9-сентябрь күнү бийчи Назик Исраилова менен жолдошу Кубат Үмөталиевдин үйлөнүү тою болуп өттү. Жаштарды Кундуз, Мирлан Баеков, Нурлан Насип өңдүү бир катар ырчылар келип куттуктап кетишти. Ошондой эле Назиктин бийчи кыздары ресторанда ары-бери чуркап конокторду тейлеп жүрүштү.
НАЗИК ИСРАИЛОВА
Жашы – 28де
Туулган жери – Ат-Башы району, Ак-Муз айылы
Кесиби – Журналист, бийчиКУБАТ ҮМӨТАЛИЕВ
Жашы – 31де
Туулган жери – Түп району, Күрмөнтү айылы
Кесиби – Юрист
Үлпөт тойдун жүрүшүндө эки жаш менен маектешкенге жетиштик.
– Тоюңар кут болсун! Силер күткөндөй эле өтүп жатабы?
Назик: – Рахмат! Анча-мынчаны эске албаганда, мыкты өтүүдө. Мисалы, аттарын атабай эле коёюн, бирок 2-3 адам “кантип тоюңа барбай коёлу, сөзсүз келебиз” деп туруп келбей коюшту. Ушуга бир аз капа болуп калдым.
Кубат: – Бизди сыйлап келгендерге кубанып турам. Мелис Эшимканов да карындашынын үлпөт тою болуп жатканына карабастан, тоюбузга катышып кетти. Андан сырткары КРнын Эл артисти Дүйшөн Байдөбөтов да келип, тойдун аягына чейин отуруп берди. Биз абдан ыраазыбыз.
– Курбу кыздар негедир алмашып жатышты...
Назик: – Кызыктуу болсун деп саат сайын алмаштырып жаттык. Курбуларым Назира Жетигенова, Анжелика, Кундуз, Гүланда болушту.
– Үйлөнгөнүңөргө бир ай болуптур, бири-бириңердин кайсы сапатыңарды эми биле баштадыңар?
Назик: – Кубат менин алысыраак эжемдин кайниси болот. Ошол эжем бизди тааныштырган. Андыктан жолдошумдун көп эле сапаттарын билчүмүн. Бирок тамак ылгабай жей берерин кийин билдим.
Кубат: – Назиктин кежир, чыргоо экенин эми биле баштадым.
– Жубайыңызды дароо эле иштетип коюптурсуз...
Кубат: – Ооба, турмуш курганыбыздан он күн өткөндө эле иштей баштаган. Сүйүктүү кесибине тыюу салып, каршы болууга дитим барбайт. Тескерисинче, үй-бүлөбүз менен анын бийчилик өнөрүн баалайбыз. Алдыда концерттерге катышабыз деп даярданып жатышканынан да кабарым бар.
Венера Кабакбек кызы
star@super.kg