Өмүрбек Текебаев ЖКнын 5-чакырылышында фракция жетекчиси болуп турганда Адахан Мадумаров депутаттык төш белгиге жетпей аянтта кыйла айгай салган. Андан эки-үч жыл мурун “Ак жолду” жетектеген Адахан мырза шайлоодон өтүп, спикердин креслосунда чалкалап отурганда ошол эле Өмүрбек мырза борттун сыртында калган. Учурда такыр келишпестей көрүнгөн бул экөөнүн саясат сапары, чынында, чогуу башталып, эки кочкор бир казанда жанаша эле кайнап келген. Биз экөөнүн чыйыр жолуна сереп салдык.
Өмүрбек Текебаев,
“Ата Мекен” партиясынын лидери
1958-жылы 22-декабрда Жалал-Абад облусуна караштуу Базар-Коргон районунун Акман айылында төрөлгөн.
Физика мугалими жана юрист.
Ата-энеси колхоздо иштеген. 5 бир тууган. Эжеси, карындашы жана 2 иниси бар. Жубайы – Айгүл, 2 уул, 2 кыздын атасы.
Адахан Мадумаров,
“Бүтүн Кыргызстан” партиясынын лидери
1965-жылы 9-мартта Ош облусуна караштуу Өзгөн районунун Куршаб айылында туулган.
Тарыхчы жана юрист.
Атасы мугалим, апасы үй кожойкеси болгон. 5 кыз жана 3 уул бир туугандардын ичинен экинчиси. Жубайы – Агилаш, 3 уулу бар.
САЯСИЙ ОЛИМП КАНТИП БАГЫНДЫРЫЛГАН?
Сөздү эки мырзанын уруусунан баштайлы. “Атаң ким? Урууң ким?” деген суроолор кыргыздын канына сиңип бүткөн эмеспи. Адахан мырза менен болгон соңку маегибизде “бостон уруусунан болом” деген. Бостон ичкиликтер канатына кирет. Ушул эле чоң топко Текебаевдин уруусу да кошулат. Экөө тең түштүк аймагынан: бири Оштон, экинчиси Жалал-Абад облусунан. Мектептин “отличник” окуучулары, кийин мугалимдик тармакка тапшырышкан. Айырмасы, Мадумаров гуманитардык илимдердин ичинен тарыхты тандаса, Өмүрбек мырза так илимге жакын чыгар, физикага сапар алат. Кийин жолдору биригип, мыйзамдарды папкалап чыгарган “Жогорку Кеңеш” деген заводго келишкенде экөө тең юридикалык билим алышкан.
Эми кантип саясаттын чоң сахнасына келип калганын байкайлы. Кадимки карапайым адамдардын бири болгон Чиркештин уулунун ысымы да, күрүч эгип тиричилигин өткөргөн Кимсанбайдын уулунун ысымы да парламенттин трибунасы аркылуу таанылды. Депутат деген милдетпи, жүкпү же кадыр-баркпы, кыскасы, ушул кызматтын арты менен экөө белгилүү болуп чыга келишти. Депутаттык ишмердиктеги окшоштугу – алардын тайманбастыгы, курчтугу, тили. Буга ошол кезде чыккан гезиттердеги макалалар далил, эстен чыгара элек агай-эжейлерибиз күбө. Далай жылды артка таштап койгон экөөнү “карышкыр депутаттар” тобуна кошсо жарашат, анын үстүнө Текебаев да, Мадумаров да парламенттин спикерлик кызматынын тузун татууга жетишкен.
Сандар саймедирейт:
Өмүрбек Текебаев 1991-жылы СССРдин Жогорку Кеңешинин депутаты болуп шайланып, 1992-жылы негизделген “Ата Мекен” партиясы менен Жогорку Кеңешке келген. 1995-жылдан тарта парламенттин биринчи, экинчи, үчүнчү чакырылыштарынын депутаты. 2005-2006-жылдары ЖКнын төрагасы болуп турган. Төртүнчү чакырылыштын шайлоосунан өтпөй калып, учурдагы бешинчи чакырылыштын депутаты.
Адахан Мадумаров парламентке 1995-жылы баш баккан боюнча 2000-жылы кайрадан депутат болуп шайланып, үчүнчү чакырылышта да ЖКга келген. Ал эми төртүнчү чакырылышында 12 жылдык депутаттык тажрыйбасы менен спикер болуп шайланат. Былтыркы шайлоонун жыйынтыгы боюнча, ал жетектеген “Бүтүн Кыргызстан” партиясы ЖКга өтпөй калган.
ОППОЗИЦИОНЕРЛЕР
Мадумаров менен Текебаев – депутаттык жылдарында Ак үйдү кылычы менен эмес, тайманбас курч тили менен чаап тургандар. Түштөн кийин кыйын болгондорду да көрдүк. Алардан айырмаланып экөө – ошол революциялар түшкө кире элек жылдары эле алгачкы ажонун былыктарын чукуп, тике айткан саналуу адамдар. Азыр оппозиционер болуу кадыр-барктуу деп саналса, анда өзүнө өлүм өкүмүн чыгаруу менен барабар болгону бештен белгилүү.
1998-жылы 23-октябрда “Кыргыз руху” гезитине чыккан Адахан Мадумаровдун маегинде: “Мен өзүмдү оппозициядамын деп эсептебейм. Бирок мени бийликтегилер оппозицияда көрүшөт”,- деп айтат. Бийликтин командасында эместиги айдан ачык болгону менен, биротоло оппозицияга өзүн кошуп алгысы келбейт өңдүү. Мындай сапаты Бакиевдин командасынан кеткенде да байкалган. Же ак дебей, же көк дебей, оппозициянын тобуна да кошулбай, Ак үйдүн эшигин тарс жаап кеткен боюнча кайра ачкан эмес. Бирок 7-апрелге саналуу күндөр калганда, тагыраагы 2010-жылдын февралында “Азаттыкка” Адахан мырза агынан жарылган. Ошондо да түз айтпай, Бакиевдин бийлигин арабасы алдына коюлган атка окшоштурган эле.
Ал эми Акаевдин бийлигине Өмүрбек Текебаев каршы экенин президенттик шайлоолордо атаандаш болуп чыкканында эле билдирген. Тээ 1996-жылы 25-сентябрда чыккан “Кыргыз руху” гезитинин макаласында Өмүрбек Текебаев: “Эл үчүн жанымды аябайм” деген депутаттар бүгүн бийлик үчүн сатылып отурганы өкүнүчтүү. Кечээ эле калктын арасында жүрүп, азыр чоң дасторкондун четине отуруп калганына курсант болгондор бар. Жети жылдан бери элдин өкүлү болуп, ушул ЖКдамын. Кечээ келгендер дароо эле өз позицияларын өзгөрткөндөрү, албетте, өкүндүрөт”,- деп айткан.
ЭКӨӨ ТУУРАЛУУ ЖӨӨ ЖОМОКТОР ДА БИР
ММКлардан тышкары, ушакчылардын иши катуу жүрөт. Эл деген сел экен, расмий айтылган сөзгө караганда көчөдөгү айың кеп ишенимдүү көрүнөт сыңары. Муну өз жайына коёлу, анткени сөзүбүздүн төркүнү башка. Азыр Өмүрбек Текебаев менен Адахан Мадумаровду бир кайыкта элестетишибиз татаал болсо, кезинде бул экөө ийиндеше бири-бирин колдошчу. Атүгүл экөөнө карата жөө жомоктор “комплект” болуп чыкчу. Мисалы, 1998-жылы бир гезитке берген маегинде Адахан Мадумаров “Текебаев экөө түрмөдөгүлөр менен жолугуптур деген ушак тараптыр. Керек болсо бул ушак үчүн мен сотко берем” дейт. Ошол жылдары “Ош окуясынан кийин камалгандар менен экөө жолугуп, аларды бошотушат имиш” деген айың тараган. Мунун чындыгы канчалык экени белгисиз, бирок кийинчерээк далай ирет “Мадумаровду эгерде депутаттыкка өткөрбөй коюшса, Оштон атчандар менен келет экен” деген ушактар да болгон. Мындай жөө жомоктор бүгүн деле актуалдуу.
АЖЫРАШАР АЯК
Көрүп келгенибиздей, эки бараандуу саясатчы көпкө чейин бир кайыкта келишкен. Эл Текебаевди “принципиалдуу” деген бир сөз менен жазбай тааныса, Мадумаров «өжөрдүгү» менен таанымал. Экөө 2005-жылдын 24-март күнүнө чейин дээрлик бир жээкте келип, жеңиштин жемишин чогуу татышкан. Өмүрбек мырза төрага болду, бирок бул орун көпкө буюрбай, Бакиев элдин үмүтүн актабасын эрте аңдап, ачык оппозицияга бөлүнүп кетти. Ал эми Адахан мырза дал ошол Бакиевдин заманында вице-премьер, мамлекеттик катчы, спикер жана Коопсуздук кеңештин катчысы болгонго жетишти. Демек, март окуясы экөөнү эки жолго салган десек болчудай.
Эски гезиттердин беттерин барактап отуруп, мындан 16 жыл мурун Адахан Мадумаров айткан “президенттик шайлоодон кайсы талапкерди марадан көрүп жатам? Кемчилиги жок адам болбойт. Осмоновдун бой-келбетин, Шеримкуловдун саясатчылдыгын, Акаевдин аналитикалык акылын, Масалиевдин тазалыгын, Раззаковдун айкөлдүк, адамгерчилик жана адилеттигин айткым келет. Мына ушул беш кишинин баарын бириктирип, алардын сапаттарын жууруп, бир кишини жасап алганда мен дал ошондой президентти көрүүнү каалайм” деген сөзүнө көзүм түштү. Алдыда шайлоо күтүп турат. Мындай сапаттагы адамдын табылышына ишенүү оор. Учурда ажо болом деп теминип тургандардын катарында Адахан Мадумаров менен Өмүрбек Текебаев да бар. Бир нече жылдык тажрыйбадан соң бул экөөндө жогоруда айтылгандай сапаттар пайда болду бекен? Кызык, бүгүнкү күндө экөө өздөрүнөн жогорудагы сапаттарды көрүшөт бекен? Элчи?
ТЕКЕБАЕВ МЕНЕН МАДУМАРОВГО БАЙЛАНЫШТУУ...
Эльвира Караева
politika@super.kg