СУКТАНАРЛЫК СУЛУУЛУК КҮНҮ

Быйыл да 9-Сентябрь – Сулуулук күнүндө кызыл килем жайылып, анын үстүнөн аттуу-баштуу инсандар өтүштү. Бул саамалыкты 2 жылдан бери стилист Замира Молдошева уюштуруп келе жатат. Бул кеченин кызыктарына күбө болуңуздар.

ЭМНЕ? КАЧАН? КАЙДА?
Негизинен, Бүткүл дүйнөлүк сулуулук майрамын тосуу бизге эки жылдан бери эле жаңылык катары кирип жатат. Былтыр сулуулукту жараткан стилист, модельерлердин чыгармачылыктарына күбө болгонбуз. Быйыл да “Мыкты дизайнер”, “Мыкты модель”, “Мыкты стилист” деген наамдар үчүн катуу күрөш болду. Бардыгы болуп 11 команда катышты. Баш байгеге 100 миң сом, 1-орунга 50 миң, 2-орунга 20 миң, ал эми үчүнчү орунга 10 миң сом коюлду. Мындан сырткары “Жылдын мыкты дизайны”, "Мыкты стилист" жана "Мыкты моделге" өзүнчө сыйлыктар берилди.

Бахияна Сатылганова
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
engel
2011-09-20 15:05:43
oo ukmush videosun da koshup koisonor bolmok eken
0
№ 463, 16-22-сентябрь, 2011-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан