«Ар бирибизге түгөй буюрган... Адам баласы эмес, асманда канатын жайып көккө учкан чымчыктын да түгөйү бар” деп бала кезимде атам көп сөз кылчу эле. Кийин буйрук деген нерсенин чын экенине өз тагдырым далил болду»,- дейт Чынара катында.
– Артымдан чуркап, арзуусун айткандар арбын эле болду. Алардын арасында менин биринчи махабатым Кеңеш да бар. Төрт жыл кол кармашып жүрүп, арзыбаган таарынычтын айынан бири-бирибизден кол үзгөнбүз. Ал үйлөнүп-жайланды. Мен да андан кем калышпайын деп өмүрүмдө бир гана жолу көргөн адам менен турмуш курдум.
Тагдыр эч качан адамга баш ийбестигин өз убагында сезбегениме кээде өкүнүп кетем. Үй-бүлөлүк жашоомдо казан-аяк кагышып, болбогон нерседен чыр чыкчу болду. Жолдошум Замир башында жакшы эле көзүмдү карады. А бирок акыры эки ача жолго түштүк.
Билем, баарына өзүм күнөөлүүмүн. Себеби бактылуу турмушту Кеңеш менен гана элестетчүмүн. Ажырашканымдан 4 жыл өтүп, бул жылдар ичинде адвокаттык контора ачып, өз алдымча иштеп калууга да үлгүрдүм.
Бир күнү эле жумушта кагаздарды карап отурсам, эшик тыкылдап, башымды көтөрө сала узун бойлуу мырза менен тиктешип калдым. Бир заматтын ичинде жер астын-үстүн болуп кетти. Босогодо турган мырза менин Кеңешим болчу. “Бул күндү мен канча күттүм? Канча жаздык менин көз жашыма сууланды эле? Анын бирин да билбейсиң...” деген ичимдеги бушайман ойлорумду, таарынычымды жашылданган көздөрүм айтып турду. Кеңеш да өзүн жоготуп койду, себеби бир кездеги махабатыбызга анын кежирлиги чекит койгон. Көпкө чейин унчукпастан, көз караштарыбыз бири-бирибизди күнөөлөгөнсүп, биринчи сүйлөгөнгө моюнубуз жар бербей тургандыгын сезип турдук. Бул тирешүүдөн мен жеңилдим окшойт, кармана албай “төргө өтүңүз” дедим. Маңдай-тескей отурдук. Акыры ортобузду сөз аралады:
– Кандайсың?
– Жакшы... Өзүң?..
– Иштериң кандай?
– ...
– Ден соолукчу?..
– Ден соолугум жакшы эле, турмушумда бир аз кыйналып калдым...
Кеңештин чачын ак басып, жүдөгөнсүп, өңү азып калыптыр. Акыры “жубайың кандай, бала-чакаң?” десем, кабагы бүркөлө түшүп: “Жылдыздан айрылып калгам... Кудайга шүгүр, балдарым аман калганына”,- деп терең үшкүрүндү. Көрсө, Кеңеш үй-бүлөсү менен жол кырсыгына кабылып, жубайынан айрылып калган экен. Анын мындай абалына боорум ооруп, алып келген кагаздарын бүтүрүп, жылуу коштошуп, жолго салдым.
Эки жумага жетпей бир документтерди шылтоо кылып Кеңеш кайрадан кеңсеме келди. Өткөн-кеткенди эстеп сүйлөшүп, ортодогу таарынычтар жазылгансыды. Башында тээ жаш кезибиздей ынак достор катары сүйлөшүп жүрдүк. Акыры кайрадан сүйүшкөндөргө айландык. Арадан эки ай өтүп, Ысык-Көлгө экөөбүз бирге эс алганы бардык. Ал жактан Кеңеш баш кошууну сунуштады. Мен бул көп жыл бою күтүп, эңсеп жүргөн сунуштан баш тарта албадым. Ошентип дароо эле эки баланын энеси болуп калдым.
Тагдырыма ыраазымын. Менин текке кеткен мурунку жашоом акыры мага бакыт тартуулады. Бир жылдан кийин үйүбүздө ымыркайдын үнү жаңырып, үй-бүлөбүздү кичинекей кыз толуктады. Көрсө, буйрук деген ушул турбайбы.
Чынара
Мальвина Уметбекова
koom@super.kg