Дүйнөдө мейманканалардын деңгээли жылдыздар менен аныкталат. Бул системанын келип чыгыш тарыхы төмөнкүчө.
ЖЫЛДЫЗ МЕНЕН БЕЛГИЛӨӨ КАЙДАН ЧЫККАН?
Мейманканалардын деңгээлин жылдыздар менен белгилөөнү кантип, качан жана кайсы жакта ким ойлоп тапкандыгы так анык эмес.
Бул жаатта 2 түрдүү көз караш бар.
1. Кээ бир изилдөөчүлөрдүн айтымында, мындай бөлүштүрүү идеясы америкалык автомобиль сатуучу компанияга таандык. Автомобилди ошол кезде көпчүлүктүн сатып алууга мүмкүнчүлүгү жок болгондуктан, компаниянын кызматкерлери машиналарды сырттан келген байларга жарнамалап, сатууну чечет. Бул үчүн жарнамаларын байлар көбүрөөк келип түшчү мейманканаларга жайгаштырмак болушат. “Кандай мейманканалар ылайыктуу?” деген маселе чыкканда алар “конок үйлөрдү категорияларга бөлүп, ошолордун ичинен мыкты делгендерин тандап алуу керек” дешет. Конок үйлөрдүн деңгээлин аныктоодо алар жылдызды колдонушат. Ошентип, жылдыз менен белгилөө системасы ойлонулуп табылган.
2. Дагы бир вариант боюнча, жылдыз менен белгилөө Францияда пайда болгон. “Отель” деген сөз да француздардын “hote” (“мейман” же “тургун”) деген сөзүнөн келип чыккан. XX кылымдын экинчи жарымында туризм тармагындагылардын демилгеси менен көз карандысыз мамлекеттик инспекция түзүлгөн. Алар мейманкана жана ресторандарга текшерүү жүргүзүп, ошонун жыйынтыгына карап жылдыздарды ыйгарышчу.
ЖЫЛДЫЗДЫН САНЫНА КАРАТА АНЫКТОО
1 жылдыздуу – Кызмат көрсөтүү түрү аз жана арзан мейманкана. Кээ бирлеринде номерлерди күндө жыйнап турушат. Бардык номерлер бир типте болуп, ичинде 2 керебет, тумбочка жана стулдар жайгашат. Санузел, телевизор, бассейн сыяктуулар жок. Тамак-аш берилбейт.
2 жылдыздуу – Аз бюджеттүү мейманкана. Кызмат көрсөтүү түрү аз. Номерлер күндө жыйналып турат. 2 типтеги номерлер кездешет. Жатак жай жана эртең мененки нанүштө гана керек болгон саякатчы үчүн ыңгайлуу мейманкана. Көбүнчө керебет, стол, стул болот. Бирок кээсинде раковина, душ жана телевизор болуп калышы мүмкүн. Буларга кардарлар кошумча акы төлөшөт.
3 жылдыздуу – Стандарттуу кызмат көрсөтүүсү бар орто класстагы мейманкана. Номерлер күндө жыйналып турат. Санузел, телевизор, телефон, кээлеринде кичи-бар же ар бир номерде муздаткыч жолугат. Туруктуу жашоочулар үчүн мейманкананын ичинде кир жуучу жай ачылган. Эртең мененки нанүштө бекер берилет. Кээ бир мейманканаларда бассейн, спорт менен машыгуучу зал, бизнес-борборду пайдалануу үчүн туристтер кошумча акы төлөшсө, кээ бир конок үйлөрүндө булар бекер сунушталат. Ар кандай типтеги номерлер (1 кишилик, 2 кишилик, тамеки чеккендер, чекпегендер үчүн жана башка) бар.
4 жылдыздуу – Жогоруда айтылган кызматтардын баарын камтыган жана да укалоо, спа салон кызматы, бир канча бар же ресторан, конференц-зал сыяктуу кошумча кызматтар кирген жогорку класстагы мейманкана. Шаардын борборуна же пляжга жакын жайгашат. Авто токтоочу жай бар жана ал корголуп турат. Кээ бир мейманканалар өзүнүн микроавтобус, таксилерине ээ. Спорт менен машыгуучу зал, корт, бассейн бекер колдонулат. Ошондой эле туристтер ар кандай шоу, дискотека сыяктуу көңүл ачуучу жайларга да бекер кире алышат. Ар бир номерде түстүү телевизор, муздаткыч, кичи-бар, кондиционер, коргоочу система, мини-сейф болот.
Кээ бир конок үйлөрдө үтүктөө үчүн термопресс, светти аралыктан өчүрүп-күйгүзүүгө мүмкүндүк берүүчү пульттук система кездешет. Мындай мейманканалардан 1 кишилик, 2 кишилик номерлерди же уктоочу бөлмөдөн тышкары залы жана ашканасы бар номерди тандап алсаң болот.
5 жылдыздуу – «Люкс» классындагы мейманкана. Кызматтардын, алардын ичинде эксклюзивдүү кызматтардын көптүгү менен айырмаланат. Мисалы, жекече гольф клубу же көп бөлмөлүү аппартаменттери бар болот. Келген мейманга жекече көңүл бурулуп, каалоолорунун баарын орундатканга аракет кылынат. Бир канча ресторан (европа, азия жана улуттук ашканасы менен), бар, түнкү клубдар жана дүкөндөр кошо жайгашкан. Ишкер адамдар үчүн бизнес номерлер сунушталат. Бул номерлер телефон байланышы, компьютер, факс менен жабдылып, сүйлөшүүлөр үчүн атайын бөлмөлөр орун алган. 5 жылдыздуу мейманканалардын ар бир номеринин ваннасында керектүү косметикалык каражаттар, тапичкелер, кичи-бар, телефон, түстүү телевизор, кондиционер жана башка керектүү нерселер болот.
Мейманканаларга ар бир өлкө өз талаптарын коёт. Ошондой эле ар бир өлкөнүн өз стандарттары ар башка. Мисалы, Австрияда 5 жылдыздуу мейманканалардын жер төлөсүндө кымбат баалуу шараптардын коллекциясы болуусу керек.
КЫРГЫЗСТАНДА
1 жана 2 жылдыздуулар да бар
Перизат Музуратбекова
koom@super.kg