Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүгүнүн 20 жылдыгына арналган Республикалык төкмө акындар айтышы 27-28-август күндөрү борборубузда болуп өттү. Катышкан 37 ак таңдайдын арасынан Аалы Туткучев баш байгеге ээ болуп, 200 миң сом акчалай сыйлыкты алды. Ал эми 1-орунга Жеңишбек Жумакадыр илинип, 100 миң сом, 2-орунду Азамат Болгонбаев алып, 70 миң сом, 3-орун Кадырбек Бейшеновго тийип, 40 миң сом менен сыйланышты. “Жылдагыдан бул айтышка жаш таланттар көп катышты. Эми алар эгемендүү элдин акындары ”,- дейт Аалы Туткучев.