Кытайдын Маданият министрлиги өлкөнүн ичинде жаңырбай турган 100 музыкалык чыгарманы аташты. Ал кара тизмеге ырчылар Бейонс, Леди Гага, Кэти Перри, Бритни Спирс жана «Backstreet boys» тобунун ырлары кирген. Аталган чыгармалар сентябрь айынын ортосуна чейин Кытайдын бардык интернет сайттарынан өчүрүлбөсө, сайттын жетекчилери сот жообуна тартылат. Маданият министрлигинин билдирүүсүндө, жогорудагы чектөөлөр өлкөнүн маданиятынын коопсуздугун сактоо үчүн киргизилген. «Антпесе, америкалыктардын сөгүнүп-сагынган, уят, мааниси жок ырлары өспүрүмдөрдүн калыптанышына терс таасирин тийгизет» дешет агартуучулар.