Мындан бир ай мурун болгон жол кырсыгы коомчулуктун көңүлүн өзүнө бурууда. Балким, башкы каарман Бишкек шаарынын мэри Иса Өмүркуловдун уулу болуп жатканынандыр. Бул окуя биздин да көз жаздымыбызда калган жок.
3 адамдын өмүрүн алган Лэндкрузер.
ОКУЯ КАНДАЙ БОЛГОН?
15-августта түнкү саат экилерде Токмок шаарындагы Дунларов көпүрөсүнүн жанында жол кырсыгы катталган. Ысык-Көл тараптан жогорку ылдамдыкта келе жаткан Тойота-Лэндкрузер автоунаасы каршы тилкеге чыгып кетип, алдында келе жаткан Ауди-80 автоунаасын сүзгөн. Кырсыктын кесепетинен Аудинин айдоочусу жана эки жүргүнчүсү ошол замат каза болушкан. Бул кымбат баалуу Жипти Бишкек мэри Иса Өмүркуловдун уулу Азамат Исаев башкарып келе жатканы ошол күнү эле анык болду. Лэндкрузердин ичиндегилер (А.Исаевден сырткары бир жигит жана эки кыз) жеңил жаракат алышып, Азамат Исаев жана Жибек Кожобердиева Токмок шаардык ооруканасына «Тез жардам» менен жеткирилген. Ауди автоунаасы катуу соккудан былчыранып калса, Тойота-Лэндкрузер толугу менен өрттөнүп кеткен. Ал эми Аудиде Талгар Турдукеев, Алтынай Турусбекова, Мурат уулу Жайнак болушкан.
Эгерде мэрдин уулу күнөөлүү деп табылса, 7 жылдан 15 жылга чейинки мөөнөткө эркинен ажыратылышы мүмкүн. Каза болгон Алтынай Турусбекова – Өзгөн РИИБинин башчысы, милициянын полковниги Мырзабек Исмаиловдун кызы. Муратбек уулу Жайнак экөөнүн тою күзгө болжолдонуп, жаштар тойго даярданып жүрүшкөн экен. Талгар Турдукеев болсо Жайнактын досу экени айтылууда.
УШАКПЫ ЖЕ ЧЫНДЫКПЫ?
Бул окуя боюнча көптөгөн имиштер айтылууда. «Мэр жеңил жаракат алган уулун «оор абалда» дедиртип ооруканага жаткырып, калкалоодо» деген кептер. Экинчиси, «жол кырсыгынан аз гана убакыт мурун мэрдин уулу МАИ кызматкерлеринин токтотууга кылган аракетине моюн сунбай, аябай жогорку ылдамдыкта айдап өтүп кеткен» деген сөздөр. Дагы бири «мэрдин уулу ошол убакта кызуу болгон» десе, кээ бир ММКлардын маалыматы боюнча, мэрдин баласы ушуну менен үчүнчү ирет жол кырсыгына кабылып, үчөөндө тең адам канына забын болгон имиш.
Айрым маалыматтарга караганда, Иса Өмүркулов уулунун айынан каза болгон балдардын ата-энелери менен ортого киши салып сүйлөшүп, 150 миң сомдон берүүгө аракет кылган экен. Орто жерде да бир катар табышмактуу жагдайлар бар. Мисалы, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин расмий сайтында кырсык 15-август күнү түнкү саат 02:05 чамасында Бишкек-Торугарт унаа жолунда катталганы жана анда мамлекеттик номери Е91-21Е болгон Ауди-80 үлгүсүндөгү унаа менен Тойота-Лэндкрузер үлгүсүндөгү, 12-50ВS мамлекеттик номердеги автоунаа сүзүшкөнү жазылган. Ал эми бир аз убакыттан соң ИИМдин таркаткан билдирүүсүндө Лэндкрузердин номери S2662V болуп өзгөрүп калган.
Андан да кызыгы, бул кырсык боюнча билдирүү Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин өздүк интернет сайтынан 15-август датасы таптакыр жок болуп кеткен. Эгер 1250BS номери маалыматтарда жок болуп кетпегенде, Азамат Исаев атасы менен чогуу жагымсыз учурга кабылып калмак. Мэрияга тиешелүү номерди мэрияда иштебеген адам тагып жүрсө, мыйзам алдында атасы экөө жооп берип калышы мүмкүн эле.
Дагы бир жагдайга карасак, биринчи күнү Азамат Исаевдин бир аз жаракат алганы айтылса, кийинчерээк таң каларлык себептерден улам «өтө оор абалда (башынан катуу жаракат алып, акыреги, чыканагы жана үч кабыргасы сынган делинип) реанимацияда жатат» деп өзгөрүп кеткен. Аудиде канча киши бар экендиги ошол замат эле белгилүү болсо, Тойотада канча киши болгондугу бүгүнкү күнгө чейин табышмак болуп келет. Алгачкы маалыматтарда мэрдин уулу менен эки кыз жана бир бала болгондугу айтылса, кийинки маалыматтарда Азаматтын жанында Жибек Кожобердиева жана 17 жаштагы Алина Глуховерова болгондугу тууралуу маалымат беришүүдө. Ал эми дагы кайсы жигит болгону табышмак бойдон калууда.
“ИСАЕВ КАЙЧЫ ЖОЛГО ЧЫГЫП КЕТКЕН”
Аталган кылмыш иши боюнча ИИМдин басма сөз кызматына кайрылдык.
– Бул факт боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 281-беренесинин (транспорт каражаттарынын кыймыл жана пайдалануу коопсуздугунун эрежелерин бузуу) 3-бөлүмү (бир нече адамдын өлүмүнө алып келсе) боюнча кылмыш иши козголгон. Бул материалдар Чүй ИИБинин тергөө бөлүмүндө иликтенип бүттү. Экспертизалардын жыйынтыгында Азамат Исаевдин жогорку ылдамдыкта кайчы жолго чыгып кеткени жана тормозду да баспагандыгы аныкталды. Эми ал ооруканадан чыкса, ага айыбын угузуп, бул иш сотко өткөрүлүп берилет.
МЭРДИН УУЛУНА ЖОЛУГУУ АЖОГО ЖОЛУГУУДАЙ
Токмок шаардык ооруканасынын травматология бөлүмүнүн башчысы Али Ладжаровго жолукканыбызда ал төмөнкүлөрдү айтып берди:
– 14-августтан 15сине караган түнү саат үчтөрдө бизге бир эркек жана бир кызды алып келишкен. Алар автокырсыкка кабылган экен. Биринчи медициналык жардам көрсөтүлгөндөн кийин, толук текшерип бүтө электе эле туугандары алып кетишти. Эгер алар оор жаракат алышса, биз кетирмек эмеспиз. Бизге кайрылгандар селсаяк болобу же президент болобу, жардам беребиз. Ал жигит Иса Өмүркуловдун уулу экендигин кийин билдик.
«Ал Кыргызстандан чыгып кеткен» деген имиштерди тактоо үчүн жана ал-абалын билели деп биз ооруканага баш бактык. Бишкек травматология жана ортопедия илимий-изилдөө борборунун директорунун милдетин аткаруучу болуп иштеп жаткан Жаныш Сулаймановго барсак, кабинетинде кишилер бар экен. «Чоңдордун күттүрбөй жүргөн күнү болчу беле?» деп аны 1 сааттан ашуун күтүп отуруп чыдамыбыз кеткенде кабинетине кирип бардык. Сулайманов майрамдап отурган экен, келген жөнүбүздү айтсак, “мен азыр отпускадамын, башкы врачка кайрылгыла” деди. Азамат Исаевдин кайсы бөлүмдө жатканын сураганыбызда, ал бөлүмдү айтып берди. Ал айткан бөлүмгө кирип, медайымдан сурасак, “бөлүм башчынын уруксаты менен гана киргизе алабыз” дегенинен бөлүм башчыга кирдик. Бечара бөлүм башчыны да түшүнсө болот, жогорку жактагылардын айтканын ашыгы менен аткарып жатканбы же жашыра турган нерселер барбы, өзүнүн аты-жөнүн да атагысы келбеди. “Мен эч нерсе айта албайм, башкы врач гана жооп берет. Исаевдин абалы оор, эч ким ага кирбеши керек, ал эми силер чыгып кеткиле” деп кетиргиче шашты.
Борбордун башкы врачы Алмаз Кубатбековго телефон аркылуу байланышып, төмөнкү маалыматка ээ болдук:
– Исаевге үч жеринен операция жасадык. Акыреги, далысы жана чыканагы сынган экен. Азыркы учурда Исаевдин абалы жакшы болуп калды, буюрса, 3-4 күндөн кийин чыгарабыз. Ал жаткан бөлүмдүн башчысы эмнеге жолуктурбай койгонун мен билбейм. (Автор: Биз 6-сентябрда ооруканага барганбыз)
ЧЫН ЭЛЕ ЖООПКО ТАРТЫЛАБЫ?
3 кишинин өмүрүн алып кеткен жүрөк үшүн алган жол кырсыгынан кийин, кырсыкка тиешеси бар Азаматтын атасы, Бишкек мэри Иса Өмүркулов “эгер Азамат чынында эле күнөөлүү болсо, анда ал мыйзам алдында жана Кудай алдында жооп берет” деп билдирүү жасаган. Бирок биздин аткаминерлер кооз сүйлөгөнү менен, Кыргызстанда ушул убакка чейин бир да чиновниктин баласы сот жообуна тартылганы тарыхыбызда болуп көргөн эмес. Балким, ушинтип ата мансабы менен көпкөндөр көбөйгөн үчүн жол кырсыгынан мерт болгондор арбын болуп жатпасын?
Бул жол кырсыгы боюнча шайлоо убагында жаңы фактылар калкып чыгышы да ажеп эмес. Себеби Иса Өмүркуловдун партиялашы Атамбаевдин каршылаштары өз каналдары аркылуу компромат чогултуп коюшу да толук мүмкүн. Бул окуя саясий оюнга айланса да, мэрдин уулу жоопко тартылса да, кырчындай үч өмүрдүн билиги эч качан кайра жанбайт.
Нурбек Абдыкадыров
koom@super.kg