Ырчылар көрүнбөй калганда эле Казакстан менен Орусияны көздөй концерт койгону кетти деп биле берсеңер болот. Анткени мен ырчымын дегендин баары Орусиянын ар кайсы шаарларына концерт коюп, капчыктарын кампайтып келишет.
Ырчы KG Эльмурат да эки айча гастролдоп келип, темир тулпар алганга үлгүрдү. Hyundai Avante-2 үлгүсүндөгү унааны айдап, жигиттин маанайы көтөрүңкү. Азыр “төрт дөңгөлөгүнөн шамал өтө берсин” деген каалоо-тилектерди угуп, машинасын майлап бүтпөй жаткан кербези экен Эмунун.