деп көгөрүп турбай отурдум. Акем кечинде келип, мени көрүп алып аябай таң калган.
“УЧКУЧ БОЛУУНУ ЭҢСЕЧҮ ЭКЕН”
– “Сыймык шоктугу менен ооруган жагынан алдына эч кимди салган жок” деп апам көп айтат. Бир жолу согуш жөнүндө тасма көрүп, аябай таасирленип алыптыр дейт. Эшиктин алдындагы токтоп турган машинага түшүп, от алдырып, анан туткундан качып бара жаткандын ролуна кирип кетип, машинаны арт жагы менен айдаптыр. “Эшиктеги аксакалдар араң токтоткон” деп күлүп калышат. Өзү учкуч болууну эңсечү экен, бирок интервьюларында “дале жерде жүрөм го” деп күлүп айтып калганы бар.
“КОМУЗУН КОЛУНАН ТҮШҮРБӨДҮ”
– Мектептеги мугалимдердин эсинде Сыймык деген тентек бала гана калды окшойт. Эртең менен сабакка келгенде эле комузун кучактай келип, арткы партаны ээлеп, анан кайсы сабак болбосун комузун чертип, заңкылдап ырдай берчү экен. “Сүрөт сабагында да, математикада да эч кимди тоготпой обон созчу” дешет билгендер.
Бир күнү бир эжекеси чыдабай кетип директорго кайрылыптыр. Директорду ээрчитип келсе, акем көзүн жумуп алып ырдап, комузун чертип отурган болот. Агай жинденип, комузун колунан жулуп алып, жерге чаап салат. Кийинчерээк классташ баласы үйлөнөт. Анан тойдон бир кызды жактырып калат. Ал аяшынын курбуларынын бири болот. “Ошол кыз менен тааныштыр” деп жанын койбой, акыры таанышат.
Акыры Нурзада жеңем экөө баш кошушту. Кызыгы, баягы комузун чаап салган директор агай өзүнүн кайнатасы болуп чыкпадыбы! Ошентип, акем комузун кудабызга чаптырып, өзү кызын сүйдүрүп алган. Кудайга шүгүр, бактылуу үй-бүлө ээси.
Мальвина Уметбекова
star@super.kg