Иордан Хашимит падышачылыгы же ИОРДАНИЯ

Жакынкы Чыгыштагы араб өлкөлөрүнүн бири Иордания дегенде эсибизге Өлүк деңиз келет. Бирок бул өлкө андан башка да жерлери менен таанымал.

Жалпы аянты – 92 300 чарчы чакырым
Калкы – 5 миллион 759 миң (2005-жылдагы эл каттоо боюнча)
Акча бирдиги – Иордан динары (1 динар 1,41 доллар же 63 сом 52 тыйын)
Расмий тили – Араб тили
Борбор шаары – Амман
Көз карандысыздыкты алган күнү – 1946-жыл, 25-май (Улуу Британиядан)
Учурдагы падышасы – Абдалла II
Башкаруу формасы – Конституциялык монархия
Дини – Ислам
Чоң шаарлары – Амман, Ирбид, Эз-Зарка

КЫЗЫКТУУ ФАКТЫЛАР

  • Акаба шаарында жайгашкан желек “Гиннес рекорддор китебине” эң чоң желек катары кирген. Анын бийиктиги 30, туурасы 60, сабынын узундугу 136 метр. Бирок бул Иорданиянын желеги эмес, араб революциясынын желеги (желектин араб тилиндеги аталышы – Аль-Таура Аль-Арабия Аль-Кобра).
  • Дэвид Линдин 1962-жылы тартылган “Лоуренс Аравийский” фильми толугу менен Иорданиянын Вади Рам чөлүндө тартылган.
  • Иорданияда жылына 2 жолу эл аралык деңгээлдеги автомобиль жарышы өтөт.

УЛУТТУК ГҮЛҮ – КАРА ЧЕКИЛДЕК
Өлкө 12 мухафазага (провинция) бөлүнүп, мухафазалардын башында губернаторлор турат. Алар падыша тарабынан шайланып, Ички иштер министрлигине баш ийишет. Мухафазаларда бардыгы болуп 52 район бар. Климаты кургак жана жылуу. Фосфат, нефть, газ өндүрүлөт. Сыртка фосфат экспорттолот.
Өлкөнүн 90 пайызын чөлдөр жана жарым чөлдөр ээлейт. Буга карабастан Иорданиянын жаратылышын түрдүү деп айтсак болот. Мисалы, бийик тоолор жана дайым жашыл болуп турган токойлор, талаалар жана ысык чөлдөр. Түндүк-батышындагы тоолордо алепп аталышындагы кызыл карагайлар жана арча токою бар.
Иордан дарыясынын өрөөнү түшүмдүү. Ал жерден эмен токойчолорун жолуктурасың. Өрөөндө өлкөнүн улуттук гүлү болгон кара чекилдек (ирис) өсөт. Жана да улуттук канаттуусу – кызыл төш чымчыктар жашайт.
Негизинен, калк буудай, күнжүт, жүзүм жана буурчак өстүрүшөт. Айыл чарбасынын негизги бөлүгү зайтун дарагын өстүрүү болуп саналат.

ТУРИЗМ ЖАНА ӨЛҮК ДЕҢИЗИ
2002-жылы өлкөгө 1 миллион 622 миң турист келип, киреше 786 миллион долларды түзгөн. Туризмдин негизги объекти – байыркы Набатей цивилизациясынын урандылары сакталып калган Петра шаары.
Акаба булуңунда жумшак кораллдардын 110 түрү, катуу кораллдардын 120 түрү жана балыктын 1000дей түрү кездешет. Деңиздин түбүндөгү балырлардын арасынан угорду (жылан келбеттүү балыктын бир түрү) жолуктурууга болот. Аны Жак Кустонун суу алдындагы операторлорунун бири Людвиг Зильнер ачкан.
Аммандан түштүктө жайгашкан Кусейр-Амра сарайы ЮНЕСКОнун дүйнөлүк мурастар тизмесине кирген. Дубалдары жана шыптары фрескалар (жаңыдан жасалган шыбакка суу боёк менен тартылган сүрөт) менен кооздолуп, 2 бөлмөсүнүн полун мозаика (түрдүү түстөгү таштар, айнек сыныктары, жыгач жана металл менен кооздоо) кооздоп турат.
Өлүк деңизинин дарылык касиети 2000 жыл мурун эле билинген. Туздуу болгондон улам деңизде жаныбар да, өсүмдүк да жок.
Деңиздин жылуу климаты, ойдуңда жайгашканы жүрөк оорулары үчүн пайдасын тийгизет. Операциядан мурун 3 апта Өлүк деңизинин жээгинде эс алгандар операциядан кийин тез өзүнө келе тургандыгы далилденген.
Минералдары көп туздуу сууда киринүү адамдын терисине, дем алуу органдары, нерв системасына оң таасирин тийгизип, стресстен арылтат. Баткагы дарылык касиетке ээ. Аны артрит, кызыл жүгүрүк ооруларын айыктыруу үчүн колдонушат.

МЕЙМАНДОС ЭЛ
Иорданиянын калкы 2 топко: көчмөн жана отурукташкан болуп бөлүнөт. Ар бир топтун өзүнүн маданий баалуулуктары жана салт-санаасы бар. Отурукташкан калк жер иштетет. Чоң шаарларда (Амман жана Акаба) жашаган калктын көбү туризм тармагында иштешет.
Калкы меймандос. Чөлдө жашаган адамдар жана көптөгөн саякатчылар тамак, суу жоктугунан улам каза табышчу. Аларды өлүмдөн сактап калуу үчүн үйлөрүнө чакыра берип, бул нерсе салтка айланып калган. Иорданиянын кайсы жеринде болбоңуз, сизди “кош келиңиз” деп түшкү тамакка же чай ичип кетүүгө чакыра беришет.
Ислам дини чочконун этине жана ичкиликке тыюу салгандыктан, эл бул эрежени сактайт. Кээ бир коомдук жерлерге мырзаларды гана киргизишет. Кеңири тараган тамак түрү – фалафель. Бир караганда тефтелини элестетет. Бирок ал эттен эмес, буурчак, калемпир жана татымалдардан жасалган тамак. Хобз деген аталыштагы нандын түрү бардык тамак менен желет.
Эркектери “хаса” деп аталган жоолук сымал баш кийим кийишет. Ал кызыл же кара сызыктары бар ак түстө болот. Айымдар болсо түстүү кийимдерди кийишет.

7 КЕРЕМЕТТИН БИРИ
Инжилде ыйык деп көрсөтүлгөн жерлерге Өлүк деңиз жана чөлдөгү Керак, Шобак аттуу байыркы чептер да кирет. Керак – таштан жасалган караңгы, лабиринт сымал чеп. Шобак – тоого жабыштырылып курулган чеп. Жемиштердин плантациясы менен курчалган.
Петра шаары дүйнөнүн 7 кереметинин жаңы тизмесине кирет.Тизме 07.07.2007-жылы 2 жылдык интернет добуш берүүнүн натыйжасында Лиссабондо (Португалиянын борбору) жарыяланган.
Петрада “Индиана Жонс” фильминин 3-бөлүгү тартылган.

Перизат Музуратбекова
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
Karysh
2011-10-08 06:10:46
кооз жер экен.
0
№ 463, 16-22-сентябрь, 2011-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан