Жанры – Тарыхый драма
Режиссёру – Люк Бессон
Продюсерлери – Люк Бессон, Марк Женни, Патрис Леду
Сценарийин жазгандар – Эндрю Биркин, Люк Бессон
Башкы ролдордо – Дастин Хоффман, Фэй Дануэй, Мила Йовович, Жон Малкович, Винсент Кассель, Паскаль Греггори, Чеки Карио, Дэвид Бегг, Кристиан Бергнер, Эндрю Биркин
Оператору – Тьерри Арбогаст
Композитору – Эрик Серра
Тасманын узактыгы – 2 саат 40 мүнөт
Бюджети – 85 миллион доллар
Өлкөсү – Франция
Чыккан жылы – 1999
ТИРҮҮЛӨЙ ӨРТТӨЛГӨН КУДАЙДЫН ЭЛЧИСИ
Орто кылым. Францияда жүз жылдык согуш жүрүп жаткан убак. Өлкөнү мындай оор абалдан Кудайдын касиеттүү күчү гана сактап калмак. Жанна өзүн Кудайдын элчиси катары жарыялап, “Францияны баскынчылардан бошотуу ыйык милдетим” деп эсептейт. “Кудайдын элчиси” деген аңыз бүткүл Францияны каптап, падыша Карлга чейин жетет. 19 жаштагы Жанна падышанын кабылдамасында болуп, аскер берүүсүн суранат. Эгер анын айткандарын аткарса, падышаны жарык келечек күтөрүн айтып, Карлдын бутуна чөгөлөйт. Падыша ага ишенип аскерлерин берип, Жанна англиялыктар тарабынан басып алынган жерлерди бошотот.
Анын англиялыктарга болгон жек көрүүсү өзү төрөлгөн Домреми кыштагында эжеси Катринди баскынчылар өлтүрүп, чала өлүк болгондо зордуктап салышканын көргөндө күч алган. Бирок француз жерин кайтарып алуудагы согушта жоокерлердин өлүмү, адамдын каны суудай аккан ырайымсыздык, согуш талаасында өкүм сүргөн мыкаачылык Жаннанын тынчын алып, ал “Кудайдын алдында күнөөгө баттым” деп өзүн жерийт.
Жаннанын жеңишинен кийин падыша Карл таажысын кийип тактыга отурат. Бирок кайтарымы жок падыша өлкөсү үчүн көп эрдиктерге барган баатыр кызды сатып кетет. Англиялыктар падыша Карлга ченемсиз алтын берип, Жаннаны туткунга алышат. Ошентип, өз падышасынын кыянаттыгынын айынан жоокер кыз туткунда калат. Чиркөөнүн адилетсиз соту динге каршы келген көз карашы үчүн Жаннаны айыптуу деп табат. Епископ Кошон ага келип “бул кагазга кол койсоң күнөөлөрүң кечирилет” деп айтат. Бирок епископ аны алдап “мурунку көз карашымды танам” деген кагазга кол койдуруп алат. Эртеси аянтта 19 жаштагы Жанна д’Арк эл алдында тирүүлөй өрттөлөт.
ЖАННА д’АРКтын ТАРЫХТАГЫ ӨЧПӨС ИЗИ
Франциянын улуттук баатыры Жанна д’Арк тарыхта өчпөс из калтырган. Ал жөнүндө миңдеген берүүлөр уктурулуп, фильмдер тартылып, спектаклдер коюлса да, ал персонаж мезгилдин актуалдуу темасы бойдон калууда. Кинематография пайда болгондон баштап аталган тарыхый инсан тууралуу отузга жакын фильм тартылган. Алгачкы жолу 1898-жылы экрандаштырылып, анын эрдигин баалагандар сыналгыдан көрүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болушкан. Люк Бессондун вариантында тартылган фильм “Элчи Жанна д’Арктын тарыхы” деп аталат. Жанна д’Арктын ролун аткаруу – ар бир актрисанын кыялы.
БЕССОНДУН ИЙГИЛИКСИЗ ТАСМАСЫ
“Жанна д’Арк” Бессондун олуттуу долбоорлорунун бири болгондуктан, фильмге катуу даярданган. Бирок жыйынтыгы канааттандырарлык чыккан эмес. Сатыкта фильм ийгиликсиз болуп, киносынчылар Мила Йововичке “Жанна д’Арктын” 1928-жылы тартылган вариантын көрүп чыгууну сунушташкан. Тасма ар тараптан катуу сынга алынып жаткан учур Бессон менен Йововичтин ажырашуусуна алып келет. Эки жыл чогуу турмуш курган таланттуулар ушул жылы кол үзүшөт. Айрымдар экөөнүн эки айрым жолго түшүшүнө фильмдин ийгиликсиз болушу түрткү болгонун айтышат. Ушул себептерден улам Бессон режиссёрлуктан алты жылга тыныгуу жасаган.
КЫЗЫКТУУ МААЛЫМАТТАР
Лунара Бекиева
koom@super.kg