«КРИШТИАНУ АБДАН РОМАНТИК...»

Бул саам спортчулардын сүйүү жаатындагы жетишкендиктерин байкап көрдүк. Изилдөө маалында футболчу Криштиану Роналдунун көпчүлүк суктанган таттуу түгөйлөр Дэвид жана Виктория Бекхэмдерди артта калтыруу алдында тургандыгы байкалды. Эмесе, ушул жана башка спортчулардын сулуулары назарыңыздарда.

Табышмактуу жылмаюсу менен
Роналдуну арбап алган Ирина Шейк.

КРИШТИАНУ ТАТАР КЫЗГА БАГЫНЫП…
Ашкан кыз жандуу футбол жылдызы Криштиану Роналдунун жүрөгүн багынтуунун жаңы формуласы татар кызы Ирина Шейкке таандык. Жаштар 2010-жылы “Armani” компаниясынын жарнамалык түрмөгүнө тартылууда таанышып, окуянын өнүгүшүнө ошондогу Криштианунун башкадан уулдуу болушу тоскоол боло алган эмес. “Ирина – катынпоз футболчунун кезектеги курмандыгы. Мамиле көпкө узабайт” деген кептер да тастыкталбады. Мамиленин арты менен анча белгилүү болбогон Ирина аброй күтүп, атактуу болуп чыга келди.
“Шейк кош бойлуу” деген маалыматтар тастыктала элек, ал эми алар окшош шакек тагынып калышкандарына караганда мамиле тойго жеткидей түрү бар. Жакында эле футболчу мамиленин бир жылдыгына карап сүйүктүүсү менен кичи мекени – Мадейра аралында эс алып, Иринаны болочок кайын журту менен тааныштырды. “Роналду абдан романтик. Түрдүү белектерди берип, эрдиктерди жасап сүйүүсүн билдирип турат. Махабат күнүндө мага айтпастан, жандуу сюрприз болуп Нью-Йоркко учуп келип кубанткан”,- дейт Ирина.
Ирина Шейк – популярдуу модель, 25 жашта. Орусиянын Челябинск облусунда туулган. Бир катар ири компаниялардын жүзү.

МЕССИНИН ИЙГИЛИГИНИН СЫРЫ ДИЕТАДАБЫ ЖЕ ДИЕТОЛОГДОБУ?
Учурдун №1-футболчусу Лео Месси сүйүү жаатында мактана албайт. Ал сүйүктүүсү Антонелла Рокуццо менен 5 жашынан тааныш. Алар сүйүү баянын 2008-жылы башташкан.
Месси “сүйгөнүм менен бактылуумун” дегени менен, алардын ортосун айрым учурда аралай калган кара мышык элдин “мамиле тойго жетпейт” деген түкшүмөлүн да жаратат. Диетолог багыты боюнча билим алган Антонелла учурда Аргентинада фитнес-клубдардын биринде кесиби боюнча эмгектенет. “Сакадай бою сары алтын Мессинин ийгилигинин сыры эмнеде?” деп баш катыргандар көп. Майданда жеңиштерге жетишүү үчүн тылың мыкты болуш керек. Андыктан Жаңы Марадонанын сүйүктүү диетологунун жеңиш диетасы бар го деген ой жаралбай койбойт.
Антонелла Рокуццо 23 жашта. Аргентинанын Росарио шаарында жашайт.

ДЕ ХЕА АТААНДАШЫП ЫРЧЫ КЫЗДЫ «ЧААП» АЛГАНБЫ?
Давид Де Хеа – “Манчестер Юнайтед” футболдук клубунун экс-дарбазачысы Эдвин Ван дер Сардын ордуна келген жаш талант. Табиятынан блондин Давид Испания курама командасынын башкы дарбазачысынын орду үчүн Икер Касильяс менен атаандашат дешет.
Атаандаштык сүйүү талаасында да бар. Касильяс популярдуу журналист менен сүйүшсө, Давид кем калбай белгилүү ырчы Эдурне Гарсияны «чаап» алган дешет. Чынында, ал түгөйү менен көптөн бери мамилеси бар экенин, сүйүү жаатында Икерге атаандашпай турганын айтат. Жайында ал сүйгөнү менен Парижде романтикалуу эс алып келди. Спортчу менен ырчынын мамилеси экөөнүн ортосундагы 5 жаш айырмачылыгына карабайт!
Эдурне Гарсия 25 жашта. Белгилүү ырчы.

