БААЛУУ КАГАЗДАР АКЦИЯ

Фондулук рынок – каржы рыногунун бир бөлүгү болуп саналат. Аталган рынокто баалуу кагаздарды алып-сатуу соодасы жүргүзүлөт. Фондулук рыноктун негизги инструменттери – акция жана облигация.
Акция – баалуу кагаз. Акционердик коомдун (мекеме, ишкана) акциясын сатып алуучу акционер деп аталат.
Акция – үлүштүк баалуу кагаз. Акцияны сатып алган адам коомдун (мекеме, ишкана) тең ээси (совладелец) болуп калат да төмөнкү укуктарга ээ болот:

  • Акционердик коомго түшкөн таза кирешенин (прибыль) өзүнө тиешелүү бөлүгүн алуу (дивиденд).
  • Акционердик коомдун иштерин башкарууга катышуу.
  • Эгер акционердик коом банкрот болуп же жоюлуп кетсе, андагы мүлктүн өзүнө тиешелүү бөлүгүн алуу.

Акцияларды акционердик коомдор чыгарышат. Акционердик коом ачык жана жабык болуп бөлүнөт. Ачык Акционердик Коомунда (ААК) акцияларды анын ээси каалаган убагында, каалаган кардарга сатып жиберүүгө укугу бар. Ал эми Жабык Акционердик Коомуна (ЖАК) башында түзгөндөрдөн башка адамдар акционер боло алышпайт. Акция ээлери акцияларын ич ара бири-бирине гана сата алышат.
Акционердик коом жалпы түшкөн таза пайданын эң аз дегенде 25 пайызын акционерлерге дивиденд катары берүүсү шарт. Айта кете турган жагдай, акционерлердин кирешеси компаниянын ишинен көз каранды. Эгер иш жүрүшпөй калса, акционерлер чыгым болушат. Ушуга байланыштуу акцияны сатып алууда тобокелчилик чоң.
Өлкөбүздө төмөнкү ишканалардын акцияларына кызыгуу көп. Алар: Эл аралык «Манас» аэропорту, «Кыргызтелеком», «Түндүкэлектр», «ЦУМ-Айчүрөк», «Кыргызнефтегаз» ААКлары жана башкалар. Аталган ишканалар үзгүлтүксүз өзүнүн акционерлерине дивиденддерди төлөп беришкендиктен, бул ишканалардын акцияларынын баасы улам өсүүдө.
Төмөнкү таблицада жогоруда аталган ишканалардын кээ бирлеринин акцияларынын баасы канчалык деңгээлде өскөнү көрсөтүлгөн.


Жогорудагы таблицада көрүп турганыңыздай, 2007-жылы "Манас" аэропортунун акциясы 16 сом болсо, 2011-жылы 35 сомго өскөн. Бул учурда, 2007-жылы 16 000 сомго 1000 акция алган ишкер 2011-жылы анын баасы 35 000 сомго көтөрүлүшү менен ортодон 19 000 сом таза кирешеге ээ болду.
Ата мекендик ишканалардын акциялары узак мөөнөттүк болгондуктан, пайда 2-3 жылдан кийин түшө баштайт.
Кийинки саныбызда сөз облигация тууралуу болмокчу.

Дивиденд – акционердик коомдун таза кирешесинин бир бөлүгүн өзүнүн акционерлерине төлөп бере турган акча каражаты.

Экономикалык суроолорго «СЕНТИ» компаниясынын адиси Адилбек уулу Шумкар жооп берди. Кеңири кеңеш алуу үчүн (0312) 32-33-28 номерине кайрылыңыз.

Кубаныч Сыдыков
kenesh@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
Nurtotash
2011-09-26 10:24:44
Jakshy, sapattuu jazylyptyr
+1
№ 463, 16-22-сентябрь, 2011-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан