Режиссёр Александр Сокуровдун "Фауст" аттуу фильми Венеция кинофестивалында негизги сыйлыкты жеңип алды. Александр Орусиянын тарыхында бул сыйлыкты алган төртүнчү режиссёр. Сокуров “Алтын арстан” статуэткасын колуна кармап, өз сөзүндө: “Бул статуэтканы колума алыш үчүн өтө узун жолду басып өтүүгө туура келди”,- деп билдирди. Ал эми “Күмүш арстан” кытайлык режиссёр Цай Шанцзюнге "Адамдар – бийик тоо, адамдар – чалкыган деңиз" деген тасмасы үчүн ыйгарылды.