«ЧУПА-ЧУПС» ТУУРАЛУУ

Балдар, «Чупа-Чупс» момпосуюн 1958-жылы испаниялык Энрике Бернат деген киши балдар колдорун, кийимдерин булгабасын деген ойдо жыгач таякчага орнотуп чыгара баштаган. Кийин жыгач таякчалар желим таякчаларга алмаштырылган. Ишкер башында бул таттуу момпосуйду «Гол» деп атаса, кийинчерээк аны «Чупа-Чупс» деп өзгөрткөн. Ал гана эмес, буга чейин таттуулардын 200дөн ашык түрүн чыгарып келе жаткан “Гранха Астуриас” деген аталыштагы ишканасын “Чупа-Чупс” деп өзгөртүп жиберген. “Чупар” сөзү испан тилинен которгондо “соруу” дегенди түшүндүрөт.
Энрике Бернат момпосуйдун сыртынын кооз болушун эске алып, белгилүү сүрөтчү Сальвадор Далиден логотип тартып берүүсүн суранат. Ошондо сүрөтчү ага ромашка гүлүн сунуштап, аны тартып берген. Ошол кезден ушул убакка чейин бул момпосуйдун логотиби өзгөрбөй келет.
Аталган ишканасы башында жети түрдүү даамдагы «Чупа-Чупс» чыгарса, учурда анын түрү 50дөн ашат. Анан да бул момпосуй космосто желген эң биринчи таттуу болуп саналат.


КЫТЫ, КЫТЫ, КҮЛҮП КОЙ

Эки достун маегинен:
– Досум, абдан капалуу көрүнөсүң, сага эмне болду?
– Сураба. Тарагымдын бир тиши сынып калды.
– Ошого да ушунчалык кайгырасыңбы? Калган тиштери деле тараганга жарайт да.
– Жок, анын бир эле тиши калган болчу,- дептир.

Асан кошунасыныкына чуркап келип:
– Байке, сиздин уйларыңыз чылым тартпайт беле?
– Ай, чунак, уйлардын чылым тартканын кайдан уктуң?
– Билбейм анда, мал сарайыңыз өрттөнүп жатат го?..


Өзүң жаса

«КИРПИ» БУТЕРБРОДУ

Балдар, бүгүн биз силер менен биргеликте таттуу бутерброд жасайбыз. Кирпи түрүндөгү бул азык даамдуу, ары пайдалуу.

Керектелүүчү азыктар:
Булочка
Каймак
Алмурут
Жер жаңгак
Лимон ширеси

Даярдоо жолу:
1. Булочканы туурасынан тең экиге бөлүп, астыңкы бөлүгүнө каймактан сүйкөйбүз. Эгер каймак жок болсо, анда аны кыям менен алмаштырууга болот.
2. Андан соң алмуруттун кабыгын аарчып, тигинен тең экиге бөлөбүз. Данектеринен тазалап, карарып кетпеши үчүн лимондун ширесинен сыйпап, булочканын үстүнө коёбуз.
3. Кабыгынан тазаланган жер жаңгактан сүрөттөгүдөй кылып кирпинин ийнелерин жасайбыз. Ал эми көзүн, оозун алмуруттун данегинен жасап койгула.
4. «Кирпибиз» даяр! Эми өз каалооңор менен аны ар кандай жемиштер менен кооздоп, дасторконго койсоңор болот.

Дамира Арстанова
balakai@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
bugunku
2011-11-19 05:42:30
anan kirpini kantip jeibiz?:))
0
№ 463, 16-22-сентябрь, 2011-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан