Канаданын Торонто шаарындагы кинофестивалга карт бойдок Жорж Клуни жаңы сүйүктүүсү Стейси Киблер менен келди. Экөөнүн мамиле курганына аз эле убакыт болгонуна карабастан, Жорж Стейсини ата-энеси менен тааныштырганга жетишиптир. Эске салсак, июнь айынын аягында актёр сүйүктүүсү, италиялык Элизабет Каналис менен ажырашкан эле. Клунинин достору анын Стейси менен болгон мамилесин убактылуу гана деп ойлошкон. Бирок андай эмес экенин Клунинин кадамдары далилдеп тургансыйт.