Ай караган текедей быйылкы жылы Орозо айтты соңку күнгө чейин күткөнүбүз өзүнчө эле ноу-хау жаратты. Шариатты өз эрежеси менен сактагандар: “Чубак ажы, азамат! Биз мурунтан эле айды карап, анан Айт күнүн белгилөөгө өтүшүбүз керек болчу”,- деп макташты. Башкалар: “Чубак ажы орто кылымдарда жашайбы? Азыр деген илим өнүккөн, андыктан айдын качан жаңырары баштан эле билинет”,- дешти. Буга кошулган акыйкатчы Турсунбек Акун биздин суроолорубузга: “Элдин эмгек жана эс алуу укугу бузулду. Алар Айт күнү жумушка билбей келип алышып, майрамга карата кой союу, боорсок бышыруу сыяктуу даярдыктарды көрүүгө жетишпей калышты. Түнкү саат 11ден кийин айтыптыр, бирок баары эс алып жатканда анын билдирүүсүн ким укмак эле? Чубак ажы Кыргызстанды арабдаштырып жатат”,- деп айтты. Акыйкатчы мырза муфтийдин ишин баалоо боюнча атайын комиссия түзүлөрүн да билдирди.
Ал эми муфтий Чубак ажы Жалилов: “Биз демократиялык өлкөдө жашайбыз. Мамлекеттин диний иштерге киришүүгө акысы жок. Таңкы намазга депутаттар, араба түрткөндөр, ишкерлер жана башкалар келишти. Бир эле Турсунбек Акундун укпай калганы менин күнөөм эмес. Акыйкатчынын мындай аракеттери үчүн мен сотко кайрылам”,- деп жооп берди. Буга чейин жарыялангандай эле, Айт күнүнүн кечигүүсү айдын жаңырышы менен белгиленгенин айтты.