МАЛДЫН ЭТИ. Эт сатып алууда эмнелерге көңүл буруу керек?

ЧЕТ ӨЛКӨДӨН КАНЧА ЭТ КЕЛЕТ ЖАНА БИЗДЕН КАНЧА ЖӨНӨТҮЛӨТ?
Быйылкы жылдын 8 айында өлкөбүзгө Кытайдан 4100 тонна чочко эти, 7000 тонна тоок эти жана 810 тонна уй эти келсе, АКШдан 40 миң тонна тоок эти импорттолгон. Ошондой эле быйыл жогоруда аталган өлкөлөрдөн сырткары Индиядан да уй эти келе баштады. Бул өлкө жалпысынан 60 тонна уй этин жөнөткөн. Мындай маалыматты Мамлекеттик ветеринария департаментинин экспорт-импорт секторунун жетекчиси Көчөркул Кудакеев берди. Индиядан келген эттин баасы биздин эттерден 50-60 сомго чейин арзан сатылууда.

БИЗДИН ЭТТИ КОНТРАБАНДИСТТЕР ЭКСПОРТТОЙТ
Кыргызстандан мал этин чет өлкөгө экспорттоого “дүйнөлүк лабораториялык талаптарга жооп бербейт” деген тоскоолдуктар жаралып келет. Бирок былтыр Кыргызстандын малынын этине кызыккан Иран дүйнөлүк лабораториялык талаптарга карабай 590 тонна эт сатып алган. Ал эми быйыл өзүбүздүн базарларда эттин кымбатташына байланыштуу өкмөттүн чечими менен Иранга этти экспорттоо токтотулган. Бирок контрабандалык жол менен Казакстанга биздин эттер өткөрүлүп турары маалым.

ИМПОРТТОЛГОН ЭТТЕР ЖӨНҮНДӨ...
Кытай менен АКШдан бат чоңойтуучу каражаттар менен багылган малдын эттери келет. Гормон менен багылган торпок 1 жылдын ичинде эле чоң уйдун этин бере тургандай салмакка жетет. Мындай эт адамдын ден соолугуна зыян экени айтпаса да түшүнүктүү. Мындай малдын этин жеген адам бара-бара тукумсуздук, жүрөк-кан тамыр ооруларына чалдыгышы мүмкүн. Бирок химиялык каражаттар менен багылган малдын этинин зыяндуулугун дүйнөнүн бир дагы лабораториясы тастыктай албай келүүдө. Себеби алар малды союуга жакындаганда малга дары берүүнү токтотуп коюшат экен. Ошондой эле АКШ, Орусия жана Кытай улуу державалары мамлекеттик резервдеги тамак-аш продуктуларын сактоо мөөнөтү бүтүп баратканда бизге окшогон экономикасы чабал өлкөлөргө экспорттоп жиберери белгилүү.
Четтен келген эттин баасы арзан болгондуктан, шаарыбыздагы кафе-ресторандар алышат. Мындай эттердин биздин өзүбүздүн эттерден айырмасы – алар тоңдурулган сулп эт түрүндө болот. Бирок тез чоңойтуучу каражаттар менен багылгандыктан, даамы супсак.

ЖАҢЫ ЭТ МЕНЕН ЭСКИ ЭТТИН АЙЫРМАСЫН БИЛҮҮ

  • Жаңы эт алам десеңиз, базарга барыңыз. Ал эми дүкөндөрдөгү эттер таңгакталгандыктан, алардын көпкө сакталуусу үчүн химиялык заттар да кошулат.
  • Таза, жаңы союлган малдын этинен кызыл түстөгү маңыз чыгып турат.
  • Жаңы этти манжа менен басып көргөндө пайда болгон чуңкурча бат түзөлөт.
  • Эгер тоңдурулган эт болсо, манжа тийген жерине кызыл так түшүп калат. Ал эми кайра-кайра тоңдурулган этте кызыл так пайда болбойт жана майы ачык кызыл тартып калат.
  • Бузулуп кеткен эт, баарыбыз билгендей, жыты өтө жагымсыз жана өңү абдан кочкул кызыл болот.
ЭТТИН ТҮСҮНӨН МАЛДЫН ЖАШЫН БИЛИҢИЗ
  • Жаш малдын эти ачык кызыл түстө жана майы агыш болот.
  • Чоң малдын эти кызыл түстө болот.
  • Карыган малдын эти кочкул кызыл түстө болуп, майы саргыч тартып калат. Мындай малдын эти катуу келип, кеч бышат.

УЙ ЭТИНИН КАЙСЫ БӨЛҮГҮ СУУГА БЫШЫРУУГА ЖАНА КУУРУГАНГА ЫЛАЙЫКТУУ?

БИШКЕКТЕГИ ЭТТИН БААЛАРЫ:
Уйдун тили 1 кг – 180-200 сом, уйдун шыйрагы (1даанасы) – 25-35 сом,
жылкы эти 1 кг – 285-350 сом, топоздун эти 1 кг – 180-250 сом,
казы-карта 1 кг (бышканы) – 400-450 сом,
чучук 1 даанасы (көлөмүнө жараша бышканы) – 200-750 сом,
фарш – 275-285 сом, койдун куйругу 1 кг – 250 сом.

