ААЛАМ АПТА ИЧИНДЕ

АКШ

11-СЕНТЯБРЬ ТЕРАКТЫНА АРНАЛГАН ЭСТЕЛИК АЧЫЛДЫ
2001-жылдын 11-сентябрында АКШнын тарыхында алаамат окуялардын бири катталып, учакты барымтага алган террорчулардын айынан 3 миңдей киши көз жумган. Ал окуяда Нью-Йорк шаарындагы дүйнөлүк соода борборуна таандык эгиз мунаралар кулаган. Эстелик кара түстө жана төрт чарчы формасында жасалып, бассейнди элестеткен монумент мунаранын пайдубалынын ордуна коюлган. “Бассейнге” суу куюлуп турат.
11-сентябрь күнү АКШда каза болгондорду эскерип гана тим болбостон, өлкөнүн күч түзүмдөрү өзгөчө кырдаал режиминде иш алып барышты.

Орусия

ДЕПУТАТТАР ҮЧҮН ДИЕТА
Мамдумадагы коммунисттер партиясынын депутаттары кесиптештери үчүн диета түзүп чыгышты. Керектөөчү корзина жөнүндө мыйзамга киргизилүүчү өзгөртүүгө ылайык, орусиялык жаранга бир күндүн ичинде 366 грамм нан же кесме, 300 грамм картошка, 100 грамм эт, 30 грамм балык жетиштүү деп жазылат. Коммунисттердин айтымында, ушундай ыкма менен тамактана баштаган аткаминерлер жалпы калктын тамактануу нормасын жогорулатуу үчүн чараларды кабыл алууга киришет.

Ооганстан

“ТАЛИБАН” КАБУЛГА КОЛ САЛДЫ
14-сентябрга караган түнү “Талибан” кыймылынын согушчандары Кабул шаарынын бир кварталына кол салышып, анда 7 киши набыт болду. Бул кварталда НАТО башкаруусунун алдындагы коалициялык күчтүн штабы жана элчиликтер орун алган. “Талибандын” согушчандары Кабулга 13-сентябрь күнү басып киришкенде эле өзгөчө коргоого алынган кварталда катары менен жардыруулар болуп өткөн.

Египет

ЭРДОГАН – АЛКЫШТАРДЫН ЛИДЕРИ
Каир шаарында 13-сентябрда болуп өткөн Араб мамлекеттер лигасынын жыйыны Түркиянын өкмөт башчысы Режеп Тайып Эрдогандын триумфалдуу сөзү менен эсте калды. Ал сүйлөп жаткан учур бир канча ирет кызуу кол чабуулардын айынан үзгүлтүккө учурап жатты. Эрдоган бул сапар дүйнөнүн бардык өлкөлөрүн көз карандысыздыгын таануу тууралуу палестиналык билдирүүнү колдоого чакырды. Анын жакын арада БУУнун Башкы ассамблеясында каралары айтылды.

Улуу Британия

КАДЫР-БАРК 100 МИЛЛИОН ФУНТКА БААЛАНАТ
Лондон жана башка ири шаарларда август айында болуп өткөн баш аламандыктардан кийин имиджди калыбына келтирүү жана туристтердин ишенимин кайтаруу үчүн бийлик 100 миллион фунт сарптамай болду. Андан сырткары ички туризмди өнүктүрүүгө дагы 3 миллион фунт бөлүнөт. Бүгүнкү күндө чыгым миллионду чапчып отурса, эсепчилер жакынкы үч жылдын ичинде мындан беш эсе, тагыраагы, 500 миллион фунт пайда түшөт деп отурушат.

КМШ

ӨЗБЕКСТАН ЖККУдан (ОДКБ) ЧЫГАРЫЛАБЫ?
КМШга кирген өлкө башчылардын саммитинде орусиялык аткаминерлер Бажы союзу жана Жамааттык коопсуздук келишим уюму (ЖККУ) жөнүндө макулдашууга өзгөртүү киргизишерин айтышты. ЖККУнун реформасына көңүл бурсак, анын катарынан Өзбекстандын чыгарылышы каралууда.
Бажы союзунун реформасы курамына Украинаны кошуу аракетинен улам келип чыккан. Бажы союзу 2010-жылдын январынан тарта Беларусь, Орусия жана Казакстандын катышуусу менен ишке киришкен.

Эльвира Караева
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 463, 16-22-сентябрь, 2011-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан