Ички иштер министринин түштүк аймагы боюнча орун басары Курсан Асанов эгемендүүлүккө туш болгон 31-август туулган күнүндө 45 жашка чыгып, “Милициянын генерал-майору” деген жогорку наам менен сыйланды. Бир жагынан Курсан мырзанын эмгеги бир жылдан кийин бааланды десек, экинчи тараптан туулган күнүндө сыйлык алышы түкшүмөлдү жаратты. Бул сыягы, КСДП фракциясы менен анын лидери жана өкмөт башчы Алмазбек Атамбаевдин сюрпризи окшоду. Кантсе да 2010-жылы “Супер-Инфонун” “Жылдын адамы” наамына татыган Курсан Асановго наам кут болсун демекчибиз.