“Форбс” журналынын изилдөөсүнө ылайык, шоу-бизнес жаатында эң көп киреше тапкан продюсер, сценарист, режиссёр жана актёр Тайлер Перри болуп табылды. Перри жыл ичинде 130 миллион киреше тапкан. Киреше булактарын анын катышуусундагы 5 фильм жана 2 телешоусу түзгөн. Ушул эле тизменин ондугунан Стивен Спилберг, Леонардо Ди Каприо өңдүү атактууларды кезиктирүүгө болот.