Бир бүркүм... МУГАЛИМДИК КЕСИП ПОПУЛЯРДУУ БОЛУУДА...

  • “Кыргыз Республикасынын Баатыры” наамына жазуучу Бексултан Жакиев, саламаттыкты сактоого салым кошкондугу үчүн Миталип Мамытов жана Жаштар иштери боюнча министр Алиясбек Алымкулов ээ болду.
  • Жусуп Абдрахманов, Төрөкул Айтматов, Баялы Исакеевдин репрессияга кабылганына 30-августта 73 жыл болду. Алардын сөөгүнүн кайда көмүлгөнү Бүбүра Абыканованын жардамы менен табылган.
  • Мындан ары Ош мэриясы эки улуттун өкүлү үйлөнгөн учурда 100 миң сом бөлүп берет. Азыртадан эле 15 болочок жубайдын арызы келип түштү.
  • Кыргызстанда азыр 17 миң адам эч кандай жарандыгы жок жашап жатат. Алардын басымдуу бөлүгүн аялдар жана аз улуттардын өкүлдөрү түзөт.
  • Былтыр августта митинг уюштургандыгы үчүн колго түшүрүлгөн «Мекен-Туу» партиясынын лидери Урматбек Барыктабасов амнистияга кабылып, эркиндикке чыкты.
  • Мусулмандар дин башкармалыгынын маалыматына ылайык, өлкө ичинде 60 диний билим берүү мекемелери жана 2 миңге чукул мечит бар.
  • “Кыргызстан өз аймагында чет жердиктерге таандык жаңы аскердик майдандарды ачууну пландабайт”,- деп Роза Отунбаева айтты.
  • Билим берүү жана илим министри Канат Садыковдун айтымында, мектептердеги мугалимдерге болгон муктаждык эки эсеге азайды. Жайкы каникулда эле билим берүү мекемелерине 1,5 миңден ашуун жаш адистер ишке орношкон.

Турдугүл Каримова
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (3)
RIELTOR
2011-09-05 13:27:14
кубанычтуу кабар.негизи мугалимдик кесипти мамлекеттик денгээлде колдоо корсотпосо акыркы жылдары жаштар окууну бутуп,бирок оз кесиби мн алектенбей башка жумуш издеп кетип жатышкан.Ар ким озунун кесиби мн алектенсе балдарыбыз да билимдуу болот.
0
Janusia
2011-09-05 15:44:10
Мугалимдик кесип ардактуу кесип.
0
7909812
2011-09-06 14:42:43
Бирок бизде баалабайт
0
№ 461, 2-8-сентябрь, 2011-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан