«Эч нерседен капарсыз отурсак, наам аларыбызды кабарлап, «кайсы жактан тапшыралы?» деп сурап калышты. Оозума дароо эле «Супер-Инфо» келиптир»,- дейт Байыш Момунов. Ошентип, бир тууган Момуновдорго «Маданияттын мыкты кызматкери» деген наамды Маданият министринин орун басары Кожогелди Култегин редакциябызга келип тапшырып кетти. Ал эми 31-август күнү Сыймык Бейшекеев менен Кадыралы Артыков “Эмгек сиңирген артисти”, Токон Эшпаев “Эл артисти” наамына ээ болушту. Сыйлыктар кут болсун, өнөр ээлери!