«Ой тобо», «Нарындан жазган салам кат», «Чагылган» деген элдик ырларды катыра ырдаган корей кызы Ирина Анды жакындан тааныштырабыз.
ИРИНА ТУУРАЛУУ
Туулган күнү – 1981-жыл, 14-февраль
Улуту – Корей
Туулган жери – Рига шаары, (Латвия)
Билими – КУУнун компьютердик-маалыматтык технологиялар факультетин аяктаган
Үй-бүлөлүк абалы – Эки уулдун энеси
Учурда – Жеке ырчы жана сулуулук салонунда бет сымбаттоочу
– Салам. Алгач сени «Ырдайлы кыргыз ырларын» деген долбоордон көрүп калдым эле. Анан эле кыргызча ырларды ырдап чыга баштадың...
– 1-класстан тарта ырдаганга кызыгам. Үй-бүлөбүздө ырга шыктуу эч ким жок. Атам Иннокентий Ан спортчу. Каратэ-до боюнча Эмгек сиңирген машыктыруучу. Ал эми апам Клавдия Ли айымдардын кийимдери боюнча дизайнер, тигүүчү. Менин ырчы болом деген кыялыма тоскоол болгондор көп болду. Окуучу кезимде ыр ийримине катышайын дегенде сиңдим төрөлүп калды. Ошентип, бир топ жыл бала багып калдым. Мектепти аяктагандан кийин ырчылык кесипти аркалайын десем, апам «сен өмүр бою жер кезип жүрүүнү каалайсыңбы же стабилдүүлүктүбү?» деп мени ойлондурду. Ошентип, компьютер жагына ооп кеттим. Анан турмушка чыктым. Жолдошум менин ырчы болушума таптакыр эле каршы болчу.
– Анан кантип ырдай баштадың?
– Эки жыл мурун жолдошум менен ажырашып кеткен соң катуу стресске кабылдым. Жашоого көңүл кош болуп жүргөн күндөрдүн биринде радиодон Гүлнур Сатылганованын ырын угуп калдым. Жан дүйнөм тим эле «зырп» деп ойгонуп кеткендей болду. Анан ошол күндөн тарта эле «мага эми эч нерсе тоскоол боло албайт, мен ырчы болом» дедим. Бирок бул чечимиме да жакын тааныштарымдын арасында «кеч болуп калды, 30 жашка чыгып ырчы болуу кыйын болот. Же улутуң кыргыз болбосо» деп айныткандар да көп болду. Бирок мен жан дүйнөмдү кытыгылаган талантыма ишенем.
– Продюсериң барбы?
– Жок. Бирок мени чыгармачылык жактан колдоп турган адамдар бар. Ал таланттуу акын, раматылык Чоробай Шадыбековдун жээндери Уран, Эрмек деген жигиттер. Алгач бул жигиттер менин жакшы тааныштарым эле. Анан алар менин ырдаганымды уккандан кийин ыр дептер көтөрүп келишти. «Ушул ырларды карап көрбөйсүңбү» деп. Бул дептер Чоробай Шадыбековдун кол жазмасы экен. Бир сыйра окуп чыгып, ырларынын терең маанисине баа бердим.
Ошондон улам ушул акындын ырларына обон кошуп ырдап чыгууну чечтим. Чоробай Шадыбековдун «Кыялым» деген ырын биринчилерден болуп жаздырууну бекеринен чечип калган жокмун. Себеби бул ыр менин жан дүйнөм тууралуу жазылгандай. Жаңы ыр жаздырсам деле болмок. Бирок азыркы ырлардын маанисинин жеңил-желпилиги жакпайт. Азыр көпчүлүк кыргыз ырчылары корей стилин мода тутуп жатышса, мен, тескерисинче, кыргыз колоритине умтулам.
Бахияна Сатылганова
star@super.kg