“Биллди өлтүрүү” тасмасынын жылдызы, актриса Дэрил Ханна АКШнын Ак үйүнүн алдында Канададан келген нефть өткөргүч түтүктүн кеңейтилишине каршы митингге чыккандыгы үчүн жергиликтүү полиция тарабынан кармалды. Актриса менен бирге митингге чыккан 100гө жакын адам камакка алынган. Айта кетсек, Дэрил айлана-чөйрөнү коргоо боюнча акциялардын активдүү катышуучусу.