ГРУЗИЯ КАНТИП РЕФОРМА ЖАСАЙ АЛДЫ?

(Башталышы өткөн сандарда)

“Биз реформаларды жасадык, бирок азыр биз бийликте эмеспиз”,- дешет Грузиядагы эң мыкты реформаларды ишке ашырган экс-чиновниктер. Балким, бул өлкөдөгү реформалар жалаң гана туура адамдардын бийликке келгендигинендир?
“Ар бир реформачы идеалист, фундаменталист болуусу керек, болбосо реформалар ишке ашпайт”,- дейт Каха Бендукидзе. Көрсө, Саакашвилинин тобуна кошулгандар эркиндик идеясына ишенип, либералдык экономика өлкөнү кедейликтен алып чыгарына көздөрү жеткен экен.
Андан дагы кызыгы, алар ар кыл дүйнөлүк окуу жайларын аяктаган, иштесе иштин майын чыгарган жаш адамдарды бийликке тартышкан.
Мисалы, Екатерина Шарашидзе АКШнын Гарвард, кийинчерээк Массачусет университеттерин аяктаса, Давид Чантладзе Улуу Британияда, Лондондо билим алган. Ал эми президент Михаил Саакашвилинин өзү дүйнөдөгү эң мыктылардын бири болгон Америкадагы Колумбиялык университетте билим алган.
Саакашвили Грузиядан эле билим алып, бирок иш жүзүндө өзүн көрсөтө алган адамдарды да таба билип, аларды бийик деңгээлге көтөрмөлөгөнгө жетишкен. Мисалы, Грузиянын Каржы министринин орун басары болгон, Гога (Георгий) аттуу 25 жаштагы жигит менен таанышканбыз. Ал каржы жана бажы кызматтарын абдан терең реформалап чыккан. Элестетсеңиздер, 25 жашта!
Өткөн санда Грузиянын башчылыгына келген Михаил Саакашвилинин жаңы команданы кимдерден түзүп, кантип топтогону тууралуу сөз кылганбыз. Эми командасына көз жүгүртүп көрөлү:
1. Екатерина Шарашидзе АКШнын Гарвард, кийинчерээк Массачусет университеттерин аяктаган. Мекенине келип, президенттин экономикалык өнүгүү жана инвестиция тартуу боюнча атайын кеңешчиси болуп иштей баштайт. Кийин башка мамлекеттик жумуштарга которулуп турган.
2. Давид Чантладзе Улуу Британияда, Лондондо окуп, финансылык тармакта иштеген. Грузияга келип, Салык кодексин реформалоо боюнча комиссиянын мүчөсү болуп, 2007-жылдан бери Жаратылыш жана аны коргоо министри катары иштөөдө.
3. Албетте, мындай мисалдар көп. Биз өтө маанилүүлөрүн айттык. Бирок азыркы Грузиянын абалына чоң салым кошкон инсан – Каха Бендукидзе. Ал – Орусиядан келген белгилүү орусиялык олигарх. Президент менен бир жолу жолуккандан кийин эле Экономика министри болуп дайындалат. Ал бардык мамлекеттик ишканаларды, калыптанып калган системаны оңой-олтоң реформалай алган.
“Биздин негизги реформабыз – адам. Ага бул дүйнөнү өзгөртүүдө жолтоо болбош керек. Эркиндикти түптөшүбүз зарыл” деген сөздөрдү айткан чоң ишкердин компаниясынын бюджети Грузияныкынан да көп болчу. Каха Бендукидзенин ОМЗ ишканасынын 2003-жылкы кирешеси
546,2 миллион долларды түзсө, ушул эле жылкы Грузиянын бюджетинин кирешеси 434,9 миллион долларды түзгөн. Булар мамлекеттик кызматка жеке сектордон келип, мамлекеттик иштерди ишкердик көз караш менен карашып, натыйжада коомдогу парадигма өзгөрө баштаган. Алар жаңы Грузияны курууда үч негизги нерсеге басым жасашкан: дебюрократизация, менчиктештирүү, либерализация.
Михаил Саакашвилини, Грузияны мактайлы же Кыргызстанды басынталы деген ниеттен алыспыз. Болгону, “чогуу чоңойгон” мамлекеттен артта калганыбызды, бизге эле окшош эл реформалары менен чоң мамлекеттерге үлгү көрсөтүп жашап жатканын окурмандарга айтуу менен биздин мүмкүнчүлүгүбүз бар экенин көрсөтүүнү максат кылабыз. Учурда өлкөбүздөгү жарандардын көпчүлүгү үмүтсүздүк менен жашап жатышат. Биз да ошондой, жадакалса андан да укмуш өлкөнү кура алабыз, бизге ынтымак гана керек.

ЖАҢЫ ГРУЗИЯ МАМЛЕКЕТИНИН ТҮПТӨЛҮШҮНӨ
ЧОҢ САЛЫМ КОШКОН КАХА БЕНДУКИДЗЕ
Каха Бендукидзе 1956-жылы 20-апрелде Тбилисиде туулган. 1977-жылы Тбилиси мамлекеттик университетинин биология факультетин бүтүргөн. 1980-жылы М.В.Ломоносов атындагы Москва мамлекеттик университетинин аспирантурасын аяктаган. 1985-жылы Москвага көчүп, биотехникалык институтту жетектейт. 1988-жылы “Био-процесс” деген бирикмени түзүү менен ишкердикти баштайт. 1996-жылы “Бириккен машине куруу заводдору” деген оор машина куруу компаниясын негиздеп, анын Директорлор кеңешинин төрагасы жана генералдык директору болуп иштей баштайт. Ошол эле убакта Орусиянын Өнөр жайчылар жана ишкерлер бирикмесинин вице-президенти болуп, Салык жана бюджет саясаты боюнча комитетин башкарчу. 2004-жылы февралда БМЗнын генералдык директору кызматынан кетет. 2004-жылы Тбилисиге келип, Грузиянын Экономика министри болуп дайындалат. 2004-жылдын август-декабрь айлары Экономиканы өнүктүрүү министри, андан соң Реформаларды координациялоо министри, 2008-жылдын 30-январынан 2009-жылдын 7-февралына чейин Грузия өкмөтүнүн канцеляриясын жетектеди.

(Уландысы кийинки сандарда)

Эмил Үмөталиев,
Жаныбек Абидетегин,
Мирсулжан Намазалиев

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
kalpak
2011-09-19 21:49:40
Мына силерге биздин итке минерлер!!! Саакашвилиден сабак алгыла. Качанга чейин бийлик-байлык, талап-тоноо менен отосунор!? Карагылачы 25 жаштагы баланын жасаган иштерин, силердин акылынарга сыйбачу иштерди жасаптыр. Эгер кумурскадай кичине уятынар болсо, ушуну окуп уялат бекнсинер!? 20 жылдан бери бийликте журосунор, кылган ишинерден поктун да дайыны жок. Дагы озунорчо реформа жасайбыз деп тилинер менен буудай кууруйсунар. Соз менен эмес, Саакашвилиге окшоп иш жузундо корсоткуло.
0
№ 463, 16-22-сентябрь, 2011-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан