"V – демек, Вендетта" фильминдеги тарыхый персонаж Гай Фокстун бет кабы интернет дүкөндөрдө сатылуу жагынан рекорд коюуда. Бул көрүнүшкө “Anonymous” тобунун чоң жардамы бар. Анткени ал топ аталган бет капты символ катары колдонушчу. Аны чыгарган “Rubie’s Costume” компаниясынын билдирүүсүндө, Фокстун бет кабы Бэтмен, Гарри Поттер сыяктуу тасма каармандарынын бет каптарынан популярдуулугу жагынан жогору турат.
Эске салсак, "V – демек, Вендетта" тасмасы 2006-жылы тартылган. Ал эми Гай Фокстун бет кабын башкы ролдогу Ви (V) аттуу каарман кийип жүрөт.