Дүйнөнү өзгөрткөн 13 эркек. СОЛОМОН ПРАЙС

НЬЮ-ЙОРКТОН ЧЫККАН СОЛОМОН ПРАЙС
Дүйнөнү өзгөрткөн 13 эркектин бири Соломон Прайс 1916-жылы Нью-Йорк шаарында жарык дүйнөгө келген. Үч бир тууган, агасы жана карындашы бар. Аны кичинесинде Сол деп эркелетишчү.
Сол 13 жашка чыкканда үй-бүлөсү Калифорния штатынын Сан-Диего шаарына көчүп келет. Мында атасы фирмада айымдардын кийимин дүкөндөргө таратуучу болуп иштей баштайт. Анын иши илгерилеп, Соломон университеттен билим алып, юристтик кесипке ээ болот. Анын группалаш-курсташтары “ал студент кезинде эле эрктүү жана эмгекчил болчу” дешет. Жогорку билим алганына карабастан, кийинчерээк Соломон Прайс “жаңы нерсени жаратыш үчүн жогорку билим сөзсүз керек эмес” деген оюн билдирген.

ГЕНИАЛДУУ ПЛАНЫН 60 ЖАШЫНДА ИШКЕ АШЫРГАН
Алгач Сол “Фед Март” супермаркет тармагын түзөт. Ал супермаркеттерде биринчи жолу улуттук товарларды арзандатып саттыра баштайт. Бул ыкма ошол мезгилдеги бааны коргоо мыйзамына каршы келген. Кирешеси туруктуу өсүп келе жаткан бизнесин ал чекене соода менен алектенген батыш германдык Хьюг Маннга сатып жиберет. Бирок башкаруучу болуп кала берет. Тилекке каршы, бир жылдан кийин алар иштеше албай, Манн Соломонду жумуштан чыгарып салат.
Атактуу “Прайс Клабды” (“Баа клубу”) бир жылдан кийин, 1976-жылы негиздейт. Анын ачылып калышы да өтө кызык. 60 жаштагы жумушсуз Соломон эки уулу менен Сан-Диегонун көчөлөрүн кыдырып жүрүп чекене соода кылган майда соодагерлер менен кобурашып калат. Сатуучулар таттуу момпосуй, тамеки жана ичимдик сыяктуу товарларды таратуучулар өтө кымбат баада таратышарын айтышат. Муну уккан Сол чекене соода кылуучулар ушундан улам азайып бара жаткандыгын түшүнөт. Сол жакшылап акыл калчап, товар өндүрүүчү менен сатып алуучунун ортосундагы узун чынжырды кыскартуу керек экендигин сезет. Анан ал жаңы система ойлоп чыгат. Ал боюнча чекене соодагерлер фирмалык товарларды дүң баада кыйла арзан (мурункудан 8-10 пайыз) алат. Жеткирүү кызматын колдонбостон, соодагер алчусун кампанын өзүнөн алса болот. Кыскасы, товар сатуучуга жеткиче эле кымбаттап кете турганын аңдаган Соломон жаңы системаны ишке ашырууну колго алат.

ЧЫДАМЫ ЖОК ИННОВАТОР
Убакытты көп чойбостон “Фед Марттан” түшкөн 800 миң долларына жергиликтүү бизнесменден карызга алган 1 миллионду, саткан акцияларынан түшкөн 500 миң долларды кошуп, шаар четиндеги учактын эски ангарында ишин баштайт. Башында, болгону, 3 миң түрлүү товарды компаниялардын өзүнөн алып, үстүнө азыраак кошуп сата баштайт. Ал эми анын атаандаштарында 100 миңге чейинки товардын түрү болгон. “Прайс Клабдын” айырмасы, дүң жана чекене соода кылат. Эми жарнак, товар чогултуу, жеткирүү, насыялык карталар, кампалар сыяктуулардын кереги жок эле. Дал ушул ыкма акырындык менен калктын калың катмарына сүңгүп кирет. Биринчи жылдары киреше дээрлик түшкөн эмес. “Прайс Клаб” өзүн жарнамалаган да эмес. Эл бири-биринен угуп отуруп Солдун кампасына келе баштайт. Анткени баары эле фирмалык товарларды арзан алгысы келет. Чындыгында, кампа ижарасы арзан болуш үчүн шаардан бир топ алыс жайгашкан эле. Бирок эл ага карабастан агылып келип, Соломондун иши ойдогудай жүрөт. 1981-жылы сатылган товардын көлөмү 230 миллион долларга жетсе, 1991-жылы жылдык кирешеси 10 миллиард долларга жеткен. Ал эми өзүнүн жеке байлыгы 1991-жылы 335 миллион доллар болгон.
Анын кампалары канчалык көбөйсө да, Соломон күн сайын аларды кыдырып, товарлардагы чаңды сүрттүрүп, тазалатып, баарына көзөмөл жүргүзүүгө жетишчү. Сол компанияны канчалык катуу тартипте башкарса, үй-бүлөсүн да ошондой башкарууну каалаган. Анын айынан аялы менен ажырашып, кичүү баласы менен соттошкон.
Соломон “максималдуу сапаттуу товар максималдуу арзан баада” деген принцип менен иш алпарган. Анын бул принциби атын тарыхта калтырууга жардам берди.
Инноватор 2009-жылы 14-декабрда көз жумган.

Азамат Абдраев
kenesh@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
kyrqyz
2011-09-19 17:09:28
башынан сенин
0
Nura
2011-09-20 09:32:59
"Дүйнөнү өзгөрткөн 13 эркек"- деген мага абдан жакты, кызыктуу экен..
Азамат Абдраев - азаматсыз!!
0
№ 463, 16-22-сентябрь, 2011-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан