КЫТАЙДЫН МЫНДАЙ БУТ КИЙИМДЕРИ КҮЙҮККӨ ДУУШАР КЫЛАТ!

Кытайдын арзан товарларынан адамдар көп жапа чегишерин жазып эле келебиз. Бул ирет бутка илип алмайлардын зыяны тууралуу кеп кылабыз.

Америкалык жигит соода түйүнүнөн жайкы бутка илип алмай (шлёпанцы) сатып алган. Этикеткасында чыгарылган өлкөсү катары Кытай көрсөтүлгөн. “Жайкы ысыкта бутум аба жутуп, эс алсын” деген жигит илип алмайды 2-3 ирет кийген соң эле бутунан кандайдыр бир оорутууну сезет. Бирок “жаңылыгын кылып жатат окшойт” деп алгач маани бербейт. Акырында дарыгерге кайрылууга аргасыз болот. Анткени бутунда кычышуу жана кызаруу жаралган. Дарыгер анын буту химиялык күйүккө чалдыкканын айтат. Көрсө, илип алмайдын үстүндөгү ичке тасмасы (ремешка) колдонууга жарабай турган материалдан жасалыптыр. Башкача айтканда, терини химиялык күйүккө дуушарлантуучу материалдан жасалган экен!
Учурда дүйнөлүк рыноктогу бут кийимдердин 60 пайызга жакыны Кытайдан чыгарылат. Демек, бул бут кийимдер дүйнөнүн ар бурчунда сатылат. Анын ичинде Кыргызстанда да. “Арзандын тузу татыбайт” демекчи, канчалык арзан болсо, ошончолук сапаты төмөн. Андыктан арзанына качырып сапатсыз бут кийим алып, ден соолугуңузга зыян келтирип албаңыз.
 

Канымжан Усупбекова
kenesh@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (4)
operaledi
2011-09-19 17:24:28
Жумуртка, куруч, чачка резинка, шлепацы... Дагы эмнеси калды???
0
huba-buba
2011-09-22 11:44:49
bilgenden bile elegibiz kop tuugandar!
0
kara_pantera
2011-10-23 16:22:29
Ошентип кытай бизди акырын кырып атат да.
0
kesha1
2012-05-08 21:56:15
кытайдын бут кийими жаман болсо,озубуз ошондой бут кийимди чыгара албайбызго,ошон учун сын койбой жон эле кийгиле кыкелер:)))))
0
№ 463, 16-22-сентябрь, 2011-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан