ОЙДОН УЧКУЛ, ЖЕЛДЕН ТЕЗ, ДРЭГ-РЕЙСИНГ КӨРЧҮ КЕЗ

4-сентябрь күнү Бишкектен анча алыс эмес жайгашкан Новопокровка айылындагы (Ысык-Ата району) айыл чарба аэропортунун аба тилкесинде дрэг-рейсингдин Күзгү фестивалы өттү. Көрүүчүлөрдүн катарында биз да болдук.

ДРЭГ-РЕЙСИНГ ДЕГЕН ЭМНЕ?
Дрэг-рейсинг – 402 метр аралыкты автоунаа менен максималдуу ылдамдыкта басып өтүүгө багытталган спорт түрү. Анда жарышка бир стартта экиден атаандаш жарышып, олимпиадалык стилде мара сызыгын алгач кесип өткөн жарышчы чемпиондукка карай жолун улап, утулганы мелдештен четтейт.
Дрэг-рейсинг максималдуу ылдамдыкка карабастан, авто- жарыштардын эң коопсузу. Мелдеш майданында имерилиш аттуунун жоктугу, эки гана атаандаш болгондуктан жана жарыш учурунда атаандаштын сызыгына кирип кетүү эрежеге жатпагандыктан, кагылышуу жана кырсыктар чанда катталат.
1948-жылы Калифорния штатынын Голета шаарында дрэг-рейсинг боюнча алгачкы мелдеш өткөн. Жарыштар реактивдүү автоунаалар менен мотоциклдер арасында жана электромобилдер, скутерлер, велосипеддер, тракторлор, чөп чапкыч унаалар арасында да өтөт.

ЭРЕЖЕЛЕРИ
Эреже боюнча, жарышка түшүүчү унааларга бирден киши отуруп, унаада кыймылдаткыч күчтүн болуусу кажет. Капотту жана рулдагы отургучтан башкасын алып салууга көпчүлүк учурда тыюу салынат. Старт алган соң параллель бараткан атаандаштын жолуна баш баккан жарышчы ошол стартта жеңилди деп табылат. Профессионалдык жарыштар секундомерлердин жардамына муктаж.

КЫРГЫЗСТАНДА АБАЛЫ КАНДАЙ?
Дрэг-рейсинг боюнча мелдештер 2008-жылдан тарта жылына 4 же 5 ирет өткөрүлүп келет. Азырынча Кыргызстанда дрэг-рейсинг боюнча федерация жок. Мамлекеттен каттоодон өтпөсө да, клуб чегинде ушундай мелдештер болуп турат.

КАЙСЫ КЕЧЕ КЕЧИКПЕЙ БАШТАЛЧУ ЭЛЕ?
Бул мелдеш “K2” – авто сүйүүчү­лө­рүнүн клубу тарабынан уюшулду. Башталышы кечеңдеп, унааларын “таң ашыра” күн мурунтан даярдаган жарышчылар, түрдүү улуттун түрдүү жаштагы өкүлдөрү болгон авто сүйүүчүлөр чыдамсыздык менен күтүп жатышты. Андан тышкары казак жергесинен да жарышчылар келишти. Уюштуруучулар алгач жарышка түшчү унааларды техникалык, ал эми айдоочуларды медициналык кароодон өткөрүштү. Унаалар өлчөмдөрүнө карай 5 класска бөлүнүп, анан мелдеш ачык деп жарыяланды. Класстар төмөнкүчө бөлүндү:

1-класска кыймылдаткычынын көлөмү 1799 см3 чейинки унаалар кирди.
2-класс – кыймылдаткычынын көлөмү 1800-2499 см3 чейинки унаалар;
3-класс – кыймылдаткычынын көлөмү 2500дөн 3199 см3 чейинки өлчөмдөгү унаалар;
4-класс – кыймылдаткычынын көлөмү 3200-3999 см3 чейинки өлчөмдөгү унаалар;
5-класс – кыймылдаткычынын көлөмү 4000 см3 жана андан жогорку өлчөмдөгү унаалар болду.