АШКАНА СЫРЛАРЫНАН

  • Шорпо тунук жана даамдуу болсун десеңиз, анда этти муздак сууга салып бышырыңыз.
  • Эт асканда анын үстүн толук көмгүдөй кылып суу куюңуз. Кайнаганда бууланып отуруп, эт бышкыча шорпосу аз болуп калат.
  • Этти бышырууда башында катуу бир кайнатып алуу керек. Андан кийин жай отто бышырсаңыз, эт ширелүү жана жумшак болуп бышат. Күчтүү отто кайнатылган эт катуу болуп калат.
  • Шорпого калкып чыккан чий көбүктү эт катуу кайнай электе алып салыңыз. Эгер шорпо катуу кайнап кетсе, чий көбүгү этке аралашып, эт таза болбой калат.
  • Шорпо тунук болсун үчүн бир тоголок пиязды аарчып бүтүн боюнча салып жиберсеңиз да болот.
  • Эт канчалык майлуу болсо, ошончолук тез куурулат.
  • Этти муздаткычта +5° температурада тоңдуруу туура.
  • Тоңдурулган этти эритүүдө аны ысык сууга салууга болбойт. Аны бөлмө температурасында (18-20 °С) эритүү керек.
  • Алгач кагазга, андан соң туздуу суу менен нымдалган чүпүрөккө оролгон эт көпкө сакталат.
  • Этти ачык жерде сактаганда ага лимондун ширесинен сүйкөп койсоңуз, чымындар жолобойт.

ЭТТИ ТЕЗ КУУРУУНУН ЖОЛДОРУ

  • Кууруй турган этти 1 саат мурда горчица менен сүртүп коюу керек.
  • Эттин ар кайсы жерин тешип сарымсак тыгып койсо да болот.
  • 1,5-2 саат маринадда кармоо керек (сууга уксус аралаштырып).
  • Сүткө 4-5 саат салып коюу керек.
  • Бул көрсөтмөлөрдүн бирин тандап алыңыз. Алдын ала мындай даярдыктан өткөн эт 10-15 мүнөттө бышат.

Кубаныч Сыдыков
kenesh@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (11)
mamamia
2011-09-19 10:05:40
рахмат
0
RIELTOR
2011-09-19 14:50:49
ураттуу супер инфо сиздерден сураныч? Эгер мумкунчулук болсо, ушуга окшоп суроттору мн жиликтердин аталышын койуп койсонор.Мага окшогон билбеген кыргыздарга жакшы болмок.алдын ала Рахмат!
0
Muratbei
2011-09-21 03:59:01
RIELTOR, Tuura aitasyn,men da suranam kyrgyz bolup jilikterdi bilbeim,jardamchy bolunuzdar.
0
azike
2011-09-21 15:13:04
кыргызстандын эти абдан жакшы россиядагы эттер желим эле кыргызс-н баары кунго бышкан
0
almasbek
2011-09-22 20:58:19
этти халал дукондордон алыныздар
0
Датка кыз
2011-09-23 14:23:04
Чын эле койду жиликтоону берип койгулачы.Жолдошум коп жерден билбей уят болот. Уйго алып барып илип коеюн, уйронуп алсын
0
achi
2011-09-23 17:24:38
Кыргыз эли ушунчалык арамзабыз,озубуздун жайытарыбыз мал баканы аябай ынгайлашкан этти башка жактан алып экспортойбуз. Кытайлар кыйын калк болот адырларына гуруч эгип салаышат суу чыгарып,а бизде болсо беш болбосо ан беш болуп жата беребиз, пикет качан болот экен деп коюп! Кыргыз эли ушунчалык арамзабыз,озубуздун жайытарыбыз мал баканы аябай ынгайлашкан этти башка жактан алып экспортойбуз. Кытайлар кыйын калк болот адырларына гуруч эгип салаышат суу чыгарып,а бизде болсо беш болбосо ан беш болуп
0
Kubanychbekkagan
2011-09-26 09:22:37
achi,Кытайларды мактаптырсың болушунча. Анда кытайга барып иттин этин, курт-кумурска жеп жаша да. Кыргыз кыргыз бойдон калат кылымдарды карытып.
0
Rooshan
2011-09-25 13:17:00
Аламедин-1де,уйдун эти 1кг.-370сом.,койдун эти-340,
0
anara89
2011-09-25 15:49:48
Бишкекте уйдун эти 270-290 эмеско,билбейм мен 270-290 дон алган эмесмин эн арзаны 325 сомго Супер Инфо каяктан алып жазышкан.
0
Rostov-on-Don
2011-09-25 17:12:24
Ошто эмне койдун эти Бишкектин баасынан да кымбатбы я?
0
№ 463, 16-22-сентябрь, 2011-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан