Гапар Айтиев атындагы улуттук музейде 26-августтан 12-сентябрга чейин костюмер Муса Абдиевдин көргөзмөсү болуп өттү. Көргөзмөгө “Ак илбирстин тукуму”, “Сүйүү закымы”, “Биринчи мугалим”, “Саманчынын жолу”, “Чыңгызхан” жана башка фильмдер үчүн тигилген кийимдердин эскиздери коюлду. Костюмердин бул тармакта 40 жылдык тажрыйбасы болгонуна карабастан, жогорудагы болуп өткөн иш-чара Муса Абдиевдин алгачкы көргөзмөсү болуп эсептелет.