ЮСАИД (Эл аралык өнүктүрүү боюнча америкалык агенттик) жетекчилиги менен “M-Vector” компаниясы быйылкы жылдын февраль-март айларында Кыргызстан боюнча масштабдуу сурамжылоо жүргүзүп чыкты. Телеберүү, радиоуктуруу, басма сөз жана интернет айдыңындагы маалымат агенттиктерин камтыган сурамжылоодо “Супер-Инфо” гезит-журналдардын ичинен төрдү ээледи.
Белгилөөчү жагдай: “Супер-Инфонун” фанат окурмандары Нарын жана Ысык-Көл облустарында эң көп экен. “Билем”, “жагат”, “окуйм”, “сүйүктүү” жана “жазылып турам” деген жооптордун саны боюнча да “Супер-Инфо” атаандаштарын ат чабым артка калтырыптыр. “Басылма эмне үчүн жагат?” деген суроого окурмандарыбыз “маалыматты кызыктуу берет” дешкен. Айтмакчы, биздин www.super.kg сайтыбыз да гезиттерге таандык сайттардан кирүүчүлөрүнүн саны боюнча эң алдыга озуп чыкты.