53 жаштагы актёр Алек Болдуин эми бойдок эмес. Анткени бир нече айдан бери актёрду 27 жаштагы йога боюнча инструктор Хилари Томастын компаниясында жүргөнү айтылууда. Актёрдун досторунун айтуусунда, Алек Хиларинин ата-энеси менен таанышып, жакын арада болчу үйлөнүү тоюна даярданып жаткан кези экен. Айрымдар актёрдун бул чечимин саясий кадам катары баалоодо. Себеби Алек Нью-Йорк шаарынын мэрлигине талапкерлигин коймокчу.