Бир учурда эле адамды сүйүп жана жек көрүүгө мүмкүнбү?.. Ооба же жок деп айтуу өтө эле оңой нерсе. Бирок биздин каарманыбыз Гүлнурга бул суроого жооп берүү өтө эле кыйын болуп турат.
“АЛГАНЧА АЛТЫНЫМ...”
– 2010-жылдын 14-август күнү Новопокровкадагы №3-абакта камакта жаткан досумдун абалын сураганы курбум экөөбүз барганбыз. Бир аз сүйлөшүп отуруп, эми чыгалы деп жатсак, бир дос баласы камерага кирип келди. Узун бойлуу, кара тору, жылдыздуу мырза экен. Эски тааныштардай болуп биз менен жылуу учурашып, колун сунуп “атым Мирлан” деди жылмая. Ошол эле күнү кечинде мага телефон чалып, ар кайсыны сүйлөшүп калдык. Жанымды койбой, “сени дагы көрбөсөм өлөм” деп тамаша-чынга салып, сөз арасында айтып жатты. Эртеси таң атпай телефон чалып, “жаным, ойгондуңбу? Сени аябай көргүм келип жатат, такси менен эле тезирээк келе калчы” деп жалдырады. Жолугушуу бөлмөсүндө экөөбүз тиктешип көпкө отурдук. Анан ал “сени көргөндөн бери жаным жай таппай жатат” деп арзуусун айтты. Биз, аялзаты табиятыбыздан ушундай ишенчээк болот экенбиз. Ошентип, экөөбүз кыз-жигит болуп калдык. Ал мага “катасыз жашоо болбойт экен. Башында “Кумтөрдө” иштечүмүн. Шаарда бир эмес, эки үйүм бар. Бирөө жиниме аябай тийгенинен катуу сабап койдум эле. Ал арызданып, ар кайсы жакка кайрылды. Акыры “мага үйүңдү бер” деди, мен көгөрүп бербей койгом. Ошол жоругум үчүн бул жакта отурам” деп кейип-кепчип айтып жатты. Билбейм, эмнегедир ал эмнени айтпасын, баарына ишене берчүмүн. Адамдарды ишендирүү боюнча ал чебер экенин кийин түшүндүм.
Чын дилинен сүйүп жаткандыгын далилдегиси келдиби, апасы, бир тууган иниси менен телефондон тааныштырып, мамилебиз аз болсо да бекемделе түштү. Ошондон баштап менин жашоом экиге бөлүндү. Бири абактагы Мирлан болсо, экинчиси эркиндиктеги кадимки жашоом. Дагы бир жолугушуу учурунда Мирлан “бири-бирибизди чындап сүйсөк, неге нике кыйдырбайбыз?” деп баш кошууну сунуштады. Таанышканыбызга болгону 10 күндүн жүзү болгон. Ошентип, 11 күн дегенде абактын бир бөлмөсүнөн экөөбүз нике кыйдырып, аял-күйөө болдук.
“Той болот, тойдун эртеси да болот” демекчи, эртеси күнү чыныгы жашоо башталды. Жумуштан жумуш алмаштырып, анын диктатурасына баш ийип калдым. Эркиндикте болгонум менен, эки күндүн биринде барып, жашоомдун көбү абакта өтө баштады.
“МЕН АЯЛЫ БОЛОМ... А СЕНЧИ?”
– Күндөрдүн биринде телефонум шыңгырап, алсам эле бир чоочун аялдын үнү угулду: “Мен Мирландын аялы болом, атым Аида. Эки балабыз бар, азыр 5 айлык боюмда бар. Мен го аялымын, а сен кимсиң?”,- деп абийиримди кетирди. Дароо эле Мирланга чалып, “эмнеге алдадың, аялыңдын каргышына калдым” десем, ал “ий, ал өзү жабышып жүргөн жесир катын, ошого да ишенесиңби, жаным?..” деп телефонун өчүрүп койду. Бир маалда кайра мага чалып, тигини конференц-байланыш аркылуу мага угуза шатыратып сөктү. Он жаш улуу аялды эмне кылмак эле, ал өзү эле жабышып алган го деп Мирланга ишендим.
Туулган күнүм келип калды. Аны да жолдошумдун жанында үч күн тостум (ал абакта “смотрящий” болчу. Абактын “базарын” тартипке салуу анын милдети экен. Камерасында конок тосуу адатка айланган көрүнүш эле). Кетер күнү Мирлан ичип алып, мени сабап салды. Ыйлаган боюнча үйгө келдим. Экөөбүз үч күн сүйлөшкөн жокпуз. Анан өзү телефон чалды. Эмнеге дебейсиздерби? Анткени кумар оюнга утулуп калган экен, “жаным, 1500 сом алып келе кал” деп жалдырады. Санаам тынчыбай, айткан акчасын таап, абакка жөнөдүм. Барсам, “мас болуп алып аялын сабаган” деп камерасына киргизбей коюшту. Эч нерсени түшүнбөстөн, ызаланып жолума түштүм. Ага ишенбей калганымды айтып, “энеңди чакырт, келсин” деп талап койдум. Энеси келип, Мирланга чогуу бардык. Кайненем кайын журт менен тааныштырып, той-топурларга келиним деп ээрчитип бара баштады.
