НАМЫС ЖАНА ЖАҢЫЛЫШТЫК

Жанры – Драма
Режиссёру – Жо Райт
Продюсерлери – Тим Беван, Пол Уэбстер, Эрик Феллнер
Сценарийин жазган – Жейн Остин
Башкы ролдордо – Мэттью МакФейден, Кира Найтли, Саймон Вудс, Розамунд Пайк
Оператору – Роман Осин
Композитору – Дарио Марианелли
Тасманын узактыгы – 2 саат 7 мүнөт
Бюджети – 28 миллион доллар
Тарткан өлкөлөр – Франция, Англия
Тартылган жылы – 2005

АК СӨӨКТӨРГӨ АҢЧЫЛЫК
Ири жер тилкесинин ээси Беннет мырзанын беш кызы бар. Ак сөөк деген аты гана болбосо, Беннеттин үй-бүлөсү жардылыкта күн кечирип келишет. Мүлктүн баары, жадакалса жашаган Лонгборн коругу эркектин тукуму тарапка кетет деп кабатырланган Беннеттин жубайы кыздарын бай, жылдык кирешеси көп ак сөөктүн балдарына күйөөгө бергенге болгон аракетин жумшайт. Апасынын кеңеши менен беш бир тууган кыз ак сөөктөр өткөргөн кечелердин бирин да калтырышпайт.
Ушундай кечелердин биринде Беннет мырзанын кыздары жакында эле Лондондон келген, коомчулукта аброю жогору, бай, бойдок Бингли жана Дарси деген мырзалар менен таанышып калышат. Бингли мырза кыздардын улуусу Жейнди жактырып, аны менен мамиле түзө баштайт. Бирок ага досу Дарси каршы болуп, Элизабеттин эжеси Жейн экөөнүн мамилесин үзөт. Дарсини баары намыскөй, текебер, бой көтөргөн адам катары билишчү. Анын Жейндин бакытына балта чаап жаткан бузукулугу, кала берсе чектен ашкан намыскөйлүгү Элизабеттин жек көрүүсүн ого бетер күчөтөт.
Дарси менен Элизабеттин окшоштугу – экөөнүн тең өтө намыскөйлүгүндө эле. Бирок Дарси акыры эркине баш ийе албай, Элизабетти сүйүп калат. Кыздын чөйрөдө өзүн ишенимдүү алып жүрүүсү, акылдуулугу, адамдар менен ыгын таап баарлашуусу Дарсиге өзгөчө жаккан эле.
“Сүйүү менен жек көрүүнүн ортосу бир кадам” дешет. Элизабет Дарсинин айрым чыныгы мырзага таандык сапаттарын баалап, ага болгон жек көрүүсү, жаңылыш ою бара-бара аруу махабатка айланат. Бирок экөө эки башка катмардагы үй-бүлөдөн болгондуктан, алардын мамилесинде көп тоскоолдуктар бар эле. Тасма соңунда Дарси менен Элизабет бардык сыноолордон өтүп, табышышат.

КЫСКА ӨМҮРДӨ ЖАРАЛГАН ШЕДЕВР
"Намыс жана жаңылыштык” романы таланттуу жана өмүрү кыска айым, англиялык Жейн Остиндин калемине таандык. Бул эмгек жазуучунун эң алгачкы жана белгилүү сүйүү чыгармаларынын бири. Жейн Остин 1775-жылы төрөлүп, 1817-жылы каза болгон. 37 жыл гана өмүр сүргөн жаш жазуучу күйөөгө чыккан эмес. Учурунда колун сурагандар болгону менен, Жейн сүйүктүүсү болгон чиркөө кызматкери көз жумгандан кийин ал адамга түбөлүккө ишеним сактоону туура көргөн.
Жейн романды 21 жашында жазып баштаган. Кызыгы, Остин ошол кезде өзүн жазуучу деп атагандан уялчу. Чыгармаларын атайын почта кагазына жазып, кең юбкасынын ичине катып алмай адаты бар экен. Роман жазылып бүткөндөн кийин басылмага алпарышканда, ал жактагылар карабай туруп басылмадан өткөрүүдөн баш тартышкан. Шедевр 15 жылдан кийин гана жазуучунун өлүмүнүн алдында биринчи жолу басылып чыккан. Китептерин автор чыныгы аты менен эмес, дайыма лакап аты менен жазчу. Мисалы, “Намыс жана жаңылыштык” китеби “Сезим жана сезимталдык” чыгармасынын авторунан” деп берилген.

БИР НЕЧЕ ЖОЛУ ЭКРАНДАШТЫРЫЛГАН
Чыгарманын негизинде тартылган бир нече телевизиондук сериалдар бар. Анын ичинде 1995-жылы англиялыктар тарткан “Намыс жана жаңылыштык” телесериалындагы Дарсинин ролундагы актёр Колин Фёрт көпчүлүк көрүүчүлөрдүн эсинде калганы шексиз. Ошондой эле ушул чыгарманын негизинде 2004-жылы индиялыктар "Колукту жана жалган көз караш" аттуу фильмди тартышкан. Анда белгилүү актриса Айшвария Рай башкы ролду жараткан. Ал эми 2005-жылкы экрандаштыруунун варианты Элизабеттин ролундагы актриса Кира Найтлинин образы менен эсте калат.

КЫЗЫКТУУ МААЛЫМАТТАР

  • 1995-жылы тартылган Колин Фёрттун унутулгус образынан кийин, 2005-жылкы вариантында актёр Мэттью МакФейденди башкы ролго бекиткенге чейин жүзгө жакын талапкерди карап чыгышкан.
  • “Мыкты айымдын ролу” наамында Кира Найтли “Оскар” сыйлыгына көрсөтүлгөн.
  • Кира съёмка учурунда жасалма чач кийип жүргөн. Анткени өзүнүн чачы кыска болчу.
  • “Намыс жана жаңылыштык” чыгар­ма­сынын биринчи аталышы “Алгачкы таасирлер” деп аталган. Фильмдин башында Элизабет ушундай аталыштагы китепти окуп отурган жери бар.
  • Режиссёр Жо Райт Кира Найтлини Элизабеттин ролу үчүн өтө сулуу деп каршы чыккан. Бирок актриса менен көзмө-көз баарлашкандан кийин ал оюнан кайткан.
  • “Намыс жана жаңылыштык” романы 1938, 1952, 1968, 1980, 1995 жана 2005-жылдары экрандаштырылган.
  • Киносынчылар 1995-жылы тартылган вариантын гана мыкты деп эсептешет.

Лунара Бекиева
star@super.kg

 Кыстарылган видео 
Тасма таржымалы - "Намыс жана жаңылыштык"
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (4)
bakyt7
2011-09-05 10:38:33
Эн мыкты кино тасма деп эсептеймин,анык турмушта болгон окуялар корсотулгону менен оргиналдулугун билдирет!!!
0
jaina
2011-09-05 12:23:48
Мага 1995-жылы тартылган сериалы аябай жагат. Канча көрсөм да тажабай көрө берем.
0
jansezim26
2011-09-05 12:26:08
мировая классика!легендарный фильм.
0
areneV
2011-09-06 02:01:38
Ooo Jane Austen
0
№ 461, 2-8-сентябрь, 2011-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан