Сыртынан кооз, айыпсыз көрүнгөн резинка чач байлагычтардан жыныстык жактан жугуучу оорулар жугуп жатат десек ишенесизби? Ишенбесеңиз, анда төмөнкү фактылар ишендирет.
Кытайдын мамлекеттик басма сөз каражаттары колдонулган презервативдерден учурда чач байлагыч резинкалар жасалып жаткандыгы тууралуу жазып чыгышууда. Андай чач байлагычтар Кытайдын базарларынан, соода түйүндөрүнөн жана сулуулук салондорунан да табылууда. Көбүнчөсү Дунгань, Гуанчжоу жана Гуандун шаарларынан.
Жергиликтүү гезиттерде: «Мындай арзан жана кооз чач байлагычтар көп сатылуу менен элдин саламаттыгына коркунуч туудурууда. Колдонулган презервативдерде жыныстык жактан жугуучу оорулардын бактериялары жана вирустары сакталып кала берет. Чач резинкаларды колдонууда адамдар аны оозуна тиштеп алуу менен андагы ооруларды өздөрүнө жуктуруп алышат. Мисалы, жука чурайдын папиломасы, микоплазмоз, уреаплазмоз, хламидиоз, сифилис оорулары жана башкалар»,- деп жазылууда.
Колдонулган презервативдерди конок үйлөрүнөн, сауна, сойкукана жана башка жактардан чогултуп келишет да, арзан баада өткөрүшөт. Аларды кайчы менен тегеректеп кесип алышып, сыртынан кооз жиптер менен чырмап коюшат. Резинка даяр!
Айта кетсек, 1 презервативден 4-5 чач байлагыч чыгат. Резинкаларга суроо-талап көп болгондуктан, соодагерлер аларды дүңүнөн сатып алып, кайра сатышат. Кейиштүүсү, мындай ооруларды жуктуруучу резинкалар Кытайдан тышкаркы өлкөлөргө да көмүскө экспорттолуп жатканы тууралуу маалыматтар көп.
Презервативдерди кайра иштетүү мыйзамда жок. Бирок Кытай өндүрүшчүлөрү буга чейин деле көмүскө пайдаланып келишкен. Учурда Кытайда айтылган чач байлагычтарды саткандарга атайын жаза көрүлүүдө. Басылмалар мындай товарларды сатып албоо жана пайдаланбоо тууралуу жазып чыгышууда.
Бизге да келип жатабы?
Материалды даярдап жатып “Кыргызстанга да ушундай резинкалар келип жаткан жокпу?” деген ойго кептелдик. Тактап билүү үчүн “Ош базарына” жана “Орто-Сай” базарларына барып, ар кай жерлеринен чач байлагыч резинкаларды сатып алдык. Кеңсеге келип, аларды кесип ичин текшерип көрсөк, презервативдин кесиндиси эмес, кадимки резинка чыкты. «Өх» деп жеңилдей түштүк. Бирок «мүмкүн, биздин колго тийбегени менен, кайсы бир жерлерде сатылып жатпасын?» деген кооптонуу жаралбай койбоду. Эмнеси болсо да, замандаш, чач байлагыч аларда сак боло көрүңүз. Анткени Кытайдын көмүскө экономикасы 1 мүнөт да уктабайт.
Канымжан Усупбекова
kenesh@super.kg