Мелдеш башталарда унаа ээлерине орундуктарды, капот, багаждарды алып салбоо эскертилди. Алгач жолго 1-класстын унаалары чакырылып, көшөгөнү ошолор ачышты. Мелдеште 37 унаа болуп, алардын басымдуу бөлүгү Хонда, БМВ, Tойотa үлгүсүндө болду.

КЫРГЫЗДАР ТӨРҮН КАЗАККА БИЙЛЕТИП...
Жеңил салмактагы мушкерлердикиндей эле кичи өлчөмдөгү 1, 2, 3-класстагы унаалардын жарышы кызыгуу жарата берген жок. 4 жана 5-класстагы машиналардын жарышы кызыктуу келип, айдоочулар шлем кийип жарышышты. Эң кызыктуу күрөш 5-класста жүргөндүктөн, анын жеңүүчүсү күндүн каарманы болуп калмак. Бул куттуу наамга Казакстандын Алматы шаарынан келген VIP-конок Дмитрий Боровинов арзыды. Ал айдаган спорттук үлгүдөгү Субару унаасы алдына эч кимди чыгарган жок. Жеңүүчүлөр атайын медалдар менен жана мелдештин башкы демөөрчүсү болгон мотор майын чыгаруучу компаниялардын биринин майлары менен сыйланышты.

МАЙРАМДЫ МАСТЕР-КЛАСС ЖАПТЫ
Майрам аяктап, эл тарады. Жарышчылар майдан менен чимириле мастер-класс көргөзүп коштошушту. Ал эми жеңүүчү, казакстандык орус “Казакстанга да келип кеткиле” деп зуу койду. Мелдеште кырсык катталбаганы стартта турган «Тез жардам» кызматкерлерине да эс алууга мүмкүнчүлүк түзгөнүн айта кетели. Резина, күйүк, ыш жыттанган майданда биринчи ирет болдум жана мындан кийинкисине сөзсүз баруу тилеги менен сапарымды жыйынтыктадым.

Искендер Абдулбакиев:
«ЖАРЫШКА ТҮШПӨСӨМ, ЖАШООМ БҮТКӨНДӨЙ»

Бул күнү унаа менен келип башкаларга айдаткан, унаасыз келип башка бирөөлөрдүкүн минип жарышка түшкөндөр болду. Бул эки топко тең кошулбай, өзүнүн БМВ үлгүсүндөгү унаасы менен 3-класстагы жарышта 1-орунду камсыздап, 4- класстагы жарышта күмүш медаль тагынган уйгур улутундагы Искендер Абдулбакиевди кепке тарттык.

– Искендер, мелдештерге “күлү­гү­ңүз­дү” кандай даярдайсыз да, өзүңүз кандай даярданасыз?
– Мелдеш болоруна 1 ай калганда кабар алабыз да, унаанын бардык тетиктерин карап чыгып, майлачусун майлап, жаңылайбыз. Эртең мелдеш дегенге чейин улам жаңы кемчиликтер байкала берип, адреналин, кумар үчүн көп эле каражат курмандык кылууга туура келет. Эң негизгиси, унаа даяр болуш керек, а биз эч кандай даярдыксыз эле шымданып алып катыша беребиз.
– Бул жарыш сиз үчүн хоббиби же кесип катары карайсызбы? Качантан бери бул кумарды кууп келесиз?
– Мен буга кесип да, хобби да катары карабайм. Бүтүндөй бир жашоомо айланып, жарышсыз жашоо бүткөндөй абалга кептелем. Учурда 29 жаштамын. Жогорку ылдамдыкты сүйүп, күйөрмандык кылып келгениме 10 жыл болду. Кызыгы, алгачкы жолу рулга качан, кандай максатта отурганым эсимде жок. Кумар кандырган эң жогорку ылдамдыгым азырынча саатына 250 чакырым.

Максат Кудайбердиев
sport@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
leo10
2011-09-12 15:38:51
супер-инфо сураныч видеосун жуктоп койгулачы,мен да дрег-рейсин кылганды жакшы кором токо комто дааа=)
0
№ 462, 9-15-сентябрь, 2011-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан