“Поп музыканын ханышасы” аталган ырчы Бейонс учурда кош бойлуу экенин тастыктады. 30 жаштагы атагы таш жарган Бейонс менен рэп ырчысы Жей Зинин ата-эне болуу бактысында чек жогунан шек санабай эле койсоңуз болот. Бул жагымдуу жаңылыкты ырчы MTV`нин «Музыкалык видеолор» сыйлыгын тапшыруу аземинде сахнада туруп жар салды.