Адатта, чыгармачылыкка аралаша баштаган ырчылардын окуусу экинчи орунда калып калчу эле. Ал эми жаңы чыгып келе жаткан ырчы Арстан Абдылдаев атактуулукка умтулуп, экөөнү тең алып кетем деп Улуттук консерваториянын вокал бөлүмүнө тапшырды. Ошондой эле Эгемендүүлүк күнүндө 21 жашка чыкты. Анын урматына Ильяз Абдыразаковго таандык “Эркеле” деген ырына продюсери клип тарттырып бермекчи.