СЫЙЛЫКТАР ӨЗ ЭЭСИН ТАПТЫ

Көптөн күткөн MTV`нин жыйырма жетинчи «Музыкалык видеолор» сыйлыгын тапшыруу аземи Лос-Анжелес шаарында болуп өттү. Негизги сыйлык болгон «Жылдын видеосу» сыйлыгын Кэти Перри «Фейерверк» аттуу клиби үчүн алып, триумф жарата алды. «Мыкты поп видео» сыйлыгын Бритни Спирс, «Мыкты хип-хоп видео» сыйлыгын Ники Минаж, «Айым ырчыга таандык мыкты видео» сыйлыгына Леди Гаганын «Ушундай жол менен төрөлгөндөр» («Born This Way») ыры татыса, «Эркек ырчыга таандык мыкты видео» сыйлыгы Жастин Биберге буйруду. Жана Кэти Перри менен Канье Уэсттин дуэтинен жаралган «Е.Т» аталыштагы клип да сыйлык алганга жетишти.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
Rayl
2011-09-07 01:54:25
Алга КЕЙТИ ПЕРРИ!
0
№ 461, 2-8-сентябрь, 2011-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан