ДҮЙНӨДӨ ЭМНЕ КЕП?

Таиланд

"Супер сулуу-2010" сынагынын жеңүүчүсү Бурул Бактыбек кызы
Таиландда эс алып, дал ошол крокодил фермасын көрүп келген.

ТАИЛАНД СУУ АЛДЫНДА КАЛДЫ
Нөшөрлөп жааган жаандын айынан Таиландды суу каптап, 77 провинциянын ичинен 35и суунун алдында калды. Маалыматтарга караганда, каза болгондордун саны 82ге жетип, 1 миллион 200 миң адам жабыр тарткан. Айыл чарба өсүмдүктөрү өстүрүлгөн 589 миң гектар жер суу алдында калды. Курорттук шаар болуп эсептелген Паттайяны да (Чонбури провинциясында) суу каптады. Андагы атактуу 3000 чамалуу крокодили бар ферманы суу алып кеткендиктен, узундугу 4 метрге чейин жеткен крокодилдер шаар аралап кеткен. Аларды эл көчөлөрдөн, базарлардан, пляждардан көрүшкөн. Ферманын ээси алардын ачка жана өтө коркунучтуу экенин элге эскертүүдө.
Синоптиктердин айтымында, жаандын айынан дагы 32 провинцияны суу капташы мүмкүн. Суу алдында калган аймактардын эли эвакуацияланды.

Америка

"ГУБКА БОБ" ЖАМАН ТААСИР БЕРҮҮДӨ
Виржиния университетинин психологдору "Губка Боб" сыяктуу мультфильмдерди балага көрсөтпөш керек" дешет. Анткени мындай чыныгы турмушка дал келбеген окуяларды камтыган мультфильмдер баланын көңүл буруусун начарлатып, журүм-турумуна туура эмес таасир берет экен. Тесттер көрсөткөндөй, бул мультфильмди көргөн 4 жашар балдар эсепти жакшы чыгара албай, көңүл буруусу начарлаган. Анткени балдарга каармандардын мүнөзү аз да болсо сиңип, тынч тура албай калышат.

Африка

18 ЖЫЛ ТҮРМӨДӨ ОТУРГАН ЭКС-ПРЕЗИДЕНТ КИЙИМ ЧЫГАРУУДА
Түштүк Африка Республикасынын бир кездеги президенти (1994 -1999-жылдар) Нельсон Мандела “46664” маркасындагы кийимдер линиясын чыгара баштады. Учурда ал чыгарган кийимдер өлкөдөн тышкары Ботсвана жана Намибия өлкөлөрүндө сатылууда. Жакында Европа менен АКШда саттыруу пландары бар. Эмне үчүн “46664”? Анткени кара терилүү экс-президент убагында расалык бөлүнүүгө каршы саясаты үчүн айыпталып, Роббен аралындагы “46664” аттуу түрмөдө 18 жыл отурган.

Югославия

ЖОК БОЛУП КЕТКЕН КӨЛ КАЙРА КЕЛЕТ
Күздүн келиши менен Циркницкое көлүндөгү суунун кайтып келиши күтүлүүдө. Көлдүн суусу жайында жана кышында балыктары менен кошо жоголуп кетет. Анан жазында жана күзүндө кайтып келет. Көлдүн түбүндө жана жээктерде чоң тешиктер бар. Ал тешиктер жер алдындагы каналдар менен туташат. Суу жоголгондо ошол каналдар аркылуу коңшу Либлян өрөөнүнө агып кетет. Анан учуру жеткенде кайтып келет. Суу жоголгон кезде анын ордун эл жайыт жана айдоо аянт катары пайдаланат. Кызыгы, көлдүн суусу кээ бир жылдарда 3-4 ирет жоголуп кайра келет. Көлдүн узундугу 3,8 чакырым, туурасы 700 метр.

Филиппин

БҮРКҮТТҮ ӨЛТҮРГӨНДӨР 12 ЖЫЛГА КАМАЛАТ
Филиппиндеги ири жана күчтүү бүркүт филиппин гарпиясы (же маймыл жечү куш)жоголуп бараткан эң сейрек кездешүүчү куш катары катуу кайтарууга алынууда. Аны аткандар же өлтүргөндөр 12 жылга камалат. Бүркүттүн боюнун узундугу 1 метрге, канатын жазгандагы узундугу 2 метр 20 сантиметрге чейин, салмагы 4-6 килограммга жетет. Айрым учурда топтолуп алып маймылдарга кол салып, өлтүргөндөрүнүн этин жешет.

Перизат Музуратбекова
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
kubzero
2014-12-17 15:38:36
Jakwy jakwy
0
№ 463, 16-22-сентябрь, 2011-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан