90-жылдардын аягында дүйнөнү дүңгүрөткөн СССР деген чоң мамлекет алсырай баштаган. Анын карамагындагы бир топ өлкөлөрдө көз карандысыздыкты талап кылган митингдер өтө баштаган. Ал митингдер Орусияда да болгон. Алардын натыйжасында СССРдин курамындагы өлкөлөр өз алдынча мамлекетке айланышты. Эң биринчилерден болуп 1991-жылы 11-мартта Литва, 1991-жылы 9-апрелде Грузия бөлүнүп чыкты. Биздин өлкө Прибалтика өлкөлөрүнөн кийин, кошуна Өзбекстан, Казакстан менен бирге 1991-жылы 31-августта көз карандысыздыгын алды.
Грузия жогорку ылдамдыкта өсүп, жаңыланып бараткан кези.
Жаңылануу архитектурасында да байкалат.
Мурунку СССРдин курамындагы мамлекеттердин көпчүлүгү саясий стабилдүүлүгү, бир калыптагы экономикалык өнүгүүсү, идеологиясы, кайсы багытка аттанганы менен дүйнөгө белгилүү. Ал эми биздин мамлекетте акыркы 10 жылдан бери саясий да, экономикалык да стабилдүүлүк болбой келет.
Өз алдынча мамлекет болгонубузга 31-августта 20 жыл толду. Анын жарымын биз 2 революция, миңдеген чоң-кичине митингдер, Баткен согушу, Ош, Апрель окуялары, жумушсуздук, элдин чет өлкөлөргө агылуусу менен өткөрдүк. Сиз ушул өлкөнүн патриоту же жөн гана жараны катары 20 жылдыктан кийин жашообуз жогорудагыдай окуялар, саясий-экономикалык туруксуздук менен өтүшүн каалайсызбы? Албетте, душмандан башка эч ким каалабайт.
Биз менен чогуу эркиндикке чыккан, биздей эле экономикага ээ болгон ошол өлкөлөргө барып иш издеп, жан соогалап жатабыз. Бүгүн бизден бир топ деңгээлде алга озуп кеткен Грузия Республикасы тууралуу сөз кылмакчыбыз.
Алгач салыштырып көрөлү. Грузия парламенттик системаны куруу алдында турган, азырынча президенттик республика, биз парламенттик республикабыз. Грузиянын калкы 4 615 807 киши, бизде 5 482 000 киши. Грузиянын аймагы 69 700 чарчы чакырым, биздики 198 500 чарчы чакырым.
ИДП учурунда салыштырмалуу бирдей деңгээлде болгондур, бирок азыр Грузиянын ИДПсы ар бир кишиге 4332 АКШ долларын түзсө (2005-жылкы баалар менен), бизде киши башына 1000 АКШ долларын түзөт. А экөөнүн тең эгемендүүлүгүнө 20 жыл болду жана эки мамлекет көз карандысыздыгына чейин СССРдин идеологиясы менен жашап келген. Башкача айтканда, буга чейинки тарыхы, элдеринин жашоого болгон көз карашы окшош эле. Өзүңүз талдаңыз, мүмкүнчүлүктөрүбүз дээрлик бирдей. Бүгүнкү күндө биз кандай абалдабыз жана алар кандай абалда?
Алар азыркы деңгээлине жетүү үчүн 2003-жылы Михаил Саакашвили башында турган “Розалар революциясы” болду да, андан ары өнүгүүнүн жолуна түшүштү. Болгону, революцияга чейин Түштүк Осетия, Абхазия, Аджария сыяктуу Грузиянын карамагындагы автономдуу республикалар менен конфликттер болуп келген. Бирок алар бардык кыйынчылыктардан сабырдуулук менен өтүп, азыр Орусия баш болгон СССРдин курамындагы көпчүлүк өлкөлөргө катаал шартта экономиканы алып кетүү, бажы, укук коргоо, тейлөө кызматтарын жөнөкөйлөштүрүү, коррупцияны жоюу, элдин социалдык турмушун оңдоо, билим берүү системасын реформалоо, маданиятын өнүктүрүү жагынан үлгү көрсөтүп жатат. Ошол жаңы мамлекетти грузин эли кантип түптөгөнүн карап көрөлү.
Презинденттикке келген Михаил Саакашвилинин минтип айтканы бар: “Кабинетиме кирсем, чакада суу турат. Эмнеге? Көрсө, кечки саат ондо суу токтойт тура. Дароо тиешелүү адамдарга чалып, эгер сууну 24 саат бою агызбаса, камай турганымды айттым. Суу үзгүлтүксүз бериле баштады. Андан соң 40 доллар деп биринчи айлыгымды алып келишти. Таң калып, “буга Шеварднадзе кантип жашаган?” десем, “ошентип эле” деп жооп беришти”.
Ал өзүнүн командасына чет өлкөдө көп жылдардан бери окуп жүргөн, советтик көз карашта болбогон, батыштык билими бар жаңы түрдөгү башкаруу элитасын чакырган. Анткени алар өз өлкөсүн сагынган, дымагы күчтүү, билимдүү жаштар эле. Алар тууралуу “биз Шеварднадзенин бийлигинде эле чогула баштаган жаш реформаторлордун тобубуз. Биз Грузиянын саясий майданында таптакыр башка болгон жаңы оюнчуларбыз” деп көп айтат.
(Уландысы кийинки сандарда)
Эмил Үмөталиев,
Жаныбек Абидетегин,
Мирсулжан Намазалиев