ТОЛУК АЯЛДАР ДЕНСООЛУКТУН СИМВОЛУБУ?

Илгертеден бүгүнкү күнгө чейин семиздикке болгон көз караш улам өзгөрүлүп отурган. Байыркы заманда семиздик ачкачылык өкүм сүргөн кезде жашап кетүү үчүн артыкчылык болуп саналган. Мындай көз караш орто кылымдарда да кезиккен. Сүрөтчүлөр тарткан сүрөттөрдөгү толук аялдар бала төрөөгө жөндөмдүүлүктүн, денсоолуктун символу болуп эсептелсе, толук эркектер мансаптын жана байлыктын символу катары каралган. Антсе да медицинанын өсүүсү менен семиздикке көз караш өзгөрө баштаган. Учурда семиздик оору катары каралат.

СТАТИСТИКАДАН

  • Бүткүл дүйнөлүк Денсоолукту коргоо уюмунун маалыматына таянсак, дүйнөдө толук адамдардын саны улам өсүп баратат. Учурда дүйнөдө 1 миллиард 700 миллиондон ашык адам ашыкча салмакка ээ. Мунун ичинде 350 миллиону өтө семиздиктен азап чегишүүдө. Толук адамдар өзгөчө Германияда, Италияда, Голландияда, Чехияда, Ирландияда, Тайландда, Бирмада, Кытайда кездешет.

Семиз адамдардын жарымынан көбү аялдар болуп эсептелет.

  • Семиздик адамдын өмүрүн 5 жылга чейин кыскартат. Дүйнөдө ашыкча салмак алып келген түрдүү оорулардан жыл сайын 2 миллион 500 миңден ашык адам көз жумса, АКШ­да эле бул көрсөткүч 400 миң адамды түзөт.
  • Семиз адамдардын 60 пайызы гана 60 жашка чейин жашашса, 70 жашка чейин 30 пайызы, 80ге чейин болгону 10 пайызы гана жашайт.
  • Кант диабети менен ооругандардын көпчүлүгүн ашыкча салмакка ээ адамдар түзөт.

СЕМИРҮҮ ДЕНСООЛУККА КАНДАЙ ТЕРС ТААСИР ТИЙГИЗЕТ?

  • Семирүүдө 1 килограммдык май жалпы узундугу 300 километрге жете турган кошумча капиллярдык кан тамырлардын жаралуусуна жеткирет. Бул жүрөктүн ашыкча иштөөсүнө себепчи болот да, жыйынтыгында жүрөк, кан тамыр ооруларына алып келет. Мисалы, жүрөктүн ишемия оорусуна, инсультка.
  • Семиз адамдар онкологиялык ооруларга көбүрөөк кабылышат. Мисалы, эмчектин, түз ичегинин, эркектердин урук чыктагыч безинин рагы.
  • Ашыкча салмак адамдарды өттүн таш оорусуна, муун жана вена ооруларына чалдыктырат.
  • Салмагы калыптагы аялдарга караганда семиз аялдардан жүрөк оорулуу балдар көбүрөөк төрөлөт.

СЕМИЗДИККЕ ЭМНЕЛЕР АЛЫП КЕЛЕТ?

  • Акыркы жылдары адамдар жогорку калориялуу тамак-аштарды көп колдонушууда. Бул болсо организмде ашыкча энергиянын топтолуусуна жеткирүүдө. Ал эми аз кыймылдуулук ошол ашыкча энергиялардын чыгуусуна бөгөт коюп, тескерисинче, алардын майга айлануусуна алып келүүдө. Башкача айтканда, семиздик организмдин энергетикалык шайкештиги бузулгандан улам келип чыгууда.
  • Кайгы-капага чалдыгуу да семирүүнү шарттайт. Анткени, мээ менен ашказан тыгыз байланышта болгондуктан, кээ бир нервденген адам тойгон-тойбогонун билбей калат да, ашыкча тамактанат.
  • Эндокриндик органдардын (ички бездер) ооруга чалдыгышы да семирүүнү шарттайт.
  • Жатаар алдында да тамакка тоюп алып уктоо семирүүгө алып келет.
  • Бат даярдалуучу хотдог, гамбургер, чипсы сыяктуу азыктар да семирүүгө жеткирет.
  • Аз уктоо да семирүүнүн себепчиси.

ДЕНЕДЕГИ МАЙДЫН ТОПТОЛУУСУНУН ТҮРЛӨРҮ
Алмага окшош

  • Курсакта же дененин өйдө жагында май топтолгондо келбет “алмага” окшошуп калат. Мындай келбет көбүнчө эркектерге таандык. Аларда жүрөк-кан тамыр оорусуна жана дем алуу органдарынын оорусуна, кант диабетине чалдыгуу коркунучу чоң.

Алмурутка окшош

  • Жамбашта, белде, жоон санда май топтолгондо келбет “алмурутка” окшошуп калат. Мындай көрүнүш көбүнчө аялдарга таандык.

Мындай семирүүнүн түрү омуртка, муун, жана буттун вена ооруларына алып келет.

АЯЛЗАТЫ СЕМИРҮҮГӨ КАБЫЛА ТУРГАН МЕЗГИЛДЕР

  • Жыныстык жактан жетилүү мезгилинде. Мында гормондор өз таасирин тийгизет.
  • Төрөгөндөн кийин. Бул кээсинде тукум куучулук менен түшүн­дүрүлсө, кээсинде боюнда бар кезде “мен эки адам үчүн тамактанышым керек” деп денеде май­дын топтолушуна шарт түзгөн­үндө болуп эсептелет.
  • Бойго бүтүрбөөчү каражаттарды колдоно баштагандагы алгачкы 3 айда. Бул убакта аялдар орточо эсеп менен 1,5 килограммга толуп кетишет.
  • Климакстан кийин. Мындай кезде аялдардын 50 пайызга жакыны салмак кошот. Буга организмдеги эстроген гормонунун жетишпестиги себеп болот.

ТОЛУКТУКТУН АРТЫКЧЫЛЫГЫ
Кээ бир адистердин далилдөөсүнө таянсак, толук аялдар бир нече артыкчылыкка ээ.

  • Булар даамдуу тамактарды жакшы көр­гөндүктөн, дайыма даамдуу тамак жасашат.
  • Күч-кубаттуу болгондуктан, оор жумуштарды деле кабагым-кашым дебей аткара беришет.
  • Арыктарга салыштырмалуу мээримдүү ке­лишет.

АРЫКТООГО КАРАТА КЕҢЕШТЕР

  • Бир күндө 3 маал тамактаныш керек. Болгондо да курамында май көп болгон азыктарды, мисалы, этти, куурулган тамактарды аз колдонуу кажет. Мындан тышкары жогорку калорияга ээ болгон кантты, таттуу токоч, тортторду аз колдонуу зарыл.
  • Ашыкча энергиядан арылуу үчүн аэробика же башка спорт түрү менен машыгуу кажет.
  • Диета кармоо. Эскерте кетчү нерсе, чектен тыш диета кармоо организмдин функциясынын бузулуусуна жеткирет. Натыйжада оору пайда болот.
  • Арыктатуучу каражаттарды колдонуудан мурда сөзсүз дарыгерден кеңеш алуу зарыл. Бул өнөкөт оорулардын козголбоосунун же курчуп кетпөөсүнүн алдын алат.
  • Арыктоодо айына 2-2,5 килограмм арыктоо норма болуп саналат. Мындан ашыкча арыктоо организмге күч келтирет.
  • Суу арыктатуучу касиетке ээ экенин эске алуу зарыл. Адам тамакка отураарда жок дегенде бир стакан суу ичип алса, аз тамактанууга мажбур болот да, натыйжада семирүүгө кабылбайт.


Жаңы ачылыш
МАЙДЫ ЭРИТҮҮЧҮ ЛАЗЕР
АКШнын окумуштуулары ойлоп тапкан жаңы лазер денедеги майды жылытуу багытында чыгарылган. Жылыган май болсо бузулууга кабылып, жыйынтыгында организмден чыгат. Бул лазер азыр сынакта.


КЫЗЫКТУУ МААЛЫМАТТАР
Эң семиз аялдар кимдер?
Дүйнөдөгү эң семиз аял америкалык Розали Брэдфорд. Анын салмагы 1987-жылы 544 килограммды түзгөн. Жүрөк оорусуна байланыштуу диетага өткөндө 128 килограммга арыктаган.
Кийинки орун англиялык Мюриэл Хопкинске таандык. 1971-жылы анын салмагы 301 килограмм чыккан.

Семиз адамдар үчүн курорт
Мексикада дүйнөдө биринчи жолу семиз адамдар үчүн курорт ачылды. Андагы отургуч, керебеттердин бардыгы демейдегиден алда канча чоң өлчөмдө. Ал курортко баргандар кысынышпай, эркин эс ала алышат.

Атайын орундуктары бар самолёттор
Семиз жүргүнчүлөр жанындагы адамды кысып, ыңгайсыздык жаратпоосу үчүн кээ бир мамлекеттердин самолётторунда атайын чоң орундуктар орнотулган. Толук жүр­гүнчүлөр түзүлгөн мындай шартка абдан ыраазы.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 193, 14-20-июль, 2006-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан