Аткаминерлер ат тезегин кургатпай бүбү-бакшыларга барып, өтө ырым-жырымчыл келишет деп айтышат. Алар Манастын эстелигин ачууда кызыл лентаны жулуна биринчи колуна алган Келдибеков жапкычты тартканда ак кездеме түшпөй койгонун кандай жоромолдошот экен?
30-31-август күндөрү “Ала-Тоо” аянтында айкөл Манас менен Чыңгыз Айтматовдун эстеликтери ачылып, эсте калчу учурлар да болду. Залкар жазуучуга арналган айкелдин ачылышында президент айым орус тилинде сөз сүйлөдү. Чет өлкөлөр Чыңгыз дегенде кыргызды элестетет дейбиз. Бирок Орусиянын Президенттик администрациясынын жетекчиси Сергей Нарышкин кыргызча түшүнбөй калабы дедиби, кыскасы, кыргыз адабиятынын көрүнүктүү өкүлүнүн айкелинин ачылышында Кыргызстандын президенти орусча сүйлөдү.
Экинчи күнү Эгемендүүлүктүн 20 жылдыгынын урматына тургузулган Манас баатырдын айкелинин ачылышы да чакан сюрприздер менен коштолду. Эстеликке жабылган ак кездемени түшүрүү үчүн кызыл лентаны катары менен спикер, президент, өкмөт башчы, кийин вице-премьер кармады. Парламентаризм орногон өлкөдө жашап жатпайбызбы, андыктан ЖКнын спикери Ахматбек Келдибеков боону биринчи болуп тартып, эмнегедир эстеликтин жапкычы түшпөй, заматта баарын сарсанаага түшүрдү. Аткаминерлер эстеликти канчалык элейип карашпасын, ак жабуу ачылбай, кийин шамалдын жардамы менен ачылып кеткени, эстелик ачыларда асманга капыстан бир топ куштар учуп келип айланып турушканы бир кереметтин белгиси болду көрүнөт.