“ЖЕТИ ЖЕРДИН ЖЕТИ КЫЗЫНА БИР ЭР”
– Материалдык жагына келгенде Мирланды мен багып, акчасын акчадай, кийимин кийимдей алып барчумун. Телефон чалган Аида аттуу аял такыр оюмдан кетпей койду. Акыры ал ким экендигин сүрүштүрө баштадым. Көрсө, ал абакты өз үйүндөй эле көргөн неме экен.
Акырындык менен Мирландын былыктары да чыга баштады. Мирлан абакка түшкөндө башка бир фамилия менен жазылыптыр. Өзү айткандай, 1980-жылкы эмес, 1982-жылкы жигит экен. Бирөөнү сабабай эле, таксистти бычак менен коркутуп 400 сом алганы үчүн соттолуп, жоопко тартылыптыр. Биринчи аялы казармандык, экинчиси көлдүк Динара, үчүнчүсү Мадина, төртүнчүсү өзүнөн 17 жаш улуу Айсалкын аттуу аял экен. Бешинчи аялы жанында бирге отурган кишинин Кундуз аттуу кызы, алтынчысы өзүнөн 10 жаш улуу нарындык жалгыз бой Аида аттуу аял экен. Жети жердин жети кызына бир эр болуп калганын карабайсыздарбы?!
“БИР ПАСПОРТ ҮЧҮН БАЛАСЫН КЕЧТИ”
– Беш айлык боюмда бар кезимде жогорку маалыматтардын баарын угуп, Мирлан экөөбүз ажырашып кеттик. Кийин тааныштарым аркылуу Мирлан өзүнөн 10 жаш улуу Гүлбарчын аттуу аялга үйлөнгөнүн уктум.
Ошентип, арадан эки ай өттү. Бир күнү үйдө отурсам эле бирөө телефон чалып: “Мен Мирландын эжесимин, мага бала керек, балаңды төрөсөң эле мага бер”,- дейт. Ашатып сөгүп, толтура нерселерди айттым. Сүрүштүрсөм, мага чалган аял Гүлбарчын болуп чыкты. Ошол учурда өзүмдү эч кимге кереги жок таштанды катары сезип, бир кочуш дары ичтим. Өмүр менен кош айтышканга деле даяр болчумун. Ойгонсом, ичим чыдатпай ооруп жатыптыр. Түнкү 11:30да курбума чалып, ал төрөт үйүнө алып барды.
Ошентип, маалына жетпей төрөп, уулдуу болдум. Мирлан чалып: “Кечирип кой, жаным, сенин жытыңды сагындым... Келип кетпейсиңби”,- деп суранды. Кандай акмак болсо да, уулумдун атасы деп бардым. Камерага кирип бара жатсам, алдыман баягы Гүлбарчын чыга калды. Экөөбүз урушуп кеттик. “Сен кимсиң?” дейт, “мен Мирландын аялымын” дегениме ишенбей, Мирланга чала баштады. Мен да ызаланып, камерага кирбестен сыртка жөнөдүм. Мирлан мага телефон чалып “жаным, ага теңелбечи, ал мага паспорт алып бермек. Паспорт колума тийсе эле...” деп алдап-соолады. Мен Гүлбарчынга чалдым да, Мирландын айтканын айткандай айтып салдым. Ошол күнү кечинде Мирлан телефон чалып, кайрадан мага талак берди. Баласынан да бир паспорт артык болду. Гүлбарчын кайненем менен таанышып, ага 5 миң сомго шакек белек кылыптыр. Эми жаңы келинин ээрчитип жүрөт имиш.
Бул баян сизди да таң калтырган чыгар, окурман. Ошондуктан каарманыбыз окуяны айтып бүткөн соң суроолорду узаттык:
– 10 күндүн ичинде абактагы адам менен никеге турупсуз. Бул кадамдан корккон жоксузбу? “Абак” деген сөздүн өзү чочутат да?..
– Балким, көпчүлүк мени түшүнбөстүр, көбү мени айыпташар. Бирок жакшы көрүп калсам кантейин? Ал эле эмес, энеси да бир туугандарына алып барып “келиним” деп жатса, кантип ишенбейсиң? Бул кадамдан корккон жокмун, анткени Мирланды адам экен дегем.
– Экөөңүздөрдүн мындан аркы мамилеңиздер кандай болот деп ойлойсуз?
– Чынын айтсам, билбейм. Канча жолу ажырашып, талак бергенден кийин деле кайра эле чалып жатпайбы. Балким, анын да сезимдери бардыр.
– Эркиндикте ошондой адамды табуу мүмкүнчүлүгү деле бар го. Эмне үчүн Мирлан?
– Кеп сезимде болуп жатат.
Мальвина Уметбекова
koom@super.kg