29-августта “Non-Stop” дуэти мыкты маанай жана позитив тартуулаган “Кыргызстаным” аттуу клибинин бет ачары болду. Эмесе, аталган клип тууралуу кыскача маалымат.
«КЫРГЫЗСТАНЫМ» КЫМБАТКА ТҮШТҮ
Чолпон, Максат:
«БИЗ ПАТРИОТ ЭКЕНИБИЗДИ ДАЛИЛДЕГИБИЗ КЕЛДИ»
Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн 20 жылдыгына карата «Non-Stop» дуэти кыргызстандыктарга жаңы ыр тартуулашты. Аталган ырдын клибинин бет ачары борборубуздагы ири соода борборлорунун биринде болуп өттү. «Кыргызстаным» аталыштагы ырдын клиби жаштардын башын бириктирип, аларды патриоттуулукка үндөгөн мыкты клиптердин катарын толуктайт.
Клипке жалпысынан 100дөй адам катышып, алардын баары кастинг аркылуу кабыл алынган. «Non-Stop» тобу клип тууралуу мындайча ой бөлүшөт:
– «Учурда бардык эле жаштар патриот эмес, өз өлкөсүн сүйгөндү билишпейт» деген сыяктуу сындар көп айтылат. Биз жөн гана мындай сындар туура эмес экенин далилдегибиз келди.
Чынында эле клипте Кыргызстандын келечеги болгон жүздөгөн жаш уландар өчпөс оттун жанында патриоттук духту күчөткөн ураандар менен бүт жаштарды мекенин сүйүүгө чакырышат. Айрыкча Кыргызстандын желегин курчап алып жаштардын топ болуп турганы өзгөчө сыймыктанууну жаратат. Съёмка учурунда кээ бир күйөрмандар топтун мүчөсү Чолпонду ага куюп койгондой окшош Мадина жана Медина деген сиңдилери менен алмаштырып, алардан кол тамга сурагандар да болгонун айтышты.
(Сөз болгон клипти бул жерден көрө аласыз)
Лунара Бекиева
star@super.kg