ЖОКОВИЧ ҮЙЛӨНҮҮНҮ КЫЯЛДАНЫП ЖҮРӨТ
Жакында АКШнын ачык биринчилигин утуп алган учурдун 1-ракеткасы Новак Жокович мекендеши Елена Ристич менен тар чөйрөдө таанышып, 2006-жылдан бери ысык мамиледе. Экөөнүн бактылуу жашоосуна теннисчинин мелдеш деп жер кезип кетиши тоскоол болгон жок. Новак болсо “Федерер үйлөнгөн соң чоң жеңиштерге жетише баштаган. Мен да үйлөнүп, ошондой ийгиликтерге жетишсем...” деп кыялданат.
Елена 25 жашта. Мунай чыгаруучу компаниясында кадрлар бөлүмүндө иш алпарат.

ПАТО ШЕФИНИН КЫЗЫН ИЛГЕН ЭКЕН
Бразилиялык Алешандре Пато – Италиянын премьер-министри, “Милан” футболдук клубунун кожоюну Сильвио Берлусконинин кызы Барбаранын жаздагы олжосу. Алардын сүйүүсүн алгач ресторандардын биринде өбүшүп отурган абалда “кылтакка илген” фотограф маалымдаган. Мамиле 21 жаштагы футболчуну 9 айлык никеси менен, ал эми 26 жаштагы Барбараны 10 жыл жашаган күйөөсү менен ажыраштырган. “Биздин сүйүү чоңдун кызы менен таланттуу футболчунун эмес, чындап бири-бирине ашык болгон жаштардын сүйүүсү”,- дейт Барбара.
Барбара 27 жашта. “Миландын” Директорлор кеңешинин мүчөсү. Биринчи никесинен 2 кызы бар.

БАТТОНДУН СУЛУУСУ КҮН ЧЫГЫШ ӨЛКӨСҮНӨН
Жогорку ылдамдыкты сүйүүчүлөрдүн чөйрөсү болгон Формула-1 сүйүүнү да жогорку чекте сактай билет. Дүйнөнүн ондогон өлкөлөрүн кыдырып жарышка түшүп жүргөн Женсон Баттон сүйүктүүсүн күн нуру алгач тийген өлкөдөн тапкан. 2009-жылы бир жарышта фоторепортёрлордун көңүлүн имерген япониялык модель Жессика Селеста Мичибатаны жеңүүчү аталган Женсон Баттон бактылуу тумары катары караган. Таанышууда алардын жылдызы келишип, сүйүүгө айланган. «Жыл ичинде Баттон катышкан мелдештер анын сүйүктүүсүсүз өткөн жок» деген маалымат бар.
Жессика Селеста Мичибата 26 жашта. Модель.

БАЙМАТОВДУН ОЮ ВИЗАЖИСТТЕ
Дүйнөлүк спорттун таттуу түгөйлөрүн карап отуруп, “кыргыз спортунда эмнеге болбосун?” деп ойлодук. Мындай суроого “Супер-Инфонун” тандоосу боюнча “2009-жылдын мыкты спортчусу”, футбол боюнча Кыргызстан улуттук курама командасынын капитаны Азамат Байматов жооп болуп бере алды.
Сүрөт футболчу менен жан биргеси Алтынайдын жакындагы көлдөгү эс алуу маалынан бир үзүм. “Алтынай бишкектик болот. Жакындар менен “Манас” университетинин алдында жүргөндө таанышканбыз. Чогуу эс алууга да убакыт бөлдүк. Тойго жетебизби, жокпу, убакыттын иши”,- дейт “дордойчу”.
Алтынай 18 жашта. Борбордогу сулуулук салондорунун биринде визажист болуп иштейт.

Эркектин жашоосунда спорт, авто, алкоголь жана кыздар болуш керек.
(Пеле)

Мыкты футболчу оюн талаасында бир эле мезгилде топту, 10 өнөктөшүн, 11 атаандашын жана стадиондун 7-катарындагы блондинканы көрүүгө тийиш.
(Белгисиз автор)

Футбол секске окшош. 90 мүнөт чыдасаң, жеңиш сеники болот.
(Эрик Кантона)

Максат Кудайбердиев
sport@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (7)
kyrqyz
2011-09-19 15:06:39
эн жарашыктуу пара озубуздун кыргыздар экен
0
aminali
2011-09-19 16:03:59
kyrgyz tuura aitasin.
0
sayankg91
2011-09-19 19:59:36
мунозун,орго кошулам
0
Nura
2011-09-20 09:26:24
мага Лео Месси да абдан жагат!!!..
0
azumi
2011-09-20 21:54:25
мага роналду жагат))келбети эмес футбол ойногону
0
Luntik
2011-09-22 14:08:51
Роналдо,Роналдинье,Рибери,Руни фореве!!!!орустардан Аршавин бизден...ким бар эле?
0
Aidarskiy
2011-09-24 17:28:36
Алешшандро Пато молодец!!! Милан фореве!!!
0
№ 463, 16-22-сентябрь, 2011-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан