Дүйнөнү өзгөрткөн 13 эркек. ТОМ МОНАГЕН

КҮРӨШКӨ ТОЙБОГОН АДАМ
Буга чейинки бардык эле лидерлерде байкалгандай, Томдо да күрөшкө жана жеңишке умтулуу духу күчтүү. Андыктан аны мейли жумушта болсун же оюнда болсун, энергия коштоп жүрөт. Өзүн-өзү сактоо инстинкти да ар дайым күрөшүүгө шыктантып, жаңы бийиктиктерди багынтууга түрткү берет. «Пиццанын жолборсу» деген каймана атка ээ болгон каарманыбыз 1937-жылы 25-мартта Американын Анн Арбор шаарында карапайым үй-бүлөдө туулган. Атасы жүк ташууучу машина айдап, апасы мээрман айым болуп иштеген.
Америкалык экономист, профессор, «Экономиканын динамикасы» аттуу эмгектин автору Бартон Клейндин «чоң бизнесте атаандаштык болбосо жандуу өсүш байкалбайт, ал бир жерде токтоп калат» деп айтканы бар. Анын сыңарындай, Томдун күрөшкө тойбогон, атаандаштыкты жактырган сапатынын натыйжасында гана «Доминонун пиццалары» көпкө чейин бул тармакта лидер боло алган.
Ийгиликке жетүү жолунда ал ар кандай кыйынчылыктарды басып өткөн. Бир ирет анын дүкөндөрү документтер менен кошо күйүп кетет. Андан соң Томго насыя берүүчүлөр менен 5 жылдай тынымсыз соттошуп, 3 өнөктөшүнүн бизнесин тартып алуу аракетине туруштук берүүгө туура келет. Бул эле эмес, 3 ирет учакта кырсыкка кабылып, үчөөндө тең Кудай сактап аман калат.

30 МҮНӨТТҮН ИЧИНДЕ ЖЕТКИРИЛЧҮ ПИЦЦА
Дүйнөнү дүңгүрөткөн инноваторлор коомдун ар кайсы тармагындагы керектөөлөргө жараша бир нерселерди ойлоп табышкан. Каарманыбыз пиццаны адамдардын үйүнө зака з боюнча жеткирип берүүнү ойлоп тапкан. Алгач башка компаниялар муну чыгым алып келе турган иш деп, пиццаны ташууну чанып коюшкан. Бирок Том 30 жылдай кыйналса да, акыры бул жаатта өз ишинин жемишин тата алды.
1970-жылдын аягынан баштап кайсы жерге барбасын «эми пицца 30 мүнөттүн ичинде үйүңөргө жеткириле турган болот» деп айта турган. Компаниясынын өнүгүшү менен акыры анын айтканы ишке аша баштайт да, ишканасы эң ири пиццерия тармагына айланат. Учурда «Доминонун пиццаларынын» кардарлары күнүнө 500 миңдей пицца заказ кылышат. Том Монаген дүйнөдөгү пицца жеткирип иштеген эң ири «Доминонун пиццалары» аттуу пиццерия тармагынын 97 пайыз акциясынын ээси.

БАЛДАР ҮЙҮНДӨ ӨСКӨН
Том 4 жашында атасынан айрылган. Апасына эки баланы багуу оорго турат. Андыктан Томго башка үй-бүлөдө жашоого туура келет. Алгач немистердин үй-бүлөсүндө жашап, чөп чапканды, уй сааганды үйрөнүп, тракторист жана гезит тараткыч болуп иштейт. Кийин Балдар үйүнө туш болот. Ошентип, жашоонун кыйынчылыгы анын мүнөзүнүн калыптанышына өз таасирин тийгизет. Балдар үйүндө башкаларга көп кошулбай тынымсыз китеп окуй турган. Көптөгөн сааттар бою китепканада отурган болочок инноватор тарыхый инсандар менен таанышып, өзү да алардай болууну эңсейт. Алардын өжөрлүгү менен тырышчаактыгына аябай таасирленип, максатына неси болсо да жетмекчи болот.
6-класста апасы Томду жана берки баласын Балдар үйүнөн алып кетет. Жакырчылыктын айынан Томдун апасы менен болгон мамилеси начарлайт. Бир ирет апасынын машинасын уруксатсыз айдап кетип, апасы аны түрмөгө отургузуп коёт.
Том аскер кызматын өтөгөн соң максаттарына жетүүгө катуу бел байлайт.

ЧОҢ БИЗНЕСИН 900 ДОЛЛАР МЕНЕН БАШТАГАН
23 жашында чоң бизнесин карызга алган 900 доллары менен баштайт. «Доминикс» аттуу ишкананы сатып алып, 1965-жылы анын атын «Домино» деп алмаштырат. Алгач бизнести жогорку окуу жайлардын жанына 3 пиццерия ачуу менен баштайт. Банкрот болуп калуу коркунучу жаралганына карабастан, ал өзүнө ишенет. Бул ишенимдин артында үйлөнүп жатканда аялына «мен 30дан ашып калганда миллионер болом» деп айтат. Ошентип, анын айтканы туура чыгат. Алгач кыйынчылык менен 3 пиццерия ачкан болсо, алардын саны бүгүнкү күндө 6 миңге жетет. Бирок кийинчерээк Том материалдык байлыкка көп көңүл бурбай руханий байлыкка ооп, чиркөөгө барып сыйынууну адатка айлантат.
Азыр Том Монаген 74 жашта. Үй-бүлөлүү, 4 кыздын атасы.

Азамат Абдраев
kenesh@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 462, 9-15-сентябрь, 2011